Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

ТҮНДҮК КОРЕЙ КРИЗИСИН ЧЕЧҮҮДӨ АЛГАЧКЫ ИЙГИЛИКТЕР БАЙКАЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Түндүк Корея кризисин жөнгө салуу боюнча Кремлдин дипломатиялык аракеттери алгачкы ийгиликтерди бере баштады. Пхеньанда жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары өлкөнүн ядролук программасына байланышкан кризисти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүндүк бар экенин билдирди.

Пхеньяндан Кытайга кайтып келген соң Бейжиндин аэропортунда журналисттерге берген маалыматында Орус тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков сүйлөшүүлөр "пайдалуу жана иштиктүү" болгондугун айтты.
"Пхеньянда бир катар пайдалуу жана иштиктүү жолугушуулар болду. Мен ал сүйлөшүүлөр жөнүндө президент Путинге билдирем", -деди Лосюков.

Алты күнгө созулган иш сапарынын учурунда Лосюков адегенде Кытайдын жетекчилиги менен, андан соң Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир менен жолугушуп, ага президент Владимир Путиндин катын тапшырды. Ал ошондой эле Түндүк Корей лидери менен Пхеньяндын атомдук программасы жаатында тутанган жаңжалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулады. Орусиянын сунуштары менен таанышып чыккан соң, Түндүк Корея жеке көз карашын ортого салды жана проблеманы тынчтык жолу менен чечүүгө үмүттөнүп жаткандыгын билдирди.

Орусия Корей жарым аралы ядролук куралдардан эркин болууга тийиш жана ан үчүн буга кызыкдар жактардын эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрү зарыл деп эсептейт. Москва ошондой эле, сөз болуп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түндүк Кореянын коопсуздугу документ жүзүндө кепилдениши керек деген көз карашта. Орусия сунуш кылган планда, ошондой эле, жети жылдан бери ачарчылыктан жабыркап келаткан өлкөгө гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү каралат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түндүк Корей жетекчилиги өлкөгө кол салбай турганын Вашингтондун жазуу жүзүндө кепилдешин кайрадан талап кылды. Белгилүү болгондой, АКШ бул талапты четке каккан. Жекшемби күнү Ким Чен Ир менен болгон сүйлөшүүдө Лосюков Пхеньянды ядролук программасын токтотуп, буга жооп иретинде АКШдан коопсуздук гарантиялары менен экономикалык жардам талап кылууга көндүргөнгө аракеттенди. Пхеньяндагы жетекчилик бул сунуштарга кандай жооп кайтарганы ачыкталбайт. Бирок сүйлөшүүлөрдү корутундулап Лосюков эки ортодогу диалог проблемага болгон көз караштарды шайкеш келтирүүгө көмөкчү болгонун белгиледи жана АКШ менен Түндүк Кореянын мунасалуу пикирге келиши үчүн Орусия мындан ары да колдон келишинче аракеттене тургандыгын билдирди.
“Жалпылап айтканда, оптимизге негиз бар жана маселенин жөнгө салынышы, ага тийешеси бар тараптардын аны чечүүгө болгон даярдагына жараша болот",- деди дипломат.

Кризисти сүйлөшүү жолу менен чечүүнү колдой турганын расмий Бейджин да билдирүүдө. 20-январда Кытайдын тышкы иштер министри Таң Джиксяң Нью Йоркто жасаган билдирүүсүндө: "Азыр тез арада диалог баштоо, болгондо да, түз диалог баштоо зарыл. Сүйлөшүү - Корей жарым аралындагы проблемаларды чечүүнүн жалгыз ачкычы"- деп АКШны диалогко үндөдү.

Бирок расмий Вашингтон Түндүк Кореянын ядролук программасына байланышкан маселени ООНдун Коопсуздук Кеңешинде көтөрүү керек деп эсептейт. Өлкөнүн тышкы иштер министри Колин Пауэл дүйшөмбүдө ООНдо сүйлөгөн сөзүндө МАГАТЭден Түндүк Кореянын Ядролук Куралдарды таркатпоо келишимин бузуп жатканын Коопсуздук кеңешине билдирүүсүн талап кылды. Бирок ООН Түндүк Корей маселесин Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине койууга азырынча ниети жок шекилдүү. 21-январда куралдсыздануу маселелери боюнча Женевада башталган эл аралык конференцияда ООНдун баш катчысы Кофи Аннан Түндүк Кореяны келишимден чыгып кетүү чечиминен кайра тартууга үндөдү. Келишимге 1970-жылы Женевада эл аралык куралсыздануу конференциясында кол койулган болчу.

Мындан эки жума мурда МАГАТЭ Түндүк Кореядан келишимдин жоболорун аткаруусун талап кылган. Бирок Пхеньян бул талапка мойун сунган жок. Эки ортодогу кайым айтышта өлкө "эгерде АКШ Түндүк Кореяга санкция жарыяласа, бул кадамды – "согуш ачкандык катары" кабылдай турганын билдирген.

АКШ менен Пхеньяндын ортосундагы таймаштын курмандыгы болуп калуудан чочулап турган Түштүк Корея азыр түндүктөгү кошунасы менен башталып жаткан сүйлөшүүдө аны атомдук программадан баш тартууга көндүргөнгө аракеттенет. Сеулда башталып жаткан төрт күндүк сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Түндүк жана Түштүк Кореянын министрлери 2000-жылы кол койулган орток келишимди ишке ашыруунун жолдорун талкуулашат.

XS
SM
MD
LG