Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

TҮНДҮК КОРЕЯНЫН АМЕРИКА МЕНЕН ТАЙМАШЫ


Вашингтон Пхеняндын өзөктүк амбициясына барып такалган кризисте айрым жылыш бар экендигин билдирүүдө. Бирок, соңку кабарларга караганда, Түндүк Корея ыкка келбей, америкалык өкүлдөр менен көзмө-көз сүйлөшүүнү талап кылып жатат. Бул жагдайга Жаңыл Жусубжан сереп салат.

Die Another Day – Кийинки күнкү өлүм. Ушул жылдын башында дүйнө экрандарына чыккан бул жаңы фильмде чыгаан чалгынчы, айтылуу Жеймс Бонд түндүк кореялык жексур менен таймашып, акыры, албетте, аны жеңип чыгат. Терс каармандын улуту корей болгону Корей жарым аралынын түндүгүн да, түштүгүн да нааразы кылды.

Түндүк Кореянын улуу жол башчысы Ким Чен Ир батыш кинолорун үзбөй көрүп, Жеймс Бондду айрыкча жактырчу. Голивуддун соңку тасмасынан кийин Пхеньяндын кабар агенттиги аны «Корейлерди шылдыңдаган фильм» деп сынга алды. Бирок, реалдуу турмушта тескерисинче Түндүк Корея Американын айласын кетирип жатканын эске алганда, улуу жол башчы экрандагы таймашка мыйыгынан күлсө керек.

Өткөн аптанын соңунда Пхеняндын жакын санаалаштарынын бири болгон Орусия Түндүк Кореяга тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюковду жиберди. Лосюков Ким Чен Ирге өзөктүк тирешүүнү жөнгө салуу боюнча демилгелерди жеткирип барды. Кийин ал сүйлөшүүлөр "өтө пайдалуу болду" деди. Ал эми жекшембиде Бейжинге келгенде Лосюков буларды билдирди:

- Кырдаалды жөнгө салуу үчүн айрым мүмкчүлүктөр бар, менимче бир да тарап көгөрүп туруп албайт. Келечекте дагы сүйлөшүүлөр болот деп ишенебиз, биз ушул жагын караштырып жатабыз.

Арийне, Түндүк Корея кырдаалды Американын катышуусу менен гана жөнгө салууга болот деп катуу турууда. "Корей жарым аралындагы өзөктүк проблеманы Кошмо Штаттар жараткан, ошондуктан аны биз Кошмо Штаттар менен көзмө-көз отуруп чечишибиз керек" деп билдирди Түндүк Кореянын Борбордук кабар агенттиги.

Орусия Түндүк Кореяга коопсуздук кепилдигин берип, ошондой эле экономикалык жана гуманитардык колдоо көрсөтүп, акысына Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толугу менен арылтууну сунуш кылган эле. Бул демилге башында Түндүк Корея менен мамиле түзүүдөн караманча баш тарткан Буштун администрациясына да жакты көрүнөт. АКШнын Мамкатчысынын орун басары Ричард Армитаж, мисалы, Вашингтондун Түндүк Корея менен мунасага келип, анын ичинде "кол салуу нийетибиз жок" деп жазуу жүзүндө милдеттенме алууга макул экендигин ырастады. Мындай ишаара АКШнын кол салуусунан кутула алаарына көзү жетпей калган Ирактын президенти Саддам Хусейндин түшүнө да кирбес!

Ирактан айырмаланып, өзөктүк программасы бар экендигин жашырбаган Түндүк Корея менен тирешүүнү сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болоорун АКШнын президенти четке каккан жок. Бул тууралуу билдирген Мамкатчы Колин Пауэл "аймактагы шериктерибиз менен жасап жаткан иштерибизде айрым жылыш бар" деди.

Арийне, АКШнын Бээжин, Токио, Сеул менен алакалашып, өзүнө далысын салганына Пхенян бир топ тырчыды. Ал эми өткөн күндөрү Азияны түрө кыдырып, эң соңунда Жапанияда тышкы иштер министри Йорико Кавагучи менен көздөшкөн америкалык элчи Жеймс Келли Кытайдагы, Түштүк Кореядагы же Жапаниядагы жолугушуулардан оңдуу жыйынтык болгону туурасында ооз ачкан жок.

Түндүк Кореянын айынан Ирак операциясынан алагды болгон Вашингтон бүгүн соңку кризисти Бириккен Улуттар уюумунун Коопсуздук кеңеши өзү колго алат деп үмүттөнүүдө. Бул маселенин башы үстүбүздөгү аптада ачылышы мүмкүн. Анын аралыгында, уюмдун Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Маурис Строң өлкөнүн ансыз да итке минген жакыр тургундары ачарчылыктан запкы тартып жатканына көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Жекшембиде Бээжинде сүйлөгөн сөзүндө Строң буларга токтолду:

- Гуманитардык кризис – келечекки эмес, учурдагы кризис. Ал сегиз миллионго чейинки сандагы кишинин өмүрүнө коркунуч келтирүүдө. Ошого карабастан, бул кризиске жетиштүү көңүл бөлүнгөн жок.

XS
SM
MD
LG