Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

КОШМО ШТАТТАР ИРАК РЕЖИМИНЕ КАРШЫ СЕС КӨРСӨТҮҮДӨ.


АКШ президенти Жорж Буш жума күнү Техастагы аскер базасында чыгып сүйлөп, эгерде Саддам Хусейн массалык кыргын куралдарын мындан ары да коомчулуктан жашыра берсе, анда ага каршы аскердик чараларга өтөөрүн эскертти. Айрым мусулман өлкөлөрүндө Саддамды бозгунчулукка кетирүү аркылуу жаңжалды чечүү тууралуу да ойлор айтылууда.

Декабрдын 3үндө АКШ президенти Жорж Уокер Буш Техастагы эң ири Форт Худ аскер жайында болуп, Ирак бийлигин Ортоңку Чыгыш аймагы үчүн гана эмес, жалпы эле эл аралык коомчулук жана Кошмо Штаттар үчүн коркунуч туудурган режим деп айыптаган мурдагы сөздөрүн кайталады. “Ирак режими Кошмо Штаттарга каршы чоң коркунуч түзүүдө. Ирак режими ар бир америкалыкка жана Американын досторуна каршы коркунуч туудуруп жатат”, деди Буш.

Президент Буш Саддам Хусейндин маселени тынч жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экенин, ал үчүн Ирак өкмөтү эч бир сырын жашырбастан, массалык кыргын куралдары катылган жайларынын баарын эл аралык курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөргө көрсөтүүсү керектигин айтты. Эгерде Ирак өкмөтү мындай кадамга баруудан баш тартса, анда Кошмо Штаттар Саддам Хусейндин бийлигине каршы аскердик чараларды баштоого аргасыз болот.
«Эгерде Саддам Хусейн куралсыздануудан баш тартуу жана дүйнө коомчулугунун ой-пикирин көзгө илбөө аркылуу өз тагдырын чечсе, анда силер, америкалык аскерлер, кимдир-бирөөнү басып алуу үчүн эмес, элди боштондукка чыгаруу үчүн салгылашууга тийишсиңер», -деди президент Буш америкалык аскерлерге кайрылган сөзүндө.

Ушул тапта Кошмо Штаттар Перс булуңуна улам көбүрөөк аскер топтоодо. Деңизчи аскерлердин 45 миң кишилик жортуулдук корпусу жума күнү Кувейтти көздөй жылууга буйрук алды. АКШнын Коргоо министрлигинин айтымында, буга чейин эле 64 миң америкалык аскер Перс булуңунда жана Түркияда жайгаштырылган.

27-январда Бириккен Улуттардын курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөр тобунун жетекчиси Ханс Бликс аткарылган иштер жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунда баяндама жасоого тийиш. Жума күнү курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөр Багдаддын түндүгүндөгү ракеталар үчүн отун даярдоо ишканасына жана башка жайларга барышты. Ирак вице-президенти Таха Йасин Рамадан болсо жума күнү «ал-Ирак» гезити үчүн маек куруп, курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөр эч нерсе деле тапкан жок, Иракты жаманатты кылгандардын жалганы чыгууда, - деп айтты.

Жума күнү НАТОдогу жалгыз мусулман өлкө Түркия согуштук жаңжалды болтурбоо жолу катары Саддам Хусейнди бозгунчулукка кетирүү сунушун айтты. Ишемби күнү Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүл Ирак маселесин тынч жол менен чечүүгө көмөктөшүүгө чакыруу үчүн айрым араб өлкөлөрүнө - Сирия, Мысыр жана Иорданияга сапарга чыгууда. Ал оболу Сириянын ордо шаарына келип, президент Башар Асад менен сүйлөшүү жүргүзөөрү белгиленген.

Пакистанда жума намаздан кийин миңдеген кишилер демонстрацияга чыгып, «АКШ, Ирактан колуңду тарт!» деген сыяктуу ураандарды чакырышты. Лахордогу демонстранттар «Иракка каршы согуш – мусулмандарга каршы ачылган согуш» деп кыйкырып жатышты. Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Ричард Баучер мындай демонстрацияларды уюштуруу – адамдардын өз укугу экенин айтып, бирок АКШ өкмөтү өз саясатына дүйнө коомчулугун ынандыруу аракетин улантаарын баса белгиледи.

Жума күнү Лондондо чогулган ирак оппозиция өкүлдөрү ушул айда Ирак жергесинин өзүндө жыйын өткөрүүгө камынышканын, Иракта Саддам Хусейнге каршы күчтөр бар экенин алар дал ушул жол менен да тастыктоого даяр экенин билдиришти.

Саат чыкылдап жатат. Ал кайсы багытта чыкылдап жүрүп жатат, бейпилдик жагынабы, же аймактык ири тирешүү жагынабы? Азырынча эч ким бул суроого жооп бере албайт.

XS
SM
MD
LG