“Ассошэйтед пресс” маалымат агенттигине телефон чалып, атын атоодон баш тарткан жигит жекшембиде Тель-Авивде 20дан ашуун адамдын өмүрүн кыйган жардырууларды “Аль-Акса азапкорлору" бригадасынан бөлүнүп чыккан чакан топ уюштурганын билдирген. Анын айтымында, жалаң куралчан жанкечтилерден турган бул топ Иран тараптан каржыланат жана ал мындан ары да карапайым жөөт калкына каршы теракттарын уланта бермекчи.
Жөөт-палестин чатагы кайрадан күч алган 27 айдан бери "Аль-Акса азапкорлору" уюму бир нече жолку жанкечти теракттар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Израиль өкмөтү жана айрым регионалдык эксперттер "Аль-Акса" уюму – Ясир Арафаттын “Фатах" кыймылынын аскерий бутагы деп эсептешет. Ал эмес, жакында эле Тель-Авив Арафат «Аль-Акса азапкорлоруна” акча-каражат бөлүштүргөнүн тастыктаган документтерди колго түшүрүп, аларды маалымат каражаттарында жарыялаган.
Анткен менен, Палестин автономиясы жекшемби күнкү теракттарды кескин айыптап, аларды палестин элине жакшылык каалабаган карасанатай күчтөр жасады деп белгиледи. Бул тууралуу Палестинанын маалымат министри Ясир Аббед Раббо атайын билдирүү жасады. “Биз мындай аракеттерди эч убакта колдобойбуз, тескерисинче, андай иштердин баарын айыптайбыз. Ошондой эле мындай аракеттер – палестин элинин кызыкчылыктарына карама-каршы келет деп эсептейбиз", - деди палестиналык министр Раббо.
Тель-Авив болсо, баштагыдай эле “жөөттөргө каршы теракттардын артында палестин жетекчилиги турат, Арафаттын бийлиги ар кандай жанкечти-террорчуларга жардам көрсөтүп, аларды тымызын көкүтүүдө” деген көз карашта. Израиль өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Ави Пазнер соңку теракттан кийин да бул пикирди бышыктай кетти. “Бул – палестин жетекчилигинин террор жана жек көрүүчүлүктү жайылтуу саясатынын саркындысы, андай саясатка ууланган палестиндердин коркунучтуу аракеттеринин үлгүсү», - деп билдирди Израиль өкмөтүнүн өкүлү.
Айрым эксперттер "Аль-Акса азапкорлору" аталышын ар башка, бири-бири менен байланышы жок уюшмалар өзүлөрүнө ыйгарып алганын айтышса, кээ бирлер алардын баары, кантсе да, Арафаттын "Фатах" уюму менен алакалаш, "Фатахтын" ичинде да жөөттөргө каршы жанкечти жардырууларды жактагандар бар дешет. Көпчүлүк аналитиктер болсо, Арафат башында турган палестин жетекчилиги башынан эле аймактагы террорчул аракеттерди ооздуктоого алы жетпей келатканына басым жасашат.
Израиль - Палестина автономиясын реформалоо боюнча Лондондогу жыйынга палестин жетекчилери барышпайт деп жарыялаган. Лондондогу эл аралык жыйынды үзгүлтүккө учуратпоо тууралуу Британия өкмөтүнүн өтүнүч-кайрылууларын Тель Авив кабыл алган жок. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Израиль өкмөтүнүн бул чечимине карата өкүнүчүн билдирди. Ага карабастан, Палестин автономиясынын расмий өкүлдөрү Лондонго барууга камданып жатканын айтышат. Батыштык гезиттер бул жыйынга бут тозгон үчүн Британиянын тышкы иштер министри Джэк Стро Израилдик кесиптеши Биньямин Нетаньяху менен телефондон ачуулана араздаша кеткенин баяндоодо. «Тель-Авивге АКШ кысым көрсөтсө, Палестинаны реформалоо боюнча жыйын жакында өтүп калышы да ажеп эмес»,- дешет эксперттер. Анткени дал ушул тапта Израиль өкмөтү Вашингтондо АКШ администрациясы менен Израилге бөлүнчү финансылык жардамдын көлөмүн талкуулап жатат. Тель-Авив Кошмо Штаттардан 12 млрд. доллар сурап кайрылды, анын басымдуу бөлүгүн Израиль палестин террорчуларына каршы аракеттерге жана Иракка каршы ыктымал согуш маалында пайдаланмакчы.