Өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик башчылары, сот бийлигинин өкүлдөрү катышып, Президенттин төрагалыгы менен өткөн Өкмөт Үйүндөгү жыйында Конституциялык Кеңешменин төрага орун басары Курманбек Осмонов жана Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Эксперттик топтун жетекчиси Чолпонкул Арабаев Эксперттик топ даярдаган Конституциянын акыркы редакциясы жөнүндө баяндама жасашты. Чолпонкул Арабаев Конституцияны талкуулоого 1 миллиондон ашык адам катышканын, алар негизинен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдошконун жана алардын пикири Конституциянын акыркы редакциясын даярдоодо эске алынганын билдирди:
- Эксперттик топ Конституциялык Кеңешменин сунуштарын жана жалпы элдик талкуунун учурунда секретариатка келип түшкөн кайрылуулардын баарын өтө кунт кою менен карап чыкты. Жалпы элдик талкууда 1,5 миң сунуш түштү. Алардын принципиалдууларын баары Конституциянын жаңы редакциясын даярдоодо эске алынды.
Кенешмеде сүйлөгөн Президент Аскар Акаев Эксперттик топ жемиштүү иштегендигин жана ал бүткүл элдик референдумга алып чыгууга боло турган Конституциянын жакшы редакциясын даярдаганын белгиледи. Президентин айтымында, референдум 2-февралда өтөт. Ал референдумду өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы болуп премьер-министр Николай Танаев дайындалганын айтты.
Өлкө башчысы Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн орчундуусу катары адам укуктары жөнүндө бөлүмдү атады:
- Эл бизди бийлик бөлүштүрүү менен алек болуп жатып, катардагы карапайым адамдарга көңүл бөлбөй жатасыңар деп адилеттүү сындап жатат. Ошондуктан мен адам укуктарын чагылдарган 2- бөлүмдү кайрадан жазып чыгууну Эксперттик топко тапшыргам. Бөлүмдүн жаңы редакциясы адам укуктарынын декларациясы деп айта тургандай жакшы бөлүм болду. Негизгиси - анда адам укуктарын коргоо механизмдери да бар. Бул Омбудсман тууралуу жобо.
Аскар Акаев Конституциянын акыркы редакциясында Конституциялык Кеңешменин сунуштары толук сакталганын баса белгиледи:
- Конституциялык Кеңешменин чечимдерин кайра карап чыгуу үчүн Эксперттик топту түздүңөр деп айта башташты. Анын чечимдерин өзгөрткөн болсок көрсөтүп бергиле. Бир да пунктун өзгөрткөн жокпуз. Конституциялык Кеңешмеде айтылган сунуштар толугу менен Конституциянын жаңы редакциясына кирди.
Президент эмне үчүн Конституциянын акыркы редакциясын даярдоо ишин Конституциялык Кенешмеге эмес, Эксперттик топко тапшырганын да түшүндүрдү:
- Конституциялык Кеңешме - саясатчылардын, лидерлердин, бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрүнүн жыйыны болчу. Алардын өз кызыкчылыктары бар. Мен, мисалы, көп ыйгарым укуктарымды парламентке жана өкмөткө өзүм эле өткөрүп бердим. Депутаттар болсо өкмөткө да эч бир ыйгарым укугун бербей койгонун өзүңөр деле көрдүңөр. Ошондуктан Конституциянын жаңы редакциясын даярдоону эч кандай кызыкчылыгы жок окумуштуулардан турган Эксперттик топко тапшырдым.
Президент жаны Конституция жалпы элдин Конституциясы болсун үчүн Конституциялык Кеңешмеге элдешкис оппозициянын өкүлдөрүн да киргизгенин, оппозициянын 2 өкүлүн Конституциялык Кенешменин төрага орун басары кылып дайындаганын, кеңешмени төрага эмес,ошол орун басарлар алып барганын баса белгиледи:
- Жаңы Конституция бирөөлөрдүн жеңиши эмес. Ал бийликтин үстүнөн оппозициянын жеңиши эмес. Ал - өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап калыш үчүн болгон тараптардын компромисси деп түшүнүү зарыл.
Аскар Акаев өкмөт мүчөлөрүн референдумга чейин калган 3 жума ичинде Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн маңызын калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.