Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

САДДАМ ЖАНА АНЫН ”МОНГОЛДОРУ”


Бу күндөрү Багдадга дипломаттар из суутпай каттап калышты. Алардын баары бир максатты – Иракка каршы болжолдонуп жаткан согушту токтотуп калууну көздөп жатышат. Ал эми президент Саддам Хусейн болсо Ирак согушка камбыл камылгаларды көрүп,шайма-шай тургандыгын билдирди. Эгер уруш башталса, Ирактын куралдуу күчтөрү америкалыктарды сөзсүз талкалайт, деп айтты ал жума күнү калкка кайрылып.Эл аралык инспекциянын башчысы соңку күндөрү Иракта өтө кооптуу кырдаал түзүлгөнүн эскертти.

Мындан он эки жыл мурда 17-январда Кошмо Штаттарынын колбашчылыгы астында Батыш альянсы Иракка каршы согуш баштаган. Бул окуяга байланыштуу жума күнү улуттук телеканалдар аркылуу чыгып сүйлөп, Саддам Хусейн Ирактын армиясы эми экинчи согушка толук даяр тургандыгын жарыялады. Агрессордун омурткасын сындырганы, Саддамдын сөздөрү боюнча, Ирактын жетекчилиги зарыл болгондун баарын жасады.”Эгер уруш башталса азыркы замандын монголдору капкалуу Багдаддын босогосунда боо түшүп кырылат”,-деп ишендирди Саддам өз элин. Өз сөзүндө ал Иракта жүрүп жаткан инспекцияга кайрылган жок. Бейшемби күнү инспекторлор Багдаддан алысыраак жердеги аскери кампалардын биринен химиялык куралдарга ылайыкталган,бирок дүрмөтсүз 11 ракета табышкан эле. Аларды Ирак өзүнүн былтыркы жылдын этегиндеги отчетунда көрсөткөн эмес. Бул фактыны Вашингтон менен Лондондо Багдад бийликтеринин эл аралык инспекция менен астейдил кызматташпай жаткандыгын ырастаган далил катары баалашты. Бирок Ирактын аскери көзөмөл дирекциясынын башчысы генерал Хуссам Мохаммад Амин мунун баарын “чымынды төө кылып көрсөтүү” аракети деп атады. Инспекторлор тапкан ракеталар,Аминдин айтымында,кадимки эле артиллериялык снаряддар. “Ирак аларды 1986-жылы сатып алган,ошондон бери үкөктө катылып жатат. Отчет түзөрдө алар эстен чыгып калса керек, анын үстүнө алардын баары эбак керектен чыккан, эч кандай химиялык же биологиялык дүрмөтү жок”, - деп түшүндүрдү ирак генералы Багдаддагы пресс-конференцияда. Бирок инспекторлордун сөздөрүнө караганда, ракеталардын баары жапжаңы бойдон,алар,болжолу,жакында эле жасалган өңдөнөт.
Буга байланыштуу Парижде жума күнү эл аралык инспекциянын башчысы Ханс Бликс Иракта апааттуу эч кандай курал жоктугун Саддам Хусейн өзү далилдөөгө тийиш экендигин эскертти. Бул өлкөдө химиялык жана биологиялык куралдардын, ракеталардын,ошондой эле башка да аскерий жарак-жабдыктардын баары жок кылынды деп айтканга,Бликстин сөзү боюнча, али негиз жок. “Ирак үчүн азыр аскери кампасында эчтеме калбаганын өзү ырастаганы абдан маанилүү”-, деп айтты Бликс. Парижге Бликс МАГАТЭнин башчысы Мохаммад аль-Барадей менен бирге француз президенти Жак Ширак менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү келген эле. Пресс-конференция маалында Бликс ошондой эле инспекторлор менен Ирак бийликтеринин кызматташтыгына ичи чыкпай жаткандыгын да ырастады. Бликс инспекторлор Иракта баарыдан мурда регионду куралдуу дүрбөөндөн сактап калганы,буга ишенимдүү өбөлгө түзгөнү иштеп жатканын эске салды.Ошондуктан инспекция менен кызматташканга,Бликстин айтымында,биринчи кезекте ирактыктар өздөрү кызыкдар болууга тийиш.
Француз президенти болсо инспекцияга өз милдетинин толук өтөсүнө чыкканга кошумча мүмкүндүктөр түзүлүшү керектигин белгиледи. Инспекторлор эң алды менен көбүрөөк убакыт берүүнү суранышат.Муну сүйлөшүүлөр учурунда Барадей менен Бликс да ырасташкандыгын белгилеп, Жак Ширак алардын өтүнүчүнө макул болуу азыркы таптагы эң акылдуу чечим болот эле деп билдирди.
Парижден соң Бликс менен Барадей Лондонго жол тартышты.Бу жерде алар британ премьери Тони Блэр менен жолугушат жана инспекциянын жүрүшүн талкуулап,пикир алышат. Ал эми Багдадда болсо Москванын чабарманы,орус тышкы иштер министринин орунбасары Александр Салтанов жергиликтүү ырасмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Бирок андан,байкоолорго караганда, анчейин деле нап чыга элек көрүнөт. Орус чабарманы Саддамды жана анын акылкошчуларын согушту токтотуп калуунун бир катар шарттарына көндүргөнү келген дешет. Аңгыча Батыштагы айрым басылмаларда Сауд Аравиясы Саддамдын жакын жан-жөкөрлөрү менен жең ичинен бүтүм түзүп,Багдадда төңкөрүш уюштурганы жатканы жөнүндө маалыматтар пайда болду. Бул пландын аки-чүкүсү тууралуу кеңири маалыматтар жок, бирок сауд арапстандык бийликтер,айтымда, ишке киришерден мурда бөрк алдында бычылган кутумга катыша турган Багдаддагы бир катар ырасмий өкүлдөргө ООНдун коопсуздук кеңешинен мунапыс кепилдигин алып бергиси келет экен.

XS
SM
MD
LG