Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

АДАМДЫ КЛОНДОШТУРУУ МАСЕЛЕСИ.


Нарын АЙЫП, Прага 27-декабр күнү Америка Кошмо Штаттарында клондоштуруу жолу менен биринчи ымыркай төрөлгөндүгү тууралуу жарыяланды, бирок дүйнө окумуштуулары ага азырынча ишенбейт, анткени төрөлгөн кыз эч кимге көрсөтүлө элек жана анын клон экендиги тууралуу далилдер жок. Анткен менен, январ айында чындап эле адамдын биринчи клону төрөлүүгө тийиш.

Чуулгандуу жарыяны АКШнын Флорида штатында "Клонэйд" аттуу компаниянын президенти Брижит Буаселье айым жасады: "Дүйнөдөгү биринчи клон-бала төрөлгөндүгү жөнүндө жарыялоого мен абдан, абдан кубанычтамын!"

Бирок Буаселье айым өзүнүн жарыясына далил келтирген жок, төрөлгөн кыздын өзүн тургай, анын сүрөтүн да көрсөткөн жок, тек гана он күндүн ичинде далилдер коомчулукка берилерин билдирди. Анын айтымында, биринчи клон-кыз 26-декабрда төрөлгөн, анын аты Ева жана ал - 31 жаштагы америкалык аялдын клону.

"Клонэйд" компаниясы адамды клондоштуруу максатында 1997-жылы түзүлгөн. Аны өзүн Раэл деп атаган франциялык жаран Клод Ворильон аттуу адам негиздеген, бирок 2000-жылы компанияны Буаселье айымга өткөрүп берген. Раэлдин айтымында, ал башка планеталардан келгендер менен 1973-жылы жолуккандан кийин, Раэлин сектасын түзгөн. Келгиндер ага Жер планетасындагы өмүрдү алар мындан 25 миң жыл мурда клондоштуруу аркылуу жаратканын айткан жана Раэл андан соң адамды клондоштуруу керек деген ойго келип, ушул багытта иштей баштаган. Буаселье айым да мурда Францияда иштеген, бирок анын Раэлин сектасы менен байланышы бар болгону аныкталганда, кызматын жоготкон жана Америка Кошмо Штаттарына көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Раэлин сектасынын ордосу азыр Канада мамлекетинде, жакында болсо, америкалык юрист Марк Хант аларга жарым миллион доллар берип, өзүнүн 1999-жылы каза болгон уулун клондоштуруу аркылуу тирилтүүнү суранган. Дал ошол мезгилден тартып секта жана илимий компания адамды клондоо багытында жигердүү иштей баштаган.

АКШнын өкмөтү азыр "Клонэйд" компаниясы америкалык мыйзамдарды бузган-бузбаганын иликтөөдө. Президент Джордж Буш 27-декабрда Конгресске кайрылып, адамды клондоштурууга тыюу салган мыйзам кабыл алууну суранды. Франциянын президенти Жак Ширак дагы ошондой сураныч менен бардык дүйнө мамлекеттерине кайрылды.

Окумуштуулардын айтымында болсо, мурда өтө деле белгисиз болгон "Клонэйд" компаниясы кыска убакытта адамдын клонун жаратууга жетишкендиги күмөндүү. Экинчи жагынан, жаныбарлардын акыркы мезгилде пайда болгон клондорунун абалы азыр татаал жана алар ар башка ооруга бат чалдыгат. Ошондуктан, адамды клондоштуруу өтө опурталдуу нерсе жана клон-балдардын ата-энелери эбегейсиз трагедияга да кептелиши мүмкүн.

Клондоо технологиясында адамдын түйүлдүгү аялдын урук уячасынын өзөгү алып салынып, ал башка уячанын өзөгү менен алмаштырылганда, же башка да жолдор менен пайда болот. Бирок ал түйүлдүк кадимкидей эле тогуз ай аялдын боюнда жетилүүгө тийиш.

Жаныбардын биринчи клону - Долли аттуу козу - Шотландиянын Рослин институтунда 1997-жылдын 24-февралында төрөлгөн. Окумуштуулардын айтымында, бирок, Долли азыр өтө ылдам карып баратат жана бир топ башка да дартка чалдыккан. 1999-жылдын май айында Рослин институтун америкалык Джерон корпорациясы сатып алган.

Өткөн беш жыл ичинде Жапанияда чычкандын бир нече клону жаратылган, бирок алардын баары дароо ар башка илдетке чалдыгып, ылдам эле өлүп калган. Анткен менен, үстүбүздөгү жылдын феврал айында АКШнын Техас университетинде мышыктын клону жасалды. Адамды клондоштурууну болсо белгилүү италиялык окумуштуу Северино Антинори баштаганы белгилүү, анын айтымында, биринчи клон-бала келерки жылдын январ айында төрөлүүгө тийиш.
XS
SM
MD
LG