Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

ПХЕНЬЯНДЫН АТОМДУК “ОЮНУ” ОПУРТАЛДУУ БОЛО БАШТАДЫ


Түндүк Корея баллистикалык ракеталардын сынагын кайра улантканга камына баштады. Мунун алдында Пхеньян атомдук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эларалык келишимден чыккан эле. Корей жарым аралында тутанган азыркы кризистин жоопкерчилигин Түндүк Кореянын өкүлдөрү Кошмо Штаттарына жүктөп жатышат.

Нью-Йоркто, Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде пхеньяндык элчи Пак Ир Йон дагы бир сенсациялуу билдирүү жасады. Атап айтканда, түндүккореялык бийликтердин соңку саясий чечимдерине жооп кылып, ООН экономикалык кандайдыр бир санкцияларды жарыялаганга аракет жасаса, анда муну Пхеньян өзүнө каршы жарыяланган согуш катары баалайт. Бу жолку кризис, элчинин айтымында, Корей жарым аралынын кутпа тарабындагыларга жасаган Кошмо Штаттардын кусаматчылык аракетинен келип чыкты. Мындай шартта, деп белгиледи элчи, Пхеньян ядролук дүрмөттөр менен технологияларды жайылтпоо жөнүндөгү эларалык конвенциянын, ошондой эле МАГАТЭ менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин талаптарын аткара албайт, анткени бул Түндүк Кореянын улуттук коопсуздук таламдарына кайчы келет. Бирок Пхеньян өзүнүн ядролук арсеналдарын өнүктүрбөйт, атом энергиясын өңчөй бейаскери максаттарга гана жумшайт, деп ишендирди элчи.

Сенсациялуу экинчи чечимди ишемби күнү Пекинде Пхеньяндын элчиси Чоң Чжин Су угузду. Азыркы кризис үчүн ал да Кошмо Штаттарын айыптап, кокус Вашингтон Пхеньян менен мамилелерин жакшыртууга умтулбаса, түндүккорей бийликтери ракеталык сыноолорго тыюу салган мораторийди алып салганга аргасыз болот деп билдирди.

Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер Вашингтондогу пресс-конференцияда Пхеньяндагы режимдин акыркы чечимдерин комментариялап, Түндүк Корея туура эмес кадамдарды жасап жатканын, мунун баарынан алар өздөрү, жалпы түндүккорей калкы эле жабыр тартарын эскертти. Ал эми Пхеньяндын ядролук куралдарды жайылтпоо келишиминен чыгып, ракеталык сыноолорду кайра баштагысы келип жатканын Флейшер АКШга эмес, бүт дүйнөгө кесенген кесирлик деп атады. ”Түндүк Кореянын чечимдерин дүйнөнү көзгө сайып, сөөмөй кесеген аракет десек, менимче, адилеттик болот, -деп айтты ал. - Бул кадамдары менен Пхеньян АКШга эмес, баарыдан мурда жалпы дүйнөгө кастарын тигип олтурат”. Дүйнө азыр биригип жатат, Түндүк Корея болсо андан бөлүнүп, өгөйлөнүп баратат, деп айтты Флейшер.

Айтмакчы, президент Жорж Буш жума күнү түндүккорей проблемасын Цзянь Цземинь менен телефон аркылуу талкуулаган соң, Кошмо Штаттары менен Кытайдын максаты эми бир экенин билдирди. Россиянын атына мындай бийик апаздарды Вашингтон айта элек, бирок Кытайдан соң эле Ким Чен Ирге бир ушу Москва сөзү өтөрү баарыга билгилүү. Орус ырасмий өкүлдөрү Пхеньянды эсине келгенге чакырып жатышат. Деген менен дүйнөлүк бир катар басылмалар, алардын ичинде айрыкча британдык “Гардиан” гезити бул иштин башка бир өңүтүнө баам салышты. Атап айтканда, ”Гардиан” өзүнүн баш макаласында кандайдыр бир кара чатакта Кошмо Штаттардын ядролук курал колдонуу мүмкүнчүлүгү кансыз согуш жылдарына караганда азыр алда канча артканын белгиледи. Биринчиден, президент Буш жаңы доктрина кабыл алып, америкалыктарга атомдук жапырык салгысы келген өлкөлөргө алардан озунуп сокку урула тургандыгын эскертти. Бул максатта азыр атомдук чакан дүрмөттөгү тактикалык куралдардын түрлөрү өнүктүрүлүп жатат. Экинчиден, буга жооп кылып дүйнөдөгү жоопкерчиликсиз режимдер жең ичинен өздөрүнүн атомдук “союлдарын” сомдой баштады. Мунун арты дүйнөнү жаңы кылымда да бейакыл жаңы проблемаларга бет келтирет. Ошондуктан мындай опуртал перспективадан, “Гардиандын” апазында, адамзат массалык кыргын салуучу куралдарга жер жүзүндө түгөл бирдей тыюу салганга жетишкенде, аларды кынтыксыз аткарганда гана кутула алат.

XS
SM
MD
LG