Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

ЧЕХ АРМИЯСЫНЫН АТАЙЫН БӨЛҮГҮ ИРАККА КАРШЫ ЫКТЫМАЛ СОГУШКА ДАЯРДАНУУДА


Улан Алымкул уулу Чехиянын Сенаты, өлкөнүн армиясынын химиялык курал-жаракка адистешкен аскер бөлүгү Иракка каршы башталышы ыктымал болгон согушка катышуусуна макулдук берди. Чех бийликтеринин чечимине ылайык, аскерлердин атайын бирикмеси Ирак менен түздөн-түз согушкан аскерлерге жардам берүү ишине тартылышы мүмкүн.

Жогорудагыдай чечимди чех бийликтери АКШнын өтүнүчү боюнча кабыл алды. Өзөктүк, биологиялык жана химиялык куралдарга адистешкен аскерлеринин жардамынан тышкары, АКШ Чехиянын аймагынан жер жана аба аркылуу өтүүгө уруксат сураган болчу. Бейшемби күнү чех парламентинин жогорку палатасы – Сенат өкмөттүн ушул маселелер боюнча берген сунушун колдоду. Өлкөнүн коргоо министри Ярослав Тврдиктин түшүндүрмөсүнө караганда, эгер Иракка каршы согуш чыкса, чех аскерлери чектелген иштерге гана тартылат.
-Бул бизден урушка катышучу бирикмелерди же фронттун чегинде болуучу аскерлерди сурап жатышат дегенди билдирбейт. Биз терроризмге каршы күрөштө НАТОго, эл аралык коомчулука сунуш кылган, өзүбүздө бар мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылууну сурап жатышат. Ал мүмкүнчүлүк – массалык кыргын салуучу куралдар колдонулганда жабыр тарткан адамдарга жардам көргөзүү.
Учурда Чехиянын Кувейтте турган, химялык жана биологиялык куралдарга адистешкен аскер бөлүгү өз ордунда кала берет. Эгер чын эле Иракка каршы согуш чыгып, муктаждык пайда болсо Перс булуңуна кошумча аскер бөлүгү жиберилиши мүмкүн. Чехиянын аскердик чалгындоо кызматынын башчысы, генерал Жозеф Прокштун ишениминде, Ирак массалык кыргын салуучу куралдарга жана аларды өндүрүүчү технологияга ээ болууга дагы эле кызыгып жатканы айныксыз. Анын пикиринде, согуш чыккан учурда Ирактын өзөктүк курал пайдаланышы күмөн, бирок Ирак президенти Саддам Хусейн массалык кыргын салчу куралдардын башка түрлөрүн колдоноору талашсыз:
- Эгер биз “булганыч бомба” катары белгилүү болгон радиологиялык куралдар жөнүндө кеп кылсак, бул - реалдуу коркунуч. Ирак лидери Саддам Хусейн андай куралдарды жасоодо керектелчү компоненттерге жана радиоактивдүү материалдарга ээ болгондон бери аларды колдоно алат. Ал биологиялык жана химиялык куралдарды колдонот деген реалдуу коркунуч бар.
Ошондой эле генерал Жозеф Прокш, Иракка каршы согуш чыккан учурда Чехиянын өзү да түрдүү коркунучтарга кабылат деп эсептейт:
- Биринчи коркунуч - бул террордук чабуул коркунучу. Саддам Хусейн каржылаган топтор Европанын аймагында да бар. Бул чындык. Өткөн жылдан бери мындай коркунуч кыска убакыт аралыгында күч алаарын көргөзгөн мисалдар бизде жетиштүү. Бирок, албетте, узак убакыттан алганда, бул коркунуч террорчулукту колдогон булак жок кылынгандан кийин жоюлат. Кошумчалай кетсем, «Аль-Кайида» уюму менен байланышы бар топтор Европада түрдүү аттарга жамынып жүрөт.
Ал эми чех армиясында химиялык аскерлердин бирикмесин башкарган полковник Дусан Лупулиев АКШ, бул маселеде жардам сурап эмне үчүн аларга кайрылганын мындайча түшүндүрөт:
- Ушу тапта жалпы коалициялык күчтөрдү чогуу алганда, биздин бирикме массалык кыргын салуучу куралдардан коргонуу кудуретинин 30% камсыз кылат. Тактап айтканда, бул - массалык кыргын салуучу куралдардан же алар колдонулганда пайда болгон кырсыктардан, уулуу өнүдүрүш заттардан жана башка кырсыктардан коргонуу жөндөмдүүлүгү.
Полковник Д. Лупулиев белгилегендей, азыр Чехиянын химиялык аскерлери ээ болгон айрым жабдуулар, маселен бир эле учурда 70 уулуу заттан сактоочу чыпкалар АКШнын армиясында да жок.

XS
SM
MD
LG