Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ ЖАҢЫ ТЕРРОР АРАКЕТИ.


Нарын АЙЫП, Прага 27-декабрда чак түштө Грозный шаарындагы өкмөт үйүнө жардыруучу зат жүктөлгөн эки машине келип урунганда, элүүдөн ашуун адам курман болду. Экинчи Чечен согушу учурунда бул - ишке ашкан эң ири террор аракети. Ушул эле күндөрү Францияда да тогуз адам кармалды жана алар Орусиянын Париждеги элчилигин жардырууну көздөгөн деп айтылууда.

Чеченстанда жардыруу болгон күнү президент Аслан Масхадовдун чет өлкөлөрдөгү өкүлү Ахмед Закаев Лондондон атайын билдирүү жасап, ал террор аракетине чечен өкмөтүнүн эч тийешеси жок деп жарыялады. Закаевдин айтымында, бирок, чечен элине каршы ырайымсыз согушту Маскөө канчалык улантса, мындай кырсык окуялар ошончолук убакытка улана бермекчи жана Чеченстандагы бардык аламат үчүн Орус өкмөтү жооптуу. Согушту жана террорду токтотуу үчүн бир гана жол бар, - дейт Закаев, - ан үчүн саясий сүйлөшүү башташ керек. Октябр айында чечендер Маскөөдөгү театрды барымтага алганда дагы Закаев чечен өкмөтүнүн ага тийешеси жок деп чыккан жана кийин ал барымта үчүн жоопкерчиликти өзүнө Шамил Басаев алганда, президент Масхадов аны менен болгон байланышын үзүп салган.

Орус жетекчилери, бирок, бардык жоопкерчиликти Масхадовдун өкмөтүнө жүктөп, аны менен эч кандай сүйлөшүү болбойт деп билдирүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо, февралга белгиленген референдумду да өз убагында өткөрүүгө камданууда. Бирок 27-декабрда орун алган террор аракетин кайтаруучулардын шалаакылыгысыз ишке ашыруу мүмкүн эмес болчу, анткени Грозный шаарындагы өкмөттүк үй - Чеченстандагы эң жакшы кайтарылган имарат, ага жетиш үчүн ар бир адам же машине үч текшерүүдөн өтөт.

Имаратка жанкечтилер айдаган "КамАЗ" жана "УАЗ" үлгүсүндөгү эки машине келип урунган, аларга жүктөлгөн жардыруучу заттын күчү жарым тонна тротилдин кубатына жеткен. Натыйжада имараттын бир канаты толук урап, кеминде 55 адам курман болуп, жүздөн ашык киши жарат алды. Жарадар болгондордун арасында Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рудник Дудаев жана вице-премьер-министр Зина Батышева бар, ал эми Чеченстан администрация башчысы Ахмад Кадыров менен премьер-министр Михаил Бабич ал учурда имаратта болгон эмес. Жалпысынан алганда, имаратта күнүгө 150-дөн 200-гө чейин адам иштейт.

Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хьюман райтс вотч" уюму Грозныйдагы террор аракетин дароо сынга алды. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча деректири Элизабет Андерсендин айтымында, жардыруудан курман болгондордун көпчүлүгү карапайым адамдар жана алардын өлтүрүлүшүн эч кандай максат менен актап болбойт.

Франциянын Ички иштер министрлигинин айтымында болсо, өткөн аптада Парижде тогуз шектүү адам камакка алынды жана алар орус элчилиги менен Орусияга таандык Франциядагы башка да имараттарды жардырууга даярдык көрүп жүргөн. Кармалгандардын үчөө Грузиянын Панкиси капчыгайындагы аскерий базада мурда машыккан деп айтылууда, алардын чечен козголоңчулары жана "Аль Каида" террордук уюму менен байланышы болгон.

Бул акыркы окуялар - чечен маселеси боюнча саясий сүйлөшүү башталмайынча, согуш дагы көпкө уланаарын жана ал согуш ушундай террор аракеттери менен дагы коштолоорун көрсөтөт. Маскөө дагы согушту ырайымсыз жүргүзүп, маселени ого бетер курчутууда. Чеченстанда өкмөт бар болгону менен, чындыгында өлкөдөгү кожоюн - орус аскерлери.

Экинчи согуш 1999-жылдын 1-октябрында башталаары менен, орустар чечен жоокерлерине гана эмес, карапайым элге да каршы аракеттенүүгө киришкен. Ошол эле 1999-жылдын 29-октябрында кошуна Ингушетияга качып бараткан карапайым элди орус учактары бомбалап, кеминде 50 адамды өлтүргөн. 2000-жылдын 23-февралында орус аскерлери Грозный шаарында 60 карапайым адамды кармап кырып салган. 2001-жылдын 30-декабрынан 2002-жылдын 1-январына чейин уланган кыргында Грозныйда 200 адам өлтүрүлгөн.

Мындай кыргынга чечендер террор аракеттери менен жооп берүүдө. Үстүбүздөгү жылдагы эле андай аракеттерди атасак, январдын 27-синде орусиялык тик учма атып түшүрүлүп, анын ичиндеги ички иштер министринин орун басары Михаил Рудченко менен дагы 13 башка адам курман болгон. 18-августта болсо, ичинде 123 адамы бар дагы бир орусиялык тик учма атып түшүрүлгөн. Эч ким аман калган эмес. Октябрдын онунда Грозный шаарынын милиция түйүнүндө жардыруу болуп, андан 23 киши набыт болгон. 23-октябрда болсо, чечендер Маскөөдөгү театрды барымтага алган, бирок орус аскерлери аны үч күндөн кийин бошоткондо, 41 барымтачы менен кошо алар дагы 129 карапайым адамды өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG