2-январда президент Джордж Буш Техас штатынан атайын билдирүү жасап, Ирак диктатору Саддам Хусейнди жазалоо мөөнөтү жакындап келатканы тууралуу жарыялады: "Он бир жыл бою дүйнө президент Саддам Хусейн менен алпурушуп келген, бирок эми гана ал жаза тартуу мөөнөтү жакындаганын жана ал куралсызданууга тийиш экенин түшүнө баштаган сыяктуу. Ал чын эле ошону түшүнүүдө деп мен үмүттөнөм".
Анткен менен, Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы аскерий сокку урууга даярданууда жана Ирак жетекчилери ан үчүн АКШны катуу сынга алып жатат. Өлкөнүн вице-премьер-министри Тарик Азиздин айтымында, биринчиден, АКШ Бириккен Улуттардын корутунду чечимин күтпөстөн эле согуш даярдыктарын көрүүдө. Экинчиден, АКШнын түпкү максаты - Ирактын мунай байлыктарына ээ болуп, кийин бүткүл дүйнөгө да ээлик кылып, өзүнүн империалисттик саясатын улантуу.
2-январ күнү америкалык жана улуу британиялык учактар Ирактын Басра жана Насирия шаарларынын үстүнөн жарым миллионго жакын баракча таштады. Ал баракчаларда -Ирактагы чыныгы абалды түшүнүү үчүн араб тилиндеги америкалык радио берүүлөрдү угуу керектиги жана ал уктуруулар обого чыккан толкундар жазылган.
Перс булуңуна жакын аймактарда азыр 65 миңге жакын америкалык аскер бар, алар негизинен Катар, Кувейт, Сауд Арабия жана Түркияда жайгашкан. АКШ коргоо министрлигинин айтымында, келерки апталарда аймакка кеминде дагы 25 миң аскер жиберилет. Алардын катарына Алманиянын аймагында жайгашкан эки америкалык дивизиядан бара турган бир миңден ашык инженер жана башка адистер кошулат. АКШнын Техас штатындагы "Форт Блисс" аскерий түзүлүшүнүн басма сөз катчысы Джин Оффаттын айтымында, бул бирикмеге кирген "Пэтриот" аттуу эки учкучтар бөлүгүнүн 300гө жакын аскери дагы Перс булуңуна жөнөөгө буйрук алды. Бул бөлүктөрдүн 900-гө жакын жоокери мурда эле Кувейтте жайгаштырылган жана алардын мекенине кайтуу мөөнөтү келгени менен, алар Кувейтте дагы калат.
Джорджия штатындагы "Форт Стюарт" аскерий түзүлүшүндөгү Үчүнчү аскерий дивизиянын кээ бир аскерлери жана "Ф-15" кыруучу учактар менен "Б-1" үлгүсүндөгү бомба таштоочулар да жакында Перс булуңуна жөнөтүлөт. Алмания аймагында болсо, 23-январда ири аскерий машыгуу башталат. Ага бир миңден ашык америкалык аскер катышат жана машыгууну америкалык генерал Уильям Валлас башкарат. "Франс Пресс" маалымат агенттигинин айтымында, Иракка каршы баштала турган согушта америкалык жөө аскерлерге дал ушу генерал Валлас башчы болушу күтүлүүдө.
Эл аралык текшерүүчүлөр болсо, 27-ноябрдан бери Иракта 230 ишкана жана башка аскерий түзүлүштөрдү текшерди, алардын отуз жетисин 1998-жылга чейин иштеген инспекция көргөн эмес. Текшерүүчүлөрдүн башчысы Ханс Бликс Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин алдында 27-январ күнү отчет берүүгө тийиш, бирок азырынча инспекторлор Ирактын кеңири кыруучу куралдарынын изин таба элек.
Кошуна Ирандын гезиттеринин жазышына караганда болсо, орус жана америкалык дипломаттар даярдаган план боюнча, президент Саддам Хусейн бийликтен өз ыктыяры менен кетип, Маскөөдөн баш паана сурашы мүмкүн. "Ройтерс" агенттигинин кабарчылары бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, эч маалымат ала алган жок, америкалык саясатчылар болсо ал тууралуу эч нерсе билбегенин айтышты.