Бул тууралуу Конституциялык Кеңештин төрагасынын орун басары, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов ишемби күнкү маалымат жыйынында билдирди.«Президент Акаев Конституцияны өзү каалагандай өзгөртүүнү каалап жатат» деген пикирлердин негизсиздигин белгилеп, биринчи вице-премьер Негизги мыйзамга киргизиле турган толуктоолордун акыркы варианты Конституциялык Кеңешме иштеп чыгып,талкууга койгон долбоордон кескин айырмаланбай тургандыгын ырастады. Эксперттик топ болгону талкуу учурунда элден түшкөн сунуш-пикирлерди ирээттеп, мыйзам тилине ылайыктап гана жазып чыгат, - деп айтты Курманбек Осмонов. Соңку долбоор менен Конституциялык Кеңештин мүчөлөрү, биринчи вице-премьердин сөздөрү боюнча, 13-январда тааныша алышат. 10-январда парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 10 депутаты билдирүү таркатып, эксперттик топтун түзүлүшүн Конституциялык Кеңешменин конструктивдүү ишине кедерги келтирген фактор деп баалашкан эле.
Негизги мыйзамга сунуш кылына турган толуктоолордун соңку долбоору менен Конституциялык Кеңеш таанышат