Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Журналисттер, укук коргоочулар жана коомдук ишмерлер сөз эркиндигин коргоо тууралуу билдирүү таратышты


Билдирүүдө сөз жана басма сөз эркиндигинин кысымга алынышына олуттуу тынчсыздануу айтылат. Анын авторлору коомдо болуп жаткан бардык көрүнүштөр тууралуу кең-кесири жана ээн-эркин маалымат таркатканга журналисттерге Кыргызстандын бийлиги саясий жүйөөлөрдөн улам кедерги келтирип жаткандыгын белгилешти. Буга байланыштуу билдирүүдө «Моя столица» гезитине жана анын журналисттерине каршы берилип жаткан доо арыздар менен алардын негизинде жүрүп жаткан сот иштери чиновниктердин массалык маалымат каражаттарына каршы жапырт чабуулга өткөн аракети катары бааланат. Мындай куугунтук Кыргызстандагы демократиялык жетишкендиктерди жокко чыгарышы ыктымал, деп эскертилет билдирүүдө. Билдирүүгө Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, жергиликтүү укук коргоочу жана коомдук уюмдардын, саясий партиялардын, ошондой эле эл аралык укук коргоо уюмдарынын Бишкектеги өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, баары болуп 25тей киши кол койгон.

XS
SM
MD
LG