Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

ДҮЙНӨ 2003-ЖЫЛГА ЭСКИ ТҮЙШҮКТӨРҮ МЕНЕН КОШО КАДАМ ТАШТАДЫ.


Дүйнө коомчулугу Жылкы Жылын узатып, 2003-жылды – Кой Жылын шаан-шөкөт менен тосуп алды. Жаңы жылды көчөдө тоскон калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жүз миңдеген тартип сактоо кызматкерлери уйку көрбөй иштешти. Дүйнө калкынын жаңы жылдагы башкы тилеги – бейпилдик болууда.

Айрым замандаштарыбыз жаңы жылдын алгачкы таңын тосуу үчүн сааттын коңгуроосун пайдаланганында шек жок. Бирок миллиондогон кишилер жаңы жылдын алгачкы мүнөттөрүн көчөдө сайран куруп же үйдөгү үлпөттөрдө тосуп алышты. Айрым мамлекет башчылары өз мекендештерин алдын-ала куттуктаса, кээлери саат түнкү он экиге аз калганда сыналгы аркылуу жалпы улутка кайрылышты. Маселен, АКШ президенти Жорж Уокер Буш алдын-ала жарыяланган куттук сөзүндө Кошмо Штаттардын коопсуздугун чыңдоо, террорчулукка каршы согушта жеңип чыгуу үчүн, ошондой эле америкалыктардын бакыбаттыгын камсыз кылуу үчүн өз өкмөтү бар аракетин улантаарын айтты. Канцлер Герхард Шрөдер болсо Ирак согушу маселесинде Буш менен элдешкендей маанайда сүйлөп, Германиянын тарыхый сабагы айрым учурда диктаторду күч менен кулатуу керектигин эскертээрин айтты.

Орус президенти Владимир Путин өткөндү унуткарбай туруп, болочокко көз жүгүртүү керектигин белгилеп, бардык мекендештерин үй-бүлөгө жана башка жакын кишилерге мээримдүү мамиле кылууга чакырды. Путиндин сөзү, жаңы жылдын алгачкы көз ирмемдери башталганын жар салган Кремл коңгуроосунун доошу менен коштолду. Орус президенти өз сөзүндө эч белгилебесе да, өткөн аптанын жума күнү Чеченстандагы расмий кеңсенин жардырылышынан улам 83 кишинин набыт болушу, өлкөдө коопсуздук маселеси жана чечен жикчилери менен саясий баарлашуунун зарылдыгы сыяктуу көйгөйлөр да жаңы жылдын ирегесинен өтүп келгенин эске салган окуя болду.

Ал эми Кыргызстанда президент Аскар Акаев бир нече мүнөттүк куттуктоо сөзүндө калкты ынтымакка чакырды. Кыргызстан өкмөтү быйыл да чечүүгө аракет кыла турган маселелерге Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү кирээри бышык. Конституциялык реформа жүргүзүү аркылуу өлкөнүн демократиялык багытын чыңдоо жаатына да өлкө калкы ынтызар.

Ал эми дүйнөнүн башка аймактарына келсек, анын шыктандырчу да, санааркатчу да жагдайлары арбын. Кошмо Штаттарда Ирак режимине каршы согуш ачууга ынтызар күчтөр бул үчүн камылгаларын ар тараптуу улантууда. Бул согуш Ортоңку Чыгыштагы кырдаалды ого бетер татаалдатышы мүмкүн дегендер да, тескерисинче, Садам Хусейндин режиминин кулашы Израил менен бир катар араб өлкөлөрүнүн жана Палестинанын кырды-бычак абалын жакшыртууга алып келет деп ойлогондор да арбын.

Көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө 1-январды жаңы жылды тосуу үчүн расмий майрам күнү катары жарыялашкан эмес. Бирок мусулман коомчулугунун миллиондогон өкүлдөрү да дүйнө элдеринин басымдуу бөлүгүнө кошулуп, жаңы жылды үй-бүлөлүк дасторкон четинде майрамдашты. Кытай президенти Цзян Цземин болсо, жаңы жылда өз өлкөсү дүйнө жамааты менен экономикалык тыгыз алаканы андан ары өрчүтүүгө куштар экенин баса белгиледи.

Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды өнүктүрүү программасы тууралуу, жана ошондой эле кишини клондоо жолу аркылуу көбөйтүүгө ынтызар топтордун биринин клондоо жолу менен алгачкы наристе төрөлгөнү жөнүндөгү башка булактар ырастабаган чуулгандуу кабары сыяктуу окуялар - дүйнө коомчулугун 2003-жылы да кабатырлантчу жагдайлардан. Айтор, жаңы жыл өз өкүмүн жүргүзө баштады. Эми, замандаштарыбыздын тилегин кайталап айтсак, кой жылы момун, бейпил, ырыс-кешиктүү жыл болуп берсе экен.

XS
SM
MD
LG