Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

ИРАКТАГЫ ИНСПЕКЦИЯ: АКЫРКЫ ҮМҮТ ИЛИМПОЗДОРДО КАЛДЫ


Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлору жакынкы күндөрдө Ирактын бир катар илимпоздорун Багдаддан тышкары жактарга, атүгүл коңшулаш өлкөлөргө чакырып,алар менен сурак-сопкут өткөргөнү жатышат. Инспекциянын жетекчилери Багдад бийликтеринен атомдук, химиялык жана биологиялык куралдарга байланыштуу жетерлик маалымат алышпагандыгын айтышып, Ирактын аскери программасын түзүүгө катышкан окумуштуулар көп иштин башын ачканга жардамдаша алат эле деп эсептешет.

Инспекциянын жетекчиси Ханс Бликс менен МАГАТЭнин директору Мохамед аль-Барадей ООНдун башкы кеңсесиндеги жабык кеңешмеден соң журналисттердин суроолоруна жооп берип, эки айга чукул ичинде эл аралык эксперттер Ирактан милтеси түтөп, машасын басканга даяр турган “октолуу мылтык” таппагандыгын бышыкташты. Мунун себебин эң башкы эки инспектор атомдук, химиялык жана биологиялык куралдарга байланыштуу иштерде Ирак бийликтери дале болсо ичимтаптык кылып жатканы менен түшүндүрүштү. Ушу себептен улам инспекция жетекчилери алдыдагы күндөрдө бир катар ирак окумуштууларын сурак-сопкутка чакырып,такыктап көрүүнү чечишти. Бликстин айтымында,инспекторлор буга чейин деле көп кишини кепке тартып, баш терисин байкап көрүштү, алардан бир топ эле маалыматтарды алышты. Бирок бардык учурда Багдаддын ырасмий бакылоочулары катышып отургандыктан,адистер анчейин деле агынан жарыла алышпаган өңдөнөт. “Ирак тоталитардык өлкө, ошондуктан адамдар өз кулагынан үркүп турган жерде үзүрлүү маектеше да албайсың”, -деп айтты Ханс Бликс.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин директору Мохамед аль-Барадей МАГАТЭнин инспекторлору да ирактык бир нече илимпозду сурак-сопкутка тартып, жумурдагы сырларын сыртка чыгара албай коюшкандыгын белгиледи. Эгер Багдад активдүү кызматташканга чындап ыкыласын көрсөтсө, анда,МАГАТЭнин башчысы ырастагандай, айрым адамдар менен Ирактын өзүндө эле ачык-айрым маанайда маектешкенге болот эле. Болбосо инспекторлор ООН берген мандатка ылайык каалаган адамдарды Ирактан тышкары жактарда тергеп-тескей алышат.

Буга байланыштуу Ирактын өкүлү,эл аралык инспекторлор менен кызматташуу милдетин аркалап жаткан генерал Хуссам Мохаммад Амин Багдад бийликтери эл аралык инспекциянын ар кандай өтүнүч-талаптарын аткарганга даяр экендигин ырастады жана ал өзү ООНдун миссиясына өз иштерин белгиленген мөөнөттө аяктаганга ар тараптан көмөктөшө тургандыгын билдирди.

Аскери эксперттер мындан мурдагы инспекциянын маалында – 1995-жылы ирактык бир генерал жекече мүнөздөгү маектешүүлөр учурунда оозунан жаңылып калып, бийликтер декларацияда көрсөтпөгөн биологиялык куралдардын кампасын тапканга эрксизден эл аралык текшерүүчүлөргө көмөктөшүп койгонун эстеп жатышат. Андыктан бул жолу да ирак окумуштууларынан ким бирөө жаңылып-жазып калса, Багдад табылгыс кылып катып койгон курал-жарак кампасынын дареги чыгып калышы мүмкүн. Анын үстүнө Ак үйдүн басма сөз катчысы Ари Флейшер Иракта тыюу салынган куралдар бар экендигин Кошмо Штаттары бөркүндөй эле билет деп ырастады. АКШны мындай маалыматтар жагынан жардамдашканга көндүргөнү инспекциянын жетекчилери Вашингтондо мамлекеттик катчы жана президенттин коопсуздук кеңешчиси менен кайрадан жолугушканы жатышат. Эл аралык инспекция, резолюцияда аныкталган мөөнөт боюнча,өз ишин 27-январга чейин аяктоого тийиш. Бирок ООНдун коопсуздук кеңешиндеги консультациялар маалында Британиянын элчиси инспекциянын мандатын узартууну сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG