Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

БАГДАДДЫН БАШЫ КАТУУДА, «ГАНСИДЕ» БОЛСО БААРЫ ТЫНЧ


Кубат Оторбаев Кыргызстандын «Манас» аба майданына ирегелешип антитеррордук күчтөр коалициясынын отурукташканына бир жылдан ашуун убакыт өттү. Авиабаза Кыргызстанда дагы канча убакыт турат, күтүлүп жаткан Иракка каршы согуш аракеттерине ал катышабы же жокпу, жергиликтүү эл менен чет элдик аскерлердин мамилеси кандай?

Каз-катар тигилген чатырлардын ичин көк май менен иштеген жылыткычтар жайдын күнкүдөй мемиретип, сырттагы кулак-мурун тызылдаткан сууктун күчүн сездиртпейт. Аскерде кызмат өтөп жатам дегени, анан үй-бүлөсүн, тууган жерин сагынганы эле болбосо, бул жерде адам жашоосу үчүн баардык шарттар түзүлгөн: кудайга сыйына турган үй, спорт зал, китепкана, дүкөндөн тартып биллиярд атып эс ала турган борборуна чейин зымырайт.
Ооганстандагы «Талибан» кыймылына каршы Америка Кошмо Штаттары баштаган аскердик чабуулдун шарапаты менен Кыргызстандын «Манас» аба майданынын маңдайына антитеррордук күчтөрдүн авибазасы жайгашканына бир жылдан ашты. «Ганси» менен бизди авиабазанын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы капитан Элизабет Ортиз айым тааныштырды.
Анын айтымында, азыр авиабазада Америка Кошмо Штаттары, Дания, Голландия, Норвегия, Италия, Испания жана Түштүк Кореянын бир жарым миңдин айланасындагы аскерлери (анын 120дайы аялзаты) терроризмге каршы күрөш милдетин өтөп жатышат. Франциянын жана Австралиянын аскердик күчтөрү өз өлкөлөрүнө кайтып кетишкени менен, бул жерде калган досторуна жардамга келүүгө дайым даяр.
Авиабазанын негизги максаты, Элизабет Ортиз айымдын айтымында - Ооганстандагы жөө аскерлерди абадан колдоо болуп эсептелет. Учактар «Манастан» Ооганстанга байма-бай каттап турушат. Алсак, 3-январдан 10-январга чейинки убакыттын аралыгында учактар 50 жолу аскердик максатта, 15 жолу жүк жеткириш үчүн, ал эми 13 жолу башка иштерди көздөп абага көтөрүлүшкөн. Басма сөз катчысы авиабаза жайгашкандан бери учактар жана аскерлер тарабынан бир да ирет жоготуу болбогондугун белгиледи.
- Мына бул жаңыдан учкан истребитель F-16 азыр Ооганстанга аскердик милдетин өтөп келүүгө аттанды, - деди Элизабет айым көккө көтөрүлгөн учакка кол жаңсап.
Жети күн аралыгында 78 ирет учкан каттамдардын күйүүчү майы Кыргызстандын фирмаларынан сатылып алынат деп ишендирди бизди Ортиз айым. «Күйүүчү майдан тышкары дагы кандай товарларды Кыргызстандан сатып аласыздар?» деген сурообузга «нан жана буудайдан жасалган азыктарды» деп жооп берди ал. Анын айтымында, калган товарлар же Американын өзүнөн, же Американын Европадагы базаларынан ташылып келинет.
Ошентсе да, авибазанын Кыргызстанда жайгашканы бир топ адамдарга жаңы иш орундарын тартуулаганы белгилүү. Авиабазадагы чачтарачта, белек-бечкек буюмдарын сата турган дүкөндө, кир жууй турган жайда жергиликтүү элдин балдар-кыздары иштей турганына ынанасың.
- Мындан тышкары, авиабаза жергиликтүү элге дайыма жардам көрсөтүп турат, себеби, биз алар менен бир эл, бир журт болуп калбадыкпы, - дейт биздин маектешибиз. Ортиздин айтымында, Сокулук районуна караштуу Мраморное айылынын мектебин ремонттоого жана Военно-Антоновкадагы жетимдер үйүнө жана Бишкектеги балдар үйүнө авиабаза дайыма колдон келген жардамын берип келет.
Жергиликтүү эл демекчи, жокчулуктун айынан авиабазадан чыккан таштандылар итке минген жакырлардын ортосунда талашка түшкөнү маалым. Шаардын таштанды төгүүчү жайына «Гансиден» машине менен ташылып келген таштандылар арасындагы пайдалануу убактысы өтүп кеткен, бирок ачыла элек консерва жана колбаса тамактары жерге түшпөй көкбөрүгө айланып, алардын айрымдары базарга чыгып кеткен күндөр болгон эле. Ушундан кийин Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык кызматы авиабазадан чыккан таштандыларды бул жерге төгүүгө тыйуу салган.
Бул ызы-чуудан кийин авибаза жергиликтүү бир фирма менен келишим түзгөн экен. «Таштандыны кайда төгүш-коюш милдетин ошол фирма өзүнө алган», - деди Элизабет Ортиз.
Учурда таштандылар авиабаздан анча алыс эмес «Манас» айылына жакын жерге төгүлүп, алар дале болсо жергиликтүү элдин эрмегинде келатат.
Авиабазага жакын жайгашкан Ленин, Виноградное айылдарынын тургундарынын бакчаларындагы жүзүм, помидор сыяктуу жашылча-жемиштер быйыл түшүм бербей калып, мунун себебин жергиликтүү эл чет элдик учактар менен байланыштырышкан. Алар учактар коноордо ашып калган күйүүчү майын төгүп жиберет деген дооматтарын коюшкан болчу. Буга Элизабет Ортиз макул эмес.
- Коалициялык күчтөрдүн учактары абадан бир да тамчы күйүүчү май төгүшпөйт. Эгер учак күйүүчү майды төксө да аны өтө бийиктен төгөт, мындай учурда күйүүчү май жерге жетпей эле абадан жок болуп кетет. Биз Кыргызстанда деле Кошмо Штаттардагыдай аскердик авиациянын талаптарын жана эрежелерин катуу сактайбыз, - деди ал.
«Авиабаза Кыргызстанда дагы канча убакыт болот?» - деген «Азаттыктын» суроосуна Элизабет Ортиз: «Бул Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрү кандай чечим кабыл алса, ошого жараша болот», – деди.
Ал эми ««Ганси» авиабазасы Иракка каршы күтүлүп жаткан согуштук аракеттерге катышабы?» деген кезектеги соболго «Антитеррордук коалициянын негизги максаты - Ооганстан. Иракта согуш чыгып кеткен күндө да биздин мурдагы максатыбыз өзгөрбөйт деп ишенебиз. Биздин көңүлдүн баары Ооганстанда жана бул максатыбыз жаңы чечимдер кабыл алынганга чейин өзгөрүүсүз калат», - деп жооп берди «Ганси» авиабазасынын басма сөз катчысы Элизабет Ортиз.

XS
SM
MD
LG