Борис Йордандын кызматтан алынышы расмий түрдө экономикалык себептер менен түшүндүрүлдү. Ошол эле учурда Йордандын кызматтан алынышы Москванын Дубровка көчөсүндөгү театрда өткөн күздө барымтага алуу окуясы болгон чакта, ал жетектеген НТВ көрсөткөн бейтарап маанайдагы кадрлар Кремлдин жинин келтирген учур менен тыгыз байланыштуу деп да айтышууда. Адистердин оюнча, расмий бийлик, ошол окуядан улам, “Йордан же каналды башкара албайт, же ал өз милдетин аркалагысы келбейт деген жыйынтыкка келген“ деген пикирге келген.
Президент Владимир Путиндин өлкөнүн журналисттери менен болгон жолугушуусу эске түшөт. Ал бир жарым айча мурда өткөн. Жолугушууга НТВ каналынан эч журналист чакырылбагандыгы ошондо эле ар кыл күдүк кепти туудурган. Жолугушууда Путин мындай деп айткан:
- Улуттук каналдардын бири чабуулга бир нече мүнөт калганда атайын аскерлердин улам бир жерден экинчи жерге орун которуп жатканын көрсөткөн. Бул калпыстык аз жерден олуттуу трагедияга дуушар кыла жаздады деп мага айтышты. Бул эмне себептен улам жасалды? Эмнеге бул берүү жасалды? Ал - түшүнүктүү. Аны сиздер да жакшы түшүнүп турасыздар. Каналдын атын чыгарыш үчүн, ага акча менен каржылоочу булак табыш үчүн, түбү келип, көп акча табыш үчүн жасалды. Бирок ким эмне кааласа, ошону кылып пайда табуу үчүн орун болбоого тийиш! Биздин атуулдардын канына байлыкка жетпөө керек. Албетте, муну жасагандар, биздин атуулдарды өздөрүнүн атуулдашы деп эсептешсе…
Ошондо эми НТВ бирдин ичинен чыкканы калды деген сөздөр айтыла баштады. Путиндин сынын уккан бир да басма сөз каражаты же сыналгы, үналгы оңолбой турганы ким-кимге маалым.
Көз каранды эмес ТВС каналынын апталык “Итоги” (“Тыянак”) берүүсү бул окуя тууралуу 19-январда токтоло кетти:
- Бийлик 2001-жылы апрелде айыгышкан кармашта жеңишке жетип, НТВны Гусинскийден тартып алып америкалык ишмер Йорданга бергенде, кантсе да ал Кремлдин айтканынан чыкпай, айрыкча, кризис болгон учурларда, эстүүлүк кылат ко деп ишенген. Бирок сыналгы каналынын журналисттери мурдагыдай эле көз карандысыз боюнча калганда, акыры бийлик өзү койгон кишисин кызматтан алууга мажбур болду.
Майкл Вайн “Нью-Йорк таймс” гезитине (18 январь, 2003) жарыялаган макалада, бул ишке Казакстан жетекчилиги кыйыр таасир эткендиги айтылат. НТВ каналы президент Нурсултан Назарбаевдин чет өлкөдө “арам акчасы” бар экендиги жана аны ал бирөөнүн тебетейин бирөөнө кийгизүү жолу менен тапкандыгы тууралуу жоромолдорду талдоого алган болчу.
Москвада чыгуучу «Газета» гезитинин башкы редактору Раф Шакиров:
- Федералдык төрт сыналгынын үчөө мамлекеттик болду дейли. Андан ары мамлекеттик түзүлүш эч бир атаандаш сыналгыны атаандаш катары тоотпой калат. Эмне болсо ошол болсун мамилеге өтөт. Ушул багыттан алып караганда бул окуянын саясий мааниси чоң.
Колго тийген дагы бир маалыматта Газпромдук Медия “Еврофинанс” банкы менен бирге холдинг тyзгөнгө жетишкени баяндалат. Ал банк Газпром Медианын мойнундагы 600 миллион доллар карызды төлөп, анын акысына холдингдин 49 пайыз акциясын алмакчы. Ал келишимдин негизинде жаңыдан уюшулган холдинг ошондон кийин мамлекеттин башкаруусуна өтөт. Мындан да так айтканда, ал чиновниктердин көзөмөлүндө болот жана, логика айтып тургандай, Медиа холдингге кирген сыналгы, үналгы, гезит-журналдар толугу менен өкмөттүк бийликтин жетегинде калышы күтүлөт.