Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

СЕРБИЯ: ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИ ГААГА КҮТӨТ.


Сербиянын экс-президенти Милан Милутинович жакынкы аралыкта Гаагадагы эл аралык трибуналга кармалып берилиши мүмкүн. Жаңы жылдын алдында Белград соту серб өкмөтүнө атайын кат жолдоп, мыйзамга ылайык экс-президенттин маселесин чечүүнү талап кылды. Сербиянын тышкы иштер министрлиги билдирген маалыматтар боюнча,экс-президенттин маселеси өлкөнүн коопсуздук кеңешинде эмдиги аптанын акырында каралышы ыктымал.

Милан Милутинович президенттик мандатын быйыл 5-январда тапшырмак болгон эле. Бирок жаңы жылга үч күн калганда Сербиянын борбордук шайлоо комиссиясы Милутиновичтин бийлиги 29-декабрда бүттү деп жарыялады. Шайлоокомдун чечиминде мындан беш жыл илгери -1997-жылы дал ушул күнү Милутинович ант берип,президенттик кызматка киришкени белгиленди. Бул чечимге ылайык, Милутинович ошол эле күнү өзүнүн отставкасын жарыялады. Натыйжада Сербия азыр иш жүзүндө президентсиз калды. Жаңы мамлекет башчысы алиге чейин шайлана элек, өткөн айлардагы эки шайлоо тең жараксыз болуп калды. Эки ирет тең добуш бергендердин саны, мыйзамда талап кылынгандай, жалпы шайлоочулардын элүү процентине жеткен жок. Шайлоонун үчүнчү айлампасы 8-февралга белгиленген,бирок ага калк активдүү катышарына эч ким ишене албайт.

Милутиновичти отставкага кеткенге мажбур кылган шайлоокомдун чечимине, Белграддагы байкоочулар белгилеп жатышкандай, Гаагадагы трибуналдын башкы прокурору Карла дель Понтенин кезектеги талабы таасир тийгизгендей болду. 19-декабрда Понте айым югослав бийликтерин трибунал менен активдүү кызматташпай жатканы үчүн кайрадан сынга алып, согуш кылмышкери деп жарыялангандардын арасында серб президенти Милутиновичти 5-январда мандат мөөнөтү бүткөндө Гаагага өткөрүп бергенге болот деп эскерткен эле. Трибунал аны 1989-1999=жылдардын аралыгында Косоводогу жергиликтүү албандарга каршы өткөрүлгөн репрессиялар үчүн күнөөлүү деп эсептейт. Милутинович Югославиянын экс-президенти Слободан Милошевичтин партиялаш эң жакын санаалашы саналат. 1997-жылы Милошевич федералдык мамлекеттин башчылыгына шайланганда өзүнүн ордуна - Сербиянын президенттигине Милутиновичти сунуш кылып,парламенттин колдоосун алганга жетишкен эле. Милошевич 2000-жылы Гаагага кармалып кеткен соң анын жакын-жуук саясий жураатташтарынан бийликте калганы жалгыз ушу Милутинович эле. Эми аны да алдыда трибуналдын абагы күтүп турган шекилди. Сербиянын юстиция министри Владан Батич трибунал менен кызматташуу жөнүндөгү мыйзамга ишаара кылып,Милутинович кол тийгис иммунитетинен ажыраган соң Гаагага же өзү барып сурак берүүгө тийиш, болбосо Белград соту бул маселе боюнча иш козгошу керек деп билдирди. Бирок кандай болгондо да бул иш үчүн,Батичтин сөзү боюнча, серб өкмөтү жоопкерчиликти өзүнө алалбайт. Милутиновичтин маселеси,Батичтин айтымында,федералдык өкмөттүн амирине караган иш. Бирок министрдин жардамчысы Небоша Шаркич: 010219 Республикалык өкмөттүн чечимин күтүп жатабыз, конституциялык талаптарга жана мыйзам эрежелерине жараша иш оң жагына чечилет деп ойлойбуз. Кокус проблема пайда болсо,прокурорлор менен кеңешип, Милутинович же өз эрки менен трибуналдын колуна түшүп беришин, а болбосо аны кармап берүүнүн мөөнөтүн аныктаганга аракет кылабыз, деп билдирди.

Милутиновичтин жардамчылары болсо ал өз эрки менен Гаагага барбайт деп ырасташат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, Косоводогу иштерден караманча кабары жоктугун айткан эле. Милутиновичтин маселесине байланыштуу Югославиянын азыркы президенти Воислав Коштуница эл аралык трибунал менен кызматташуу боюнча улуттук кеңеш атайын масилет өткөрө тургандыгын ырастады. Ошол эле учурда ал Гаагадагы трибунал менен Белграддын ортосунда проблема пайда болгондугун да белгилеп,трибуналды мурдагы Югославия жергесиндеги иштерди териштирүүдө федерацияга кирген мурдагы республикаларга ала-кула мамиле жасайт деп айыптады.

XS
SM
MD
LG