Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

КАЛБАНЫН БААРЫ КАРАМАЙДАНБЫ?


Кошмо Штаттары, акыркы маалыматтар боюнча, борбордук командачылыктын өкүлдөрүн Флорида штатындагы башкы кеңседен Катардагы аскери базага көчүрө баштады. Пентагондун өкүлдөрү муну Иракка каршы согуштун башталары айныксыз иш болуп калгандыгын билдирбейт деп ырасташты. Ал эми америкалык айрым аскери эксперттер болсо Вашингтондун Перси булуңундагы куралдуу акциясы февралдын этегинде – марттын биринчи он күндүгүндө башталышы ыктымал деп болжолдошууда. Ирактын айланасында күч алып бараткан саясий күдүң-күпүр сөздөр мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму - ОПЕКти чукул жыйынга чогулганга аргасыз кылгансыды. Жыйын алдыдагы дем алыш күндөрү Венада өтүшү ыктымал.

ОПЕКтин чукул жыйынына, уюмдун баш кеңсесиндегилер ырасташкандай, негизинен карамайдын дүйнөлүк рынокто кескин кымбаттап кеткени себепчи болду. Бу маселени уюмга кирген өлкөлөрдүн мунай министрлери азыркы таптагы олуттуу саясий окуялардын, айрыкча Иракка каршы болжолдонуп жаткан согуштун аңытында талкуулап чыкканы жатышат. Багдадга уруш ачуу планы болсо, ”Нью-Йорк таймс” гезитинин маалыматтары боюнча, машагына жетип, жакынкы күндөрдө президент Жорж Буштун колуна тийгени турат. Буш баштагыдай эле Саддам Хусейн куралсызданбаса, анын режимин алмаштырганга туура келерин дембе-дем эскертүүдө. ”Өз элин эзген зулумдар эмне дебесин, Ирактын калкы кантсе да диктаторлорго шүйшүнүп отурган жери жок.Башка бардык адамдардай эле алар деле эркин жана оомат-оокаттуу шартта жашагысы келет”,- деп айтты Буш Техаста сүйлөгөн сөзүндө.

Саддамдын сазайын бергенге, байкоочулардын апазында, Бушка омок табылары талашсыз. 27-январда эл аралык эксперттер ООНдун Коопсуздук Кеңешинде Ирактагы инспекциянын жыйынтыгы жөнүндө отчет берүүгө тийиш. Азырынча алар Багдад жашырып-жаап калган курал-жарак кампаларын таба алышкан жок. Бирок Пентагондун башчысы Доналд Рамсфельд Ирактын быкыйы чыгарынан шек кылбайт. “Химиялык куралдар Иракта бар экени тургай алар кимге каршы колдонулгандыгын биз жакшы билебиз”, - деп айтты ал Вашингтондогу пресс-конференцияда. ЦРУ, Рамсфельддин сөздөрү боюнча, Багдаддын биологиялык да куралы бар экенин тастыктоодо.

Америкалык айрым аскери эксперттер президент Буш ирактык диктаторду мынчалык бутага алып калган соң, эртедир-кечтир машааны баспай койбойт дешет. Айрымдар бул үчүн оңтойлуу маал катары февралдын экинчи жарымын аташса, баазы бирөөлөрү марттын башталышын мөлчөрлөп жатышат. Ал эми Кипрдеги экономикалык иликтөөлөр борборунун мунай иштери боюнча аналитиги Гералд Бутт Багдадга каршы баштала турган операциянын эң башкы маселеси деп Ирактын карамай казынасын эсептейт. Кошмо Штаттары Багдаддагы азыркы режимди кулатса, анын ордуна жаңы өкмөт түзүлө турганы анык. Айрым апаздарда Саддамдан кийинки Ирактагы бийлик толугу менен Вашингтондун көзөмөлүндө калып, акырында америкалыктардын түрткүлөөсү менен ОПЕКтен чыгары айтылып жүрөт. Муну менен Вашингтон мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн көзүн карабай калат дешет. Бирок кипрлик эксперт Бутт “Азаттыкка” берген интервьюсунда Ирак Саддамдан кийин деле ОПЕКтен чыгарына ишенбей тургандыгын ырастады. Анын баамында, мунай өнөр жайын азыр кимдер колунда кармап турса, аталган тармакта ошолор эле башкы оюнчу бойдон калат. Бүт өмүрүн карамайга сап кылган ирактык капиталисттердин Саддамдан кийинки урпактарына ОПЕКтен чыгуу үч уктаса түшкө кирер иш эмес. Бирок Бутт ирак мунайынан Кошмо Штаттары кадиксиз пайда табат жана азыркы калбанын баары карамайдан чыкты деп ишенет.
Британдык “Файнэншл таймс” гезити мунай үчүн эле Иракка муш кезесе болот деген идеянын өзүн акылга сыйбас жорук катары баалады. Басылманын ишениминде, Багдадды Буш башка мүдөөдөн улам кароолго алып отурат. Кокус алдыдагы эки жылда экономиканын ушу тапта ылдый кулап бараткан ташын токтотуп калалбаса, анда, газетанын болжолунда, Багдадга каршы багытталган кампания президент Бушка 2004-жылдагы шайлоодо экинчи мөөнөткө калуу үчүн “запастагы аэродром” болуп бере алат.

XS
SM
MD
LG