Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

ТЕРРАКТ КОРКУНУЧУ ОРУСИЯДАГЫ ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИН АБАЛЫН КЫЙЫНДАТУУДА


Төрөкул Дооров, Москва Москва шаардык өкмөтү шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуунун жана терроризмге каршы күрөшүүнүн программасын иштеп жатат. Бул иш «жакынкы күндөрдө террористтик акт болушу ыктымал» деген Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматынан кийин күчөтүлдү.

Орусиядагы Федералдык коопсуздук кызматынын Москва шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Виктор Захаровдун айтымында, Чеченстандагы мыйзамсыз аскерий топтун жетекчилеринин бири Шамил Басаев Москвада жаны терракт уюштурууга камынып жаткандыгы кооптондурууда.

Захаров, андан сырткары, Дубровкадагы барымта окуясынан кийин, акыркы 2 айга жакын мезгилде аталган бөлүмгө «борбор калаада жаңы терракт уюштурулуп жаткандыгы тууралуу 20 жолу олуттуу сигналдар түшкөндүгүн» айтты. Ошондуктан, анын пикиринде, шаардык метрону да эң кооптуу объектилердин катарында катуу көзөмөлгө алыш керек.

Коопсуздук кызматынан түшкөн мындай маалыматка өлкөнүн коргоо министрлиги дароо реакция кылып, министр Сергей Иванов «чечен террористтери Орусияда жана анын сырт жактарында ири террор аракеттерин жасоо максатында ууландыруучу заттарга жол табууга аракет көрүп жатышканын» билдирди:
- Бир канча күн мурда Чеченстанда Масхадовдун кылмыш тобу жок кылынды. Өлтүрүлгөн жоочулардын биринде ууландыруучу заттарды, тактап айтканда, рицинди колдонуунун эрежелери тартылган кагаз табылган».

Анын айтымында, террористердин ууландыруучу заттарды табууга аракет кылышынын өзү эле алардын чон террор ишине кызуу даярдык көрүп жатканын далилдейт.

Алдыдагы коркунуч тууралуу өлкөнүн күч структуралары тарабынан расмий маалымат айтылып, Москванын өзүндө милиция кызматкерлери көчөлөрдө, ошондой эле шаарга багыт алган жүк ташуучу жана жеңил автоунааларды текшергенин күчөтүштү.

- Бул көрүнүш буга чейин эле бир катар кыйынчылыктар менен коштолуп, өз кезегинде чет элдиктердин нааразылыгын жаратып келген болсо, эми абал мурдагыдан да курчуй түштү, - дешет шаардагы эмгек мигранттары. Анткени, шаар жетекчиси Юрий Лужков шаардагы чет элдиктерди каттоо эрежесин дагы күчөтүү керектигин айтууда:
- Эгерде биз каттоо ишине буга чейин жасалып келген мамилени өзгөртпөй, дале болсо ошол бойдон кете берсек, анда кылмыштуулукка каршы күрөштө эч кандай ийгиликке жетпейбиз.

Ошондуктан, Лужковдун пикиринде, бул маселени фискалдык органдардын жардамы менен чечүүгө аракет кылыш керек. Эгер ал сунуш кылып жаткан план ишке ашса, чет элдиктерге үйүн убактылуу беришкен шаар тургундары салык төлөшү керек болот.

- Эмне үчүн биз каттоого алуу механизмине жакын бул ыкманы колдоно албайбыз? Шаарда турушкан чет элдиктерди үйүндө кармашкан шаар тургундары белгилүү өлчөмдө салык төлөшсө, бул мамлекеттин казынасына да киреше алып келмек, анын үстүнө биз ким кайсы жерде жашай тургандыгы тууралуу толук маалыматка ээ болмокпуз! А эгерде аларды каттоого албасак, анда алар да белгилүү даражада өздөрүнүн милдеттеринен баш тартаары турган иш, – дейт Москва шаарынын мэри.

«Жакынкы күндөрдө шаардык милициянын кызматкерлеринин саны көбөймөкчү» деп билдирет «Интерфакс» маалымат агенттиги. Шаардык милиция кызматынын билдиргенине караганда, учурда Москванын 115 кичи райондорунда участкалык милиция кызматкерлери да жок экен. «Ошондуктан, шаар ичинде коопсуздукту камсыз кылуучу кызматка алынчулардын саны өсөт» деп айтылат «Интерфакстын» маалыматында.

XS
SM
MD
LG