Шейшембиде Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Иракка карата чыдамы азайып баратканын жашырбай, Саддам Хусейнге каршы кезектеги оозеки чабуулун узатты. “Саддам Хусейнге берилген убакыт бүтүп баратат. Ал куралсызданууга тийиш. Мен бул оюндар менен карандай калптан тажап бүттүм», - деп эскертти АКШнын президенти.
Ошол эле учурда Вашингтондун расмий өкүлдөрү: "Иракка каршы согуш ачуу – Багдадды багындыруунун бирден-бир жолу эмес, АКШ азырынча андай аракеттерди пландаштырган жок", - деп тактоо киргизишүүдө. Анын үстүнө алты аптадан бери Иракта кооптуу курал издеп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун курал-жарак боюнча инспекторлору баштаган ишин аягына чыгарыш үчүн дагы бир нече ай талап кылынаарын айта башташты. Инспекторлор тобунун башчысы Ханс Бликс ушул дем алыш күндөрү Багдадга барып, ирактык жетекчилер менен жолугаарын маалымдады. Андан көп узабай, 27-январь күнү эл аралык инспекторлор Ирактагы иши тууралуу алгачкы отчетун Улуттар Уюмуна тапшырышы керек. Шейшембиде Нью-Йоркто өткөн пресс-конференцияда Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан да Иракта инспекторлор иштеп жаткан чакта, эч кандай согуш болушу мүмкүн эмес деп билдирди. "Иракка каршы аскерий аракеттерди талкуулоо мезгили бышып-жетти деп ойлобойм. Инспекторлорго чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, Коопсуздук Кеңеши алардан Ирактын куралсыздануу программасын текшерип-бышыктап берүүнү өтүнгөн. Алар өз ишин жыйынтыктагандан кийин гана Кеңеш кандайдыр чечим кабыл алат. Инспекторлор, менимче, эми жаңыдан Ирактагы ишин кеңейте башташты", - дейт Кофи Аннан. Ошол эле учурда ал да Вашингтондо айтылган эки ача билдирүүлөрдү коштоп, Иракка ар тараптуу кысым көрсөтүлбөсө, иш алдыга жылбайт деп кошумчалай кетти.
Багдадга карата позицияларын шаршембиде Вашингтондун башкы союздаштары катары эсептелген Британия жана Германия билдиришти. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро Лондон Иракка каршы согуш Улуттар Уюмунун тийиштүү чечими алдында ачылышын жактайт, а бирок, андан башка арга калбаса, эч кандай резолюциясыз эле АКШны колдоп берүүгө даяр экенин маалымдады. Ал эми Парижге барган Германиянын канцлери Герхард Шрөдер: "Немец өкмөтү Ирак боюнча баштагы позициясын өзгөрткөн жок", - деп кесе айтты. "Германия бул маселеде шайлоо алдындагы позициясынан тайган жок. Биз Иракка карата Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин соңку резолюциясы саясий кысым алдында, бирок эч кандай согуштук аракеттерине барбастан аткарылышын колдойбуз. Иракка каршы согуш ачуу чечими кабыл алынган күндө да, Германия андай аракеттерге катышпайт. Бул биздин так позициябыз жана ушул көз карашыбызды өзүбүз кирген эл аралык уюмдарда жайылтууга колдон келген аракетти жасайбыз", - деп сөзүн улантты немец канцлери.
Ирактын тегерегиндеги кырдаал чыңалган сайын, АКШ долларынын куну түшүп, анын наркы еврого карата соңку үч жыл ичиндеги эң төмөнкү деңгээлге жетти. Ал эми чийки мунайдын бир баррелинин баасы Лондондогу биржада 31,25 долларга чыгып, 2000-жылдын декабрь айынан берки эң жогорку чекке көтөрүлдү. Дүйнөдө мунай экспорттоо жагынан 8-орунду, ал эми жалпы аныкталган мунай запастары боюнча Сауд Арабиясынан кийинки эле 2-орунду ээлеген Ирак шейшембиде дагы бир ирет өлкөдө массалык кыргын салчу курал жок экенин бышыктады. "Саддам Хусейн – эржүрөк жетекчи, керек болсо акыркы огу түгөнмөйүнчө атышууга даяр", - деп билдирди Багдадда өлкөнүн вице-премьер-министри Тарек Азиз.