Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

САДДАМ ХУСЕЙН БОЗГУНЧУЛУККА КЕТҮҮГӨ МАКУЛ БОЛОБУ?


Перс булуңунда жаңы согуш чыкчу болсо, ал аймактагы мурдагы согуштардан да алда олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгү айтылууда. Согушту болтурбоо жолдорунун бири катары Саддам Хусейндин өз эрки менен бозгунчулукка кетиши сунуш кылынып жатат. Бирок бул сунуш канчалык турмуш чындыгына коошоор экен?

Соңку апталарда Батыштын жана араб дүйнөсүнүн гезиттери Саддам Хусейн өз кертбашын ойлобой, элдин камын көрсө, анда ал согушту болтурбоо үчүн кайсы бир чет өлкөгө бозгунчулукка кеткени дурус деген маанайдагы макалаларды байма-бай жарыялап жатышат. Ал түгүл Саддамга баш паана берүүгө Беларус, Мысыр, Иран, Ливия, Мавритания, Орусия жана Сирия сыяктуу өлкөлөр да макул болоор эле деген пикирлер айтылды.

Тегеран Иранга байланыштуу бул сыяктуу жоромолдорду дароо төгүнгө чыгарды. Иран тышкы иштер министри Камал Харрази немис гезити жарыялаган ушундай маанидеги бир макаланы “ойдон чыгарылган айың кеп” деп төгүндөдү. Макалада герман тышкы иштер министри Йошка Фишер Харрази менен тымызын сүйлөшүп, Саддам Хусейнди кабыл алаар белеңер деп сураганы айтылган. Ансыз да 1980-жылдары Саддамдын өкмөтүнө каршы сегиз жылдай согуш жүргүзгөн жана азыркы тапта ирактык шийит жоочуларга башпаана берип жаткан Тегеран Саддам Хусейнге меймандостугун көрсөтүүгө барбасы анык.

АКШнын Коргоо катчысы Доналд Рамсфелд болсо жакында Иракка каршы согуш ачуу жападан жалгыз чара эмес экенин баса белгилеп, урушту болтурбоонун жолдорунун бири катары Саддам Хусейндин бийликтен ыктыярдуу кетишин көрөөрүн айткан:
“Эмне үчүн бул согуш тууралуу “сөзсүз болуучу окуя” деген сөз айкашын колдонуп жатышканын билбейм. Бул – болбой койбой турган окуя эмес. Маселен, Саддам Хусейн куржунун алып, ушул кечте эле өлкөдөн чыгып кетсе эң мыкты болоор эле. Бул - бардыгы үчүн жагымдуу натыйжа болмок”.

Рамсфелддин бул оюн бышыктап, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Ричард Баучер да Саддам Хусейн бозгунчулукка кетээр бекен деп үмүттөнгөнүн айткан.

Түркиянын жаңы өкмөтүнүн тышкы иштер министри Йашар Йакыш да Ирак кризисин чечүүнүн жолдорунун бири катары Саддамдын бозгунчулукка кетишин эсептээрин билдирди. Сауд Арабстан тышкы иштер министри болсо Бириккен Улуттар Уюму Иракка согуш ачууну колдогон резолюция чыгарчу болсо, анда араб өлкөлөрү согушту болтурбоо үчүн өлкөдөн чыгып кет деп Саддам Хусейнге жалпы кысым көрсөтүшү ыктымал деген оюн айтты.

Бирок алар бир жагдайды эске албай жатат. Саддам Хусейн мындай жолду тандоону өз керт башы үчүн ылайык көрөбү? Саддам өзүн ирак улутунун түркүгү, ишеничи, үмүтү деп санаган инсан. Ал атажурт үчүн шейит кетүүгө даяр тургула деп миллиондогон мекендештерине чакырык жасап келди. Эми кайра өзү империалисттик залим күчтөр деп атаган өлкөлөрдүн аскердик кысымынан коркуп, чет өлкөгө качышы мүмкүнбү?

Лондон университетинин Ирак боюнча адиси Фалих Абдул Жаббар эки окуяны эскерет. Бир жолу ирак саламаттык сактоо министри Рийад Хусейн өкмөттүк жыйын маалында Саддам Хусейнге кайрылып, душмандарды алдаш үчүн кызматтан түшүмүш болуп койбойсузбу деп сураган экен. Саддам Хусейндин буйругуна ылайык, бул бечара министрди коңшу бөлмөгө сүйрөп барып соту жок эле атып ташташкан.

Дагы бир окуяны Катардын тышкы иштер министри башынан кечирген экен. Фалих Абдул Жабар бул тууралуу мындай маалыматын айтат:
“Маалыматтарга караганда, Катардын тышкы иштер министри Багдаддагы иш сапары маалында Саддам Хусейнге кайрылып, Катарга же башка өлкөгө кетип калуусун сунуш кылган. Саддам эч үндөбөстөн, жыйын залын таштап чыгып кеткен. Бөлмөдөгү аба желдеткичтер дароо токтотулган, а берки жигитти урмат-сыйсыз эле сыртка айдап чыгышкан”.

Саддам 23 жылдан бери өлкөнүн мамлекет башчысы – райиси. Ал өзүн ирак калкынын куту деп сезет. Кошоматчылары да аны жыйырма биринчи кылымдан жыйырманчы кылымга түшүп келген кеменгер деп жана башка эпитеттерди пайдаланып макташат. Сталин 1941-жылы кеч күздө Маскөөдөн кетпеген сыяктуу эле, Саддам Хусейн да Багдаддан кетпейт. Анын үстүнө, ага баш паана берүүнү сунуш кылган эч бир тарапка ал ишене бербейт, дешет адистер.

Ушул тапта АКШ менен Британия Саддам Хусейнди адамзатка каршы кылмыш жасаган деген доо боюнча болочокто эл аралык трибуналга берип соттотуу үчүн тийешелүү далил чогултуу менен алек.

XS
SM
MD
LG