Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:43

Бир топ мамлекет Ирак согушун баштоого азырынча каршы.


Инспекторлор башчысы Ханс Бликс 17-январда Париж жана Лондон шаарларында болуп, Франциянын президенти Жак Ширак жана Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен Ирак маселесин талкуулады. Ширактын айтымында, Иракка каршы бир тараптуу согуш баштоо эл аралык мыйзамдарды бузганга жатат. Франциядан тышкары Алмания, Орусия жана Улуу Британиянын дагы Иракка согуш баштоого өтө деле көңүлү жок. Алманиянын "Зюддойче цайтунг" гезитинде 18-январда жарыяланган маегинде болсо, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл - эл аралык инспекторлор менен Ирак жетиштүү деңгеелде кызматташпаганы январдын аягына чейин далилденет деп айтат.

XS
SM
MD
LG