Мамлекет башчылыгына өлкөнүн азыркы президенти Роберт Кочеряндан башка он талапкер атаандашып жатат. Шайлоо 19-февралга белгиленген. Талапкерлердин тогузун түрдүү саясий партиялар көргөздү. ЕККУ уюму армян бийликтерин шайлоону адилет өткөрүүгө чакырды. Уюмдун Еревандагы өкүлүнүн билдиргенине караганда, ЕККУ алдыдагы апталарда Арменияда 250 дөй байкоочусун жайгаштырат. Арменияда мындан мурун, 1998-жылы өткөн президенттик шайлоону ЕККУ уюму сынга алган.