Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

ҮЙКАМАКТАГЫ ИРАНДЫК ДИНИЯТЧЫ, АЯТОЛЛА МУНТАЗАРИНИН САЛАМАТТЫГЫ КЕСКИН НАЧАРДАДЫ


Үйкамакта жаткан ирандык таасирдүү диниятчы, аятолла Хусейн Али Мунтазаринин саламаттыгы кескин начардап кеткени кабардалууда. Эгерде расмий бийлик Мунтазарини боштондукка чыгарбаса, анда азыркы рухий жолбашчы айатолла Али Хаменейи менен теңата болчу диниятчы катары саналган жана президент Мухаммед Хатаминин олуттуу колдоочуларынан болгон бул карыя үйкамакта жатып көз жумушу да ыктымал.

Мындан он үч жылдай илгери аз жерден Иран Ислам жумуриятынын жогорку рухий көсөмү болуп кала жаздаган карыя – 81 жаштагы айатолла Хусейн Али Мунтазари (Монтазери) 1997-жылдан бери үйкамакта жатат. Кийинки күндөрү анын саламаттыгы кескин начардап кетти. Мунун башкы себебин Мунтазаринин жакындары жана дарыгерлери анын өлкө турмушунан саясий тоскоолдуктун айынан оолактап калышынан да көрүүдө. Мунтазаринин уулу Ахмед атасынын акыбалы тууралуу “Фарда” үналгысынын кабарчысына мындай дейт:

“Бизди санааркаткан жагдай – ал күнүгө он алты саат уктап калып жатат, жүрөгү да начар. Кан басымы көтөрүлө калып жатат. Ал соңку үч айдан бери уйкусу бузулуп кыйналып жүрчү, акыркы он күндө саламаттыгы өтө начардап кетти”.

Ахмед Мунтазаринин айтымында, айатолла Хусейн Мунтазари беш жылдан бери үйкамактан чыкпаганына өзгөчө кейип жүрөт.

Замана дегениң да ушул экен, бир кезде Хусейн Мунтазари Иран Ислам жумуриятынын негиздөөчүсү, айатолла Рухалла Хомейнинин оң колу болчу. Ал түгүл Хомейни аны өз ишмердүүлүгүнүн эң олуттуу мөмөсү деп санап, болжолдуу мураскору катары баалачу.
Бирок Хомейни өлөөр жылы алардын ортосунда жик пайда болду. Мунтазари расмий Тегерандын айрым саясий кадамдарын ачык сындаган киши эле. 1980-88-жылдары жүргөн иран-ирак согушу маалында ал өкмөттү мажирөө деп өзгөчө сындады. Акыры Мунтазаринин диний чөйрөдөгү каршылаштары өз мүдөөсүнө жетип, Хомейни айатолла Мунтазарини жогорку кызматтан алып салды да, өзү 1989-жылы “о дүйнөгө” кете берди. Хомейнинин мураскору катары шашылыш даярдалган киши – азыркы айатолла Али Хаменейи эле. Диний иерархиялык түзүлүштө тепкичтен тепкичке тез эле жогорулап келген жана айрым кесиптештери тарабынан “Хужжат-и ислам” даражасындагы деңгээлинен чыга албаган киши катары сындалган айатолла Хаменейини Мунтазари да теңине албай, анын ички жана тышкы саясатына сын көз менен караганын эч токтоткон жок.

“Азаттык” үналгысынын Иран боюнча серепчиси Уильям Самий:

“Мунтазари азыркы мамлекеттик түзүлүштүн негиздөөчүлөрүнөн болчу. Ал исламдык диний башкарууну азыр да жактайт. Бирок 1997-жылы ал дарс окуп, азыркы саясий түзүлүштү айоосуз сынга алган, анын жолдоочулары айатолланын дарсын улам кайталап окуп келишет. Маселен, ал Сакчылар кеңеши деген диниятчылар органы тарабынан депутаттыкка талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнөн четтетилишине каршы турду. Өкмөттүн саясий жараян маалында күч колдонуусун да ал ырас көргөн жок. Ошондой эле Мунтазари диниятчылык кызматты жеке керт башы үчүн пайдалануу, башка сөз менен айтканда, коррупцияга малынгандык көрүнүштөрүн сынга алды”.

У.Самий мырзанын эскеришинче, 1997-жылы Мунтазари азыркы диний жолбашчы Хаменейини башкаларды ынандыра алчу диний жетекчи катары кароого болбостугун ачык айткан. Мунтазаринин оюнча, диний жетекчи эч качан мыйзамдан тышкаркы тармактарга кийлигишпөөсү керек. Ал экономика, тышкы саясат, эл аралык мамилелер сыяктуу маселелерден обочо турушу зарыл, - деп санайт Мунтазари.

Адистер айатолла Мунтазарини Ирандын “Горбачеву” катары кароого болбостугун айтышууда. Бирок анын үйкамакта кармалышы азыркы саясий бийликти сындаган жана диниятчыларды секулярдык түзүлүштүн алкагына кайра чегиндирүүнү самаган күчтөр үчүн огожо болгон саясий көрүнүш экендигинде шек жок.

XS
SM
MD
LG