Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Бишкектин «Дордой» базарындагы жарылуунун күчү аныкталды


Иштин чоо-жайын териштирип чыккан эксперт-криминалисттерге шилтема жасап, «Кыргызинфо» маалымат агенттиги жарылуунун күчү 16 килограмм тротилге барабар болгондугун кабарлады. Агенттик келтирген маалыматтарга караганда, жарылган затка атайын механизм орнотулган жана пенактоген менен дүрмөттөлгөн. Жарылма күчтүү заттардын бири эсептелген пенактоген,улуттук коопсуздук кызмат өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, буга чейин Кыргызстанда катталган эмес. Ушу жүйөөдөн улам бул окуя атайылап жасалган акция деген божомол күч алып, кылмыш иши терроризмге телинүүдө.Тергөө органдары бул ишке катышкан адамдар республиканын аймагынан эбак чыгып кеткен болуш керек деп болжолдошот. «Кыргызинфонун» маалыматтары боюнча, иликтөө тобу коңшу өлкөлөр менен Орусиянын тийиштүү органдарына жардам сурап кайрылганы жатат.

XS
SM
MD
LG