Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Түркияда башкаруучу партиянын лидери Режеп Эрдоган эми премьер-министр боло алат.


Өлкө президенти Ахмед Неджет Сезер бүгүн өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзамды жактырды. Ага ылайык эми Түркиянын башкаруучу «Адилетүүлүк жана Өнүгүү» партиясынын лидери Режеп Тайып Эрдогандын премьер-министрлик кызматка келишине жол ачылат. Басымдуу бөлүгү Эрдогандын «Адилеттүүлүк жана Өнүгүү» партиясынан шайланган депутаттардан турган түрк парламенти кабыл алган конституциялык түзөтүүлөргө, президент Сезер «жеке адамдын кызыкчылыгына багытталган» деп, декабрь айынын ортосунда вето койгон. Бирок, түрк парламенти өткөн аптада президенттин ветосун кабыл албай, мыйзамды кайрадан колдоду. Ушундан соң Конституция боюнча президент мыйзамды жактырышы же жалпы элдик референдумга алып чыгышы керек эле.
«Адилеттүүлүк жана Өнүгүү» партиясынын лидери Режеп Тайып Эрдоган 1999-жылы «диний араздашууну козутту» деген айып менен сот жообуна тартылган. Эми ал кошумча шайлого катышкан соң, партиялашы Абдулла Гүлдү премьер-министрлик кызматта алмаштыра алат.

XS
SM
MD
LG