Улуттар Уюмунун Гаагадагы трибуналы Югославиянын курамында калган эки өлкөнүн бири - Сербиянын мурдагы президенти Милан Милутиновичке 90-жылдардын соңунда Косоводо болгон согушка байланыштуу айып таккан. Тактап айтканда, Милутинович серб жетекчиси катары Косоводогу этникалык тазалоого, албандардын ал жерден күч менен депортацияланышына катышы бардыгы үчүн күнөөлөнүүдө. Гаага трибуналы Милутиновичке каршы өз айыптоолорун ал бийликте турган жылдары эле жарыялаган жана аны жоопко тартуу аракеттерин ошондо эле баштаган болчу. Эми Милутинович Гаага трибуналына өз эрки менен барып, багынып берди. Сербиянын президенти катары Милутиновичтин кызмат мөөнөтү өткөн жылдын 29-декабрында аяктаган жана экс-президент кызматы менен бирге мекенинде кол тийбестик статусун да жоготту.
Азыр алтымышка келген Милутинович-кезинде Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич менен ийиндеше иштеген адам. Бирок, учурунда Югославиянын Жогорку Коргонуу Кеңешинин мүчөсү болгон экс-президенттин өзүнүн ырастоосунда, Косоводогу кан төгүүлөргө анын катышы жок. Себеби ошол учурда югослав армиясы менен серб полициясы ага баш ийген эмес. Айтор, кандай болгон күндө да эми Милан Милутиновичке өзүнүн актыгын Гаага трибуналындагы тергөөчүлөр менен соттордун алдында коргоого туура келет. Расмий Белград болсо экс-президенттин трибуналга өз эрки менен барышы- аскерий кылмыштары үчүн шектелген башка адамдамдар үчүн үлгү деп эсептейт. " Гаагага өз эркине ылайык жөнөө менен Милан Милутинович трибуналдын статусу жана аны менен кызматташууну жөнгө салган югослав мыйзамдары алдындагы парзын аткарды. Айыпталып жаткан башка адамдар үчүн үлгү көргөздү" ,- деп айтылат окуяга байланыштуу югослав тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.
Расмий Белграддын эсебинде, Милан Милутинович жок дегенде өзүнүн үстүнөн сот башталганга чейин эркин болушу керек. Серб бийликтери трибуналдан Милутинович өз эрки менен кызматташып жатканын жана саламаттыгынын начардыгын эске алып, аны камакка албоону суранган.
Сербиянын премьер-министри Зоран Жинджич белгилегендей, экс-президентке өкмөт ушундай кепилдик берди:
-Милутинович мырза Гаагага өз эрки менен бара жатат. Ал сот ылайыктуу деп эсептеген учурларда эркин жүрө алаары жөнүндө өкмөттөн кепилдик алды.
Югославиянын премьер-министри Драгиса Песич :
-Республикалык да, федералдык да өкмөт процедураларды караган мыйзамда көргөзгөн, ошондой эле Милутинович мырза аныкталган жана аныкталчу шарттарда эркиндикте калуу менен өзүн коргоосуна мүмкүнкүндүк берүүнү колдойт.
Гаага трибуналы азырынча эки ортодо кандай макулдашуулар болгонун, Сербиянын экс-президенти эркиндикте жүрүп же камакта отуруп сурак берээри боюнча өзүнүн чечимин ачыктай элек. Бул тууралуу Милутиновичтин иши боюнча соттогу алгачкы угуудан жана айыпкердин саламаттыгы текшерилгенден кийин белгилүү болушу мүмкүн.
Ал эми югослав жана серб бийликтери аскерий кылмышкерлерди Улуттар Уюмунун трибуналына өткөрүп берүү маселеси боюнча эл аралык кысымдан кутулду деп айтуу эртелик кылат. Гаага трибуналы мурдагыдай эле издеп жаткан башкы айыпкерлер - Радован Караджич менен Радко Младич. Караджич-90-жылдардын башында босниялык сербдердин лидери, Младич-алардын аскер башчысы болгон. "Франс-Пресс" агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, Радко Младич өтө жашыруун жагдайда, Белградда эле жашайт.