БИШКЕК. Жекшемби күнү Кыргызстан Элдик Конгрессинин координациялык кеңешинин жыйыны болду. Ага координациялык кеңештин мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Мелис Эшимканов жана Эмил Алиев катышышты. Жыйында Кыргызстан Элдик Конгрессинин кезектеги курултайын февраль айынын башында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Ата-Мекен» партиясынын лидери, Конгресстин координациялык кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев маалымдады. Курултайда өлкөдөгү кырдаал талкууга алынат жана ага жумуруяттагы башка саясий партиялардын өкүлдөрү чакырылат. Текебаевдин айтымында Конгресс жыйынында Үчүнчү Элдик Курултайга делегаттар да шайланат.