Кытайдын азыркы космос программасы 1992-жылы түзүлгөн жана анын авторлорунун планы боюнча, биринчи кытай жараны космоско 2005-жылы учуп чыкмак. Ага ылайыкташтырылган "Шенжоу" космос кемелеринин биринчиси 1999-жылдын ноябрында учурулган жана өткөн жылдын 30-декабрында учурулган "Шенжоу-4" кемеси эми адамсыз учкан акыркы кеме болмокчу.
Учурууну көрүү үчүн Гансу провинциясындагы Цзицюань космодромуна өлкөнүн үчүнчү жетекчиси, парламент спикери Ли Пен келди жана космос программасынын аткарылышы аны канааттандырды. "Шенжоу-4" кемеси жерге бешинчи январда кайтып келет, буга чейин Кытайдан учурулган бир да кеме космосто мынчалык узак - жети күн бою - калган эмес. Шанхай шаарында жайгашкан космос борборунун деректири Юан Дзинин айтымында, "Шенжоу-4" эч кандай кырсыкка кабылбаса, келерки уча турган кемеге адам отурат. Батыш эксперттери болсо, Кытай биринчи эле учурганда космоско эки-үч адамды жибериши мүмкүн деп болжолдоодо, анткени "Шенжоу" кемелери Орусиянын "Союз" кемелерин туурап курулган, "Союзда" болсо, үч космонавт үчүн орун болгон.
Мындан бир нече жыл мурда Кытай Орусияга өзүнүн эки аскерий учкучун жиберип, аларды Маскөө алдындагы космонавттар борборунда машыктырган. Мекенине кайтып келгенден кийин, космоско уча элек ал эки космонавт эми атайын түзүлгөн космонавттар тобун машыктырат. Шанхай космос борборунун кызматкери Су Шуангиңдин айтымында, ал топко азыр 14 адам мүчө жана алар миңдеген аскерий учкучтардын арасынан кылдат тандалган.
Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министирлиги - Пентагон - өткөн жылдын июл айында эле Кытай эмдиги жылы космоско адам учурат жана анын космос кемеси жерге кайтып келе турган кеме да болушу мүмкүн деп билдирген. Кытайдын өкмөттүк гезиттеринин жазышынча болсо, Бээжиндин алыскы максаты - Айдын бетинде атайын космос борборун түзүп, Айда табылган минералдарды изилдеп, аларды өндүрүштө пайдалануу.
Анткен менен Кытайдын космос программасы жалпысынан купуя сакталууда, мисал үчүн, кезектеги космостук учуруулар мөөнөтү эч качан алдын ала айтылбайт жана космос программасына канча каражат сарпталып жатканы да жарыяланбайт.
Ошентип, 2003-жылы Кытай - космоско өз күчү менен адам учурган үчүнчү дөөлөткө айланат, буга чейин андай ийгиликке Орусия менен АКШ гана жеткен. Жер орбитасына биринчи спутник 1957-жылдын 4-октябрында СССРден учурулган. Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги ага көп деле көңүл бурган эмес, бирок 1961-жылдын 12-апрелинде космоско биринчи космонавт, СССР жараны Юрий Гагарин учканда, АКШнын ал кездеги президенти Джон Кеннеди америкалык илимпоздорду чогултуп алып, аларга айга биринчи конгон адам АКШ жараны болууга тийиш деген тапшырма берген. Жана сегиз жылдан кийин, 1969-жылдын 21-июлунда Айдын бетин америкалык астронавттар Нейл Армстронг менен Эдвин Олдрин биринчи баскан.
Кийин АКШ космостон жерге кайтып келе турган чөлмөктөрдү курууга киришти, 1966-жылы атактуу конструктор Сергей Королев каза болгондон кийин бир топ мүчүлүштүктөргө кабылган СССР жана анын мураскору Орусия болсо, космостук станцияларды куруу менен алаксыды. Жалпысынан алганда, космос изилдөө иштери каражаттын тартыштыгынан гана чектелет жана Кытай космос программасындагы ийгиликтер - өлкөнүн экономикалык кудуреттүүлүгүнүн өсүп-өркүндөгөнүнүн кыйыр белгиси.