Иракка каршы согуш ачканга ООНдун санкциясын алуу идеясын Франциядан тышкары акыркы күндөрү Европанын көпчүлүк өлкөлөрү колдой баштады. Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр эки күн мурда бул ойду кубаттап, атүгүл аскерий акцияга мандат берилген күндө да немец армиясы Ирактагы согушка катышпай тургандыгын кайрадан так кесе ырастады. Канцлер коопсуздук кеңешинин былтыр ноябрда кабыл алынган резолюциясын акырына чейин аткарганга али толук мүмкүндүк бар экендигине ишенет. Атүгүл бул маселеде президент Буштун ишенимдүү сааналашы саналган британ премьер-министри Тони Блэр да Ирактагы эл аралык инспекциянын мөөнөтүн узартуу сунушун жактап чыкты.
Бул окуяларды комментариялап, айрым эксперттер мунун жөнүн Ирак проблемасы боюнча Франция менен Кошмо Штаттарынын позицияларындагы кескин айрымачылыктардан көрүштү. Париждеги эл аралык иликтөөлөр институтунун транс-атлантикалык алакалар боюнча адистешкен аналитиги Жак Белтран, мисалы, Франциянын позициясы акыркы айларда таасын айрымалана баштаганын эске салды. Париж түпкүлүгүндө Ирак проблемасы күч менен чечилиши мүмкүн экенин танбайт, бирок муну эч арга калбаганда, ошондо да ООНдун Коопсуздук кеңешинин санкциясы менен жасоо керек деп эсептейт. Кошмо Штаттары болсо, Белтрандын сөзү боюнча, Франциядан айрымаланып, согушту амал түгөнгөндөгү акыркы арга катары карабайт.
Париждик экинчи бир эксперт, стратегиялык иликтөөлөр борборунун адиси Бруно Тетрэй да бир жактан Франциянын,экинчи жактан Британия менен Кошмо Штаттардын позицияларындагы ажырым соңку жарым жылдан бери көзгө түшө баштаганын белгиледи.
Британия ушу тапта Иракка жакын райондорго кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүүдө, Франция болсо буга али кирише элек. Тетрэйдин баамында, француз президенти Жак Ширак, калыбы, жагдай кантсе да акырында барып жайчылык менен жөнгө түшөт деп бекем ишенген көрүнөт. Бирок кырдаал улам кыйындай баштады. Эми Парижге бир жаңсыл чечимге келүү керек болот.
Президент Буш эки күндөй илгери эле Ирактагы режимдин жалганчылыгы жадатканын айткан эле. Айрым байкоочулар мунун олуттуу себеби бар дешет. Ак үйдөгү абдан маалымдар адамдардын айтымында, Саддамдын апааттуу арсеналдары кайда катылып жатканын америкалык президент дапдайын билет. Чечүүчү мындай таныктарды Вашингтон, сыягы, Ирактагы инспекциянын акыркы сааттарында ачыкка чыгарат шекилденет. Эмнеси болсо да Пентагондун башчысы Дональд Рамсфельд кайрадан бир топ ишааралуу билдирүүлөрдү жасады. Күч колдонуу тууралуу президент али чечим кабыл ала элек, деп айтты Рамсфельд. Бирок мындай чечим кабыл алына турган болсо, анда баары кынтыксыз негизде жасалат. Азырынча Вашингтон дале болсо Ирактагы режим өз саясатын өзгөртөт деп үмүт кылып турат. Согушту эч ким каалбайт, деп айтты Рамсфельд. Бу маселеде согуш керекпи же тынчтык зарылбы, Рамсфельддин сөздөрү боюнча, муну да Вашингтон же Нью-Йорк чечпейт. Баарын Багдад, ирактагы режим өзү чечүүгө тийиш, деп билдирди Пентагондун башчысы. Президент Буштун айтымында, эгер Саддам ООНдун бардык талаптарын аткарса, анда бул Багдаддагы режимдин өзгөргөнүн билдирген белги болмок.
Ирак жетекчилигин ушундай шарттарга көндүргөнү бейшемби күнү Багдадга Москванын атайын чабарманы Александр Салтанов келип түштү. Анын визитин байкоочулар өтө тобокелдүү вазийпа деп аташты. Орус өкүлү непадам Багдадды Вашингтонду алымсындыра турган шарттарга ийите албаса, анда, эксперттердин апаздары боюнча, президент Путиндин Батыш менен жылуу ымаласы муздай түшүшү мүмкүн, болбосо ал өлкөнүн ичинде кадырын түшүрүп алышы ыктымал.