Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

МУСУЛМАН ӨЛКӨЛӨРҮ АКШнын ИРАККА СОГУШ АЧУУ ДОЛБООРУНА КАРШЫ


Дүйшөмбүдө Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн парламенттик форумун ачып жатып, Малайзиянын премьери Махатхир Мохаммад Иракка каршы согуш ачуу эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшүнө жолтоо кылышы мүмкүн деген пикирин айтты. АКШ аскерлеринин улам жаңы бөлүктөрү Перс булуңуна тартылууда.

Бүгүн Куала-Лумпурда Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн парламенттик жыйынынын 11-жылдык отурумун ачып жатып, Малайзиянын өкмөт башчысы Махатхир Мохаммад Ирак маселесине да токтолду. Өткөн чакта мусулман өлкөлөрү Ирактын баскынчылык саясатын биргелешип айыптаган учур болгон. Эми болсо мусулман өлкөлөрү Иракка каршы согушту жалпы мусулман дүйнөсүн кемсинтүү менен барабар деп санашы мүмкүн, - деди Махатхир Мохаммад. Ал Иракка каршы уруш башталчу болсо, дүйнө жүзүндө эл аралык террорчулукка каршы жүргүзүлүп жаткан жараян үзгүлтүккө учурашы ыктымал деген чочулоосун билдирди. Малайзия быйыл 57 мүчө өлкөсү бар Ислам Конференциясы Уюмун жетектемекчи. Ал эми Азия жана тынч океан өлкөлөрүнүн парламенттик жыйыны 24 өлкөнүн башын кошот, алардын арасында АКШ, Жапония, Орусия, Кытай жана Австралия сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү да бар.

Малай премьери Махатхир Мохаммаддын оюнча, Кошмо Штаттардын Иракка жана Түндүк Кореяга карата эки ача саясаты мусулман дүйнөсүнүн кыжырын кайнатаары шексиз. Эмне үчүн Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк куралы бар экенин айтса, Кошмо Штаттар ага кол салам деп коркутпайт, бирок Бириккен Улуттардын көзөмөлдөөчүлөрүнө уруксат берген Ирак өкмөтүн коркутуп-үркүтөт? Бул талуулуу суроону малай премьери гана эмес, араб өлкөлөрүнүн бир катар саясатчылары да айтууда.

Ал эми Бириккен Улуттардын курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөрү ушул аптада расмий Багдадга улам жаңы талаптар менен кайрылып, анын ачык кызматташуусуна жетишүү үчүн аракеттенмекчи. Январдын 11инде Эл аралык өзөктүк отун агенттигинин жетекчиси Мухаммед ал-Барадейи ирактыктардын ыктыярдуу кызматташтыгы жөнүндө мындай деп билдирди:

Мен ирак илимпоздорунун көзмө-көз маектешүү учурунда тыгызыраак кызматташуусун каалаар элем. Ирак курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөрдү тыңчы катары баалабастан, максатыбызга жетүүбүз үчүн жагымдуу шарт жаратуусун каалаар элем.

Өткөн аптада эл аралык курал-жаракты көзөмөлдөө тобунун жетекчилери Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде чыгып сүйлөп, шектүү курал-жарактын изи табыла электигин, бирок расмий Багдад топтун көптөгөн суроолорун жоопсуз калтырып жатканын билдиришкен.

Расмий Вашингтон болсо Саддам Хусейндин өкмөтү Бириккен Улуттардын өкүлдөрү менен кызматташуудан баш тартып, моюн толгой берсе, анда бул режимге каршы согуш ачуу зарылдыгы келип чыгаарын дагы бир ирет эскертти. Улам жаңы америкалык аскер бөлүктөрү Перс булуңуна топтолууда. Ушул тапта АКШ аскерлеринин аймактагы саны 150 миңге чыкты.

Эл аралык курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөр 27-январда Бириккен Улуттарга Ирактагы текшерүү чараларынын жыйынтыгын баяндайт. Бул баяндама Перс булуңунда согуш болоор-болбосуна ишаара кылган чечүүчү окуя болушу да ажеп эмес. Маалыматтарга караганда, бул баяндамадан көп узабай эле, Британиянын премьери Тони Блэр АКШ президенти Жорж Уокер Буш менен сүйлөшүү жүргүзмөкчү. Британиянын айрым өкмөт мүчөлөрү АКШнын Иракка каршы бир тараптуу согуш ачуу ниетине кошулбастыгын, Британия Бириккен Улуттардын атайын резолюциясына ылайык гана Саддам Хусейндин бийлигине каршы урушка кирүүгө тийиш экенин айтууда. Тони Блэрдин лейбористтик партиясынын ичинде да Ирак согушу маселесинде бир беткей пикир жок.

Мысыр президенти Хосни Мубарак менен Иордан падышасы Абдулла жекшембиде Ирак жетекчисине кайрылып, аны эл аралык коомчулук менен кыйшаюусуз кызматташууга чакырышты. Саддам Хусейн болсо жекшембиде Түркиянын соода министри Күршад Тузменди кабыл алып, Ирактын коңшулары гана Кошмо Штаттардын Багдадга каршы согушун болтурбай койо алат, - деп билдирди.

Европанын көпчүлүк өлкөлөрү согуш ачуу тууралуу шашылыш бүтүмгө азгырылбоо жана эл аралык көзөмөлдөөчүлөрдүн Ирактагы текшерүү чараларын ар тараптуу улантуу зарыл деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG