27-ноябрдан бери Ирактын аскерий жана башка ишканаларын текшерип жаткан эл аралык инспекторлор азырынча кеңири кыруучу курал боюнча эч орчундуу маалымат таба элек жана Улуу Британиянын тышкы иштер министри Джэк Строунун 6-январ күнү жасаган билдирүүсүнө караганда, Иракка аскерий сокуу уруу коркунучу бир кыйла азайды. Анткен менен, Эл аралык өзөктүк кубат агенттигинин башчысы Мухаммед Эль-Барадей 6-январ күнү агенттиктин Вена шаарындагы баш ордосунда атайын билдирүү жасап, Ирак маселеси боюнча бир беткей чечим чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.
Ирак президенти Саддам Хусейн болсо, ошол эле 6-январ күнү улуттук сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, өлкөдө иштеп жаткан текшерүүчүлөрдү тыңчылык кылууда деп күнөөлөдү: “Кеңири кыргын салуучу куралды издеп, аны таппагандыктан, калп айтып коомдук пикирди бурмалагандардын калпын чыгаруунун ордуна, инспекторлор чындыгында башка нерселерге кызыгууда. Алар Ирак окумуштууларынын тизмесин түзүп, аларга такыр башка тармактардагы суроолорду берип, биздин аскерий өндүрүшүбүз менен аскерий бөлүктөрүбүз тууралуу жана башка маалымат чогултууда. Мындай аракеттин баары болбосо да, басымдуу бөлүгү - таптаза тыңчылык аракет".
Венадагы агенттиктин басма сөз катчысы Мелисса Флеминг, инспекторлордун өкүлү Хиро Уэки жана Бириккен Улуттар Уюмунун дипломаттары менен Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги дароо мындай күнөөнү четке какты. АКШ президенти Джордж Буштун айтымында, Саддам Хусейндин жарыясы Ирак өкмөтү тарабынан мурда жасалган аскерий декларация менен кошулганда, Иракты куралсыздандыруу маселесин тынчтык ыкмалары менен чечүү мүмкүнчүлүгүн дагы бир кыйла азайтты.
Он эки миң барактан турган Ирактын декларациясында өлкөнүн аскерий өндүрүшү сыпатталып, анда эч кандай кеңири кыруучу курал жок жана өндүрүлбөйт деп айтылат. Бирок Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин кароосуна АКШ ал декларациянын эки жарым миң беттен турган бөлүгүн гана берди. АКШ жетекчилигинин айтымында, декларацияда толук маалымат камтылган эмес жана эгерде Ирак өз ыктыяры менен куралсызданбаса, эл аралык коомчулук ага каршы күч колдонот.
Перс булуңуна акыркы күндөрдө АКШ кошумча аскер жибере баштады. Коргоо министирлиги - Пентагондун айтымында, жакында Калифорния штатындагы деңиз аскерлеринин 2200 жоокери Перс булуңуна жөнөтүлдү жана 20 миңге жакын резервист дагы чакырылууда. Андан тышкары, бир миңге жакын жарадар адамды тейлей ала турган “Комфорт" аттуу кеме-оорукана дагы жакында Инд океанына жиберилди. Аскерий даярдыктарды Улуу Британия дагы көрүүдө, мисал үчүн, өлкөнүн учак конуучу эң ири "Арк Роял" аттуу кемеси 11-январда Перс булуңун көздөй бет алат. Азыр аймакта 65 миңге жакын америкалык аскер бар.
Жалпысынан алганда болсо, АКШ азыр эки негизги эл аралык маселени - Түндүк Корея менен Иракты куралсыздандыруу проблемалары менен алпурушууда жана кээ бир америкалык саясатчылардын айтымында, Түндүк Корея маселеси алда канча орчундуу.
Пхеньян менен Багдад болсо, бир-бирине карама-каршы келген саясат жүргүзүүдө. Ирактын айтымында, анда эч кандай кеңири кыруучу курал жок, Түндүк Корея болсо, тескерисинче, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин бузуп, өзөктүк изилдөө программаларын кайрадан жандантууда. Ирак өз аймагына эл аралык текшерүүчүлөрдүн келишине макул болсо, Түндүк Корея эл аралык эксперттерди жакында өлкөдөн кууп чыкты. Бирок Америка Кошмо Штаттары Пхеньян менен дипломатиялык сүйлөшүү жүргүзүп, Багдадга каршы сокку урууга даярданууда.