Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

КИПРДИН БИРИГҮҮСҮНӨ КИМ ТОСКООЛ БОЛУУДА?


Улан Алымкул уулу Кипрдин түрк бөлүгүнүн өлкө ичинде да , сыртта да сынга кабылган жетекчилиги аралдын грек тарабы менен биригүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштады. Ал эми апта башында Кипрдин түрк бөлүгүндө Улуттар Уюмунун планын жактырууну талап кылган ири демонстрация өттү.

Ушул шаршемби күнү Кипрдин түрк бөлүгүнүн, башкача айтканда Түндүк Кипр түрк республикасынын лидери Рауф Денкташ аралдын грек бөлүгүнүн лидери Главкос Клеридос менен жабык эшик артында сүйлөшүү өткөрдү. Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Анан былтыр ноябрь айында, Кипрди бириктирүүнү караган планды сунуш кылгандан бери алгачкы ирээт өткөн жолугушуу эки ортодогу буффердик зонада болду. Кипрдин баш калаасы Никосияны бөлүп турган ал буффердик зона Улуттар Уюмунун көзөмөлүндө турат. Үч саатка созулган сүйлөшүүгө БУУнун өкүлү, перулук дипломат Алваро де Сото да катышкан эле. Жыйындан соң алар тараткан билдирүүдө, жолугушууда тараптар мурдагыдай эле Кипр чатагын чечүүгө дилгир экенин кайталашып, сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашканы гана айтылган.
Улуттар Уюму жана Европа Биримдиги тараптарды талаш маселеде быйылкы жылдын 28-февралына чейин мунасага жетүүгө чакырган болчу. Эгер биригүү маселеси бир жаңсыл чечилсе, Кипр Европа Биримдигине чогуу кире алышы мүмкүн. Уюмдун былтыр жыл соңунда, Копенгагенде болгон саммитинде Европа Биримдигине кошулууга чакырык алган он өлкөнүн катарында Кипр да бар. Иш жүзүндө, Евро Биримдиги да уюмга бирдиктүү Кипр кошулушун көздөйт. БУУнун планында Кипрди федерация тибиндеги, айрым саясий институттары чогуу болгон жана президенти ротацияланучу мамлекетке айландыруу каралган. Ал эми аралдын түрк бөлүгүнүн лидери Рауф Денкташ Кипр Европа Биримдигине эки көз карандысыз өлкөнүн конфедерациясы ирээтинде кириши керек деп эсептейт. Денкташ тараптар биригүү маселесинде 28-февралга чейин эле мунасага жете аларынан күмөнсүнөт:
- Мага муну айтуу өкүнүчтүү, бирок эгер бизге көбүрөөк убакыт берилбесе - мүмкүнчүлүк аз. Убакыт өтө кыска. Жерде жалаң жакшылыктар болгон күндө да, бул пландагы тоскоолдуктардын баарын кыска убакыттын ичинде четтетүү мүмкүн эмес. Биз убакытка, көбүрөөк убакытка муктажбыз.
Денкташ азыр өз мекенинде коомчулуктун басымына кабылууда. Апта башында баш калаа Никосияда демонстрация өткөргөн 40 -50 миңге чамалаш кипрлик түрктөр өз лидеринен БУУнун планына макул болуп, Кипрдин грек администрациясы менен мунасага келүүнү, же кызматтан чегинүүнү талап кылды. Кипрлик түрктөр жалпысынан Европа Биримдигине кошулууну жактайт. Аларды буга Кипрдин грек бөлүгүндөгү жашоо-шарттын жакшылыгы шыктандырууда. Бул жерде жылдык киреше жан башына бөлө келгенде, аралдын түрк бөлүгүнө салыштырмалуу болжол менен төрт эсеге жогору. Байкоочулар ушул аптадагы демонстрацияны Түндүк Кипр түрк республикасы түзүлгөн 1983-жылдан берки эң ири толкундоо катары баалашты. Айрым демонстранттардын колунда Кипрдеги түрк аскерлерин «окупанттар» ирээтинде сыпаттаган ураан-чакырыктар да бар эле. Кипрлик түрктөрдүн лидери Рауф Денкташтын айтымында, аны көчөдөгү толкундоолор кызматтан кетире албайт:
- Мен көчөдөгү жаштар мени, менин өткөндөгүмдү билет деп ойлобойм. Бул түшүнүктүү. Биз демократиялык өлкөбүз. Албетте, көпчүлүк мага грек тарап менен сүйлөшүүгө мандат берген парламент аркылуу кызматтан чегинишимди талап кылса-мен кетем. Себеби, ар бир чогулушта эле менин кызматтан кетишимди талап кылган үндөр бар.
Айтор,кипрликтердин бул жолку демонстрациясын Улуттар Уюму, АКШ да кубаттады. Маселен, БУУнун баш катчысы Кофи Аннан Денкташты катардагы адамдардын тынчтыкты каалаган мүдөөсүн угууга чакырды. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер да Вашингтондогу басма сөз жыйынында,анын өлкөсү кипрликтердин талаш маселе тынч чечилишин көздөгөн талабын тең бөлүшөөрүн белгиледи.
- Бул жердеги ири демонстрациялар, кипрлик түрктөр талашты жөнгө салуунун пайдасы чоң экенин жана ага азыр жетишүү зарылдыгын түшүнгөнүн көргөздү. Албетте, биз буга макул болбой коё албайбыз. БУУнун азыр стол үстүндө турган планы ошондой жөнгө салууга негиз болуп бере алат жана биз Кипр боюнча макулдашууга 28-февралга чейин жетүүгө болот деп эсептейбиз. Менимче, АКШнын тынчтыкты жана мунасаны колдошу - Денкташ мырзаны таң калтырбаса керек.
Рауф Денкташ өз мекенинде эле эмес, аларды соңку 20 жылдан ашуун убакыттан бери каржылап келген Түркияда сынга кабылууда. Анын үстүнө, Түндүк Кипр түрк республикасы Анкара тарабынан гана таанылган. Түркиянын бийликтеги «Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясы» өлкөнүн Кипр боюнча саясатын кайра карап көрүүгө убада берген эле. Түркиянын тышкы иштер министринин өкүлү Юсуф Булуч өткөн аптада кабарчыларга БУУнун тынчтык планына жол ачыш үчүн бул маселе азыр каралып жатканын ырастады.

XS
SM
MD
LG