Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:58

БИРИНЧИ КЛОН-БАЛА ТӨРӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУУ ДАЛИЛ АЗЫРЫНЧА ЖОК


Нарын АЙЫП, Прага "Раэлин" диний сектасы менен байланышкан “Клонэйд" илимий компаниясы 26-декабрдан бери дүйнөдө эки ымыркай-клон төрөлгөндүгү тууралуу жарыялады, бирок анын далилдерин азырынча келтире элек. Саясатчылар дагы, диний жетекчилер жана окумуштуулар дагы "Клонэйд" ишканасынын аракеттерин сынга алууда.

"Клонэйддин" президенти Брижит Буаселье айым биринчи жарыяны 27-декабр күнү жасаганда, далилдер коомчулукка он күндүн ичинде тартууланат деп билдирген, бирок алар эмгиче жок. Буасельенин айтымында, бардык маалымат ачыкка чыгарылса, фирмага каршы сот иштери ачылып, анын кээ бир окумуштуулары кызматынан айрылышы мүмкүн. Андан тышкары, клон балдарды төрөгөн аялдар дагы азырынча алардын ДНКларынын сыноого алынышына каршы болууда.

Буга чейин Майкл Джульен аттуу америкалык тележурналист "Клонэйд" менен сүйлөшүп, андай сыноого катышууга уруксат алган, бирок 7-январ күнү андан баш тарткандыгы тууралуу жарыялады. Журналисттин айтымында, илимий ишкана ага дагы, эч бир башка көз карандысыз эксперттерге дагы клон болуп төрөлгөн эки кызды эмгиче көрсөтө элек жана кандайдыр бир орчундуу илимий сыноо болору да күмөн.

"Клонэйд" компаниясын адамды клондоштуруу максатында 1997-жылы Клод Ворильон атуу франциялык жаран негиздеген. Ворильондун айтымында, 1973-жылы ал башка планеталардан келгендер менен жолуккан жана келгиндер Жер планетасындагы өмүрдү алар мындан 25 миң жыл мурда клондоштуруу аркылуу жаратканын айткан. Ворильон ошондо адамды клондоо керек деген ойго келип, өзүнө "Раэл" деген жаңы ысым алып, "Раэлин" сектасын түзгөн. Сектанын ордосу азыр Канадада жана экинчи клон-кыз 3-январда Голландияда төрөлгөнү айтылууда.

"Клонэйддин" биринчи жарыясы жасалаар менен, АКШ жана Франциянын президенттери аны сынга алып, адамды клондоштурууга тыюу салган мыйзамдар керек деп чыгышты. 1997-жылы Шотландияда Долли аттуу биринчи клон-козу туулганда эле, АКШда тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып, аны былтыр Конгресстин Эл өкүлдөр жыйыны кабыл алган, бирок долбоор өйдөкү палатадан, Сенаттан өтө элек, анткени бир топ илимпоз ага каршы.

АКШ президентинин алдындагы Биоэтика боюнча кеңештин аткаруучу деректири Дин Клэнсинин айтымында, жаңы пайда болгон клондоо технологиясын дароо адамга карата пайдалануу абдан коркунучтуу: "Кеңештин пикири боюнча, адамды клондоо адамкерчиликке жатпайт. Биринчиден, төрөлгөн бала дагы, анын энеси дагы бир кыйла коркунучка дуушар болот. Бирок, эң негизгиси - мындай аракет адам баласынын келерки муундарына карата адилетсиз, анткени ата-энелер балдардын төрөлүшүн өздөрүнүн катуу көзөмөлүнө алып, келерки муундарды жалаң гана өздөрүнө окшош кылып салышы мүмкүн".

"Клонэйд" ишканасынын жарыяларына, клондоо багытында иштеген окумуштуулар дагы каршы чыгууда. Алар негизинен адамды толугу менен эмес, анын денесинин кээ бир уячаларын жана келечекте айрым ички органдарды клондоо жолуу менен көбөйтүп, бир топ дарттарды айыктырууну көздөгөн. Бирок эми "Клонэйддин" чуулгандуу жарыяларынан кийин, дүйнө мамлекеттери клондоо ишине мыйзам түрүндө толук чек коюп салышы ыктымал жана аны менен илимий эң жаңы багытка катуу зыян тийиши мүмкүн.

Европа Биримдигинин аткаруучу уюму - Европалык комиссия - азыр клондоо технологиясы боюнча кеңири отчет даярдоодо жана ал февралдын аягында каралууга тийиш. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Биримдикке кирген өлкөлөрдө бул маселе боюнча бирдиктүү мыйзамдын кабыл алынышы күтүлүүдө. Диний ишмерлер болсо, башынан тартып клондоштурууга каршы, анткени, алардын пикиринде, адам баласы жараткандын ишине эч кийлигишпеши керек.
XS
SM
MD
LG