Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Ирак президенти БУУнун инспекторлорун тыңчылык кылганы үчүн айыптады, АКШ мындай билдирүүнү орунсуз деп эсептейт.


Саддам Хусейн бүгүн улуттук майрам - Армия күнүнө байланыштуу теле көрсөтүүдөн сүйлөгөн сөзүндө, «Иракта массалык кыргын салуучу делген куралдарды издеп, коомдук пикирди чаташтыргандардын калпын чыгаргандын ордуна, инспекторлор тобу Ирак окумуштууларынын тизмесин түзүүгө кызыгып, кызматкерлерди суракка алып, аскерий жайлар жана ишканалар жөнүндө маалымат чогултуу менен алектенүүдө. Булардын көпчүлүгү - таза тыңчылык иш», - деп билдирди. Ошондой эле, Саддам Хусейн Ирак тыштан жасалган кол салууга каршы турууга даяр экенин ырастады. АКШдан Ак Үйдүн маалымат катчысы Ари Флейшер Ирак президентинин инспекторлорду айыптаган сөздөрүн «орунсуз» деп мүнөздөдү. Бүгүн Амманда болгон Түркиянын премьер-министри Абдула Гүл Йорданиянын бийликтери менен Иракка каршы согуштун экономикалык кесепеттерин талкуулады. Аммандагы сүйлөшүүлөрдөн соң Абдулла Гүл кабарчыларга билдиргендей, Түркия да, Йордания да Иракка каршы согуш өтө кооптуу кесепеттерди алып келет деп эсептейт. Ал эми БУУнун инспекторлору бүгүн Иракта үч жайды текшерди.

XS
SM
MD
LG