Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

АМЕРИКАЛЫК ПАЦИФИСТТЕР – АКШнын ИРАККА СОГУШ АЧУУ НИЕТИНЕ КАРШЫ


Кошмо Штаттар Бириккен Улуттардын курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөрү БУУнун Коопсуздук Кеңешине өз текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын тапшыра турган күндү – 27-январды Иракка каршы согуш ачуу удулу катары көрбөй турганын маалымдоодо. Бирок АКШнын аскердик камылгалары согуш сааты жакындаганын айгинелегенсийт. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле, Кошмо Штаттардын өзүндө да АКШнын Иракка согуш ачуусунун ыктымалдуулугуна каршы нааразылык чаралары өтүүдө.

Кошмо Штаттардын өкмөтү ушул тапта “аңгектен качсаң - дөңгөккө, дөңгзктөн качсаң аңгекке” дегендей кырдаалга кириптер болгонсуду. Бир чети, Ак Үй Бириккен Улуттардын жана эл аралык коомчулуктун тилектештигине жана колдоосуна ээ болууга жетишкен соң гана Иракка кол салууну эп көрөт. Экинчи чети, БУУнун курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөрүнүн Ирактагы текшерүү чараларын дагы белгисиз мөөнөткө создуктуруу сунушу – жүз миңдеген аскерин чет-четинен Перс булуңун көздөй жылдыра баштаган Вашингтон үчүн таптакыр кабыл алууга болбой турган нерсе.
Январдын 14үндө АКШ президенти Жорж Уокер Буш Ирак режиминин заманасы куурулчу мезгил жакындап калганын дагы бир жолу эскерткен:

Саддам Хусейндин күнү бүтүп баратат. Ал куралсызданууга тийиш. Мен анын мышык-чычкан ойногонунан жана куулук-шумдугунан тажадым. Алдыдагы иш-аракет мөөнөтү тууралуу пикирим дал ушундай.

Президент Буш согуш сааты жакындап калганын айтып сес көрсөткөн менен, бул саат кайсы айга жана кайсы күнгө белгилениши мүмкүн экенине эч бир жолу, кыйыр түрдө болсо да ишаара кылган жок. АКШнын оюнча, былтыр 8-ноябрда Бириккен Улуттар кабыл алган 1441-резолюция Саддам Хусейндин режимине каршы согуш ачууга Вашингтонго мүмкүндүк берет. БУУнун башка көпчүлүк мүчө өлкөлөрү болсо Ирак тынчтык жол менен кызматташуудан баш тарткан чакта, ага каршы согуш ачуу үчүн БУУнун жаңы резолюциясын кабыл алуу зарыл деп санашат.
Дүйнө жүзүнүн чар тарабында бул болжолдуу согушка каршы демонстрациялар өтүүдө. АКШнын өзүндө эле өткөн апта соңунда бир нече ири демонстрация өттү. Вашингтондо 200 миңдей киши катышкан ири жыйын болду. Ага катышкан укук коргоочу Мара Ферхайден-Хиллард жыйын өткөрүлөөр маалда кабарчыбызга мындай деп айтты:

- Биз Кошмо Штаттардагы демократиянын нагыз пайдубалынын маани-маңызына күбө болмокчубуз. Өкмөт өз таламына жооп бербей жатканын сезсе, эл көтөрүлүп, көчөлөргө чыгат, анткени эл өз кызыкчылыгы үчүн өзү иш-аракет жасоого тийиш.

Ферхайден-Хиллард айым катышкан Вашингтондогу демонстрация маалында чогулган калайык “Мунайзатты канга айырбаштоого жол жок!” деп кыйкырып турушту.
Январдын 15и – укук коргоочу жана саясатчы Мартин Лютер Киңгдин туулган күнү. Өткөн апта соңунда АКШда маркум Киңгдин элесине арналган ар кыл жыйындар өттү. Алардын биринин катышуучусу, вашингтондук диниятчы Грэйленд Хаглер пацифисттерге өз тилектештигин билдирди:

- Эмне үчүн биздин уул-кыздарыбыз чириген байлардын спорттук машинасынын багын бензинге толтуруу үчүн урушка кирип, набыт болууга тийиш? Эмне үчүн биздин уул-кыздарыбыз мунайзат компанияларынын жана мунай өнөр жайынын кирешеге марышы үчүн салгылашып өлүүгө тийиш? Биз мына ушуга нааразы болуп көчөгө чыктык, анткени бул согушта эч бир логикалык себеп болбой жатат.

Түркиянын калайыгынын 80 пайыздайы согушка каршы маанайын билдирүүдө. Брюсселде, Лондондо, ошондой эле Италия, Голландия сыяктуу өлкөлөрдө бейкуттукту жакточулардын жыйындары өттү.
Расмий Вашингтон болсо согушту болтурбоонун жолдорунун бири – Саддам Хусейндин өз ыктыяры менен бозгунчулукка кетиши экенин эскертүүдө. Саддам Хусейн болсо өз өлкөсүнүн атуулдары сырт душман менен кашык кан калгыча салгылашууга даяр экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG