Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:57

ВАШИНГТОН МЕНЕН ЛОНДОН ИРАККА КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮНҮ КҮЧӨТҮҮДӨ


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирактагы курал-жарак инспекторлоруна кошумча убакыт берүү жөнүндөгү өнөктөш өлкөлөрдүн сунушун чечкиндүү түрдө четке какты. Пентагондун өкүлдөрү февралдын ортосунда Перс булуңундагы АКШ аскерлеринин саны 150 миңден ашаарын айтышат. Немец канцлери Герхард Шрөдер болсо, Бириккен Улуттар тийиштүү чечим кабыл алган күндө да, Германия Ирактагы согушка катышпайт деп жарыялады.

Германиянын канцлери Герхард Шрөдер шейшембиде Иракка каршы согушка Улуттар Уюму уруксат берген күндө да, немец аскерлери ага эч убакта катышпайт деп жарыялады. Өнөктөш өлкө жана келээрки айдан тарта БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кыла турган Берлиндин бул билдирүүсүн Вашингтон салкын кабыл алды. Ал эле эмес, Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Орусия, Кытай жана Франциянын Ирактагы инспекторлорго кошумча убакыт берүү керек деген сунуштарын чечкиндүү түрдө четке какты:

- Мунун баары кайра-кайра көргөзүлчү тажатма киного окшоп баратат. Саддам Хусейн убакытты созуп, жалган айтып, инспекторлор менен жашынмак ойноп жатат. Ирак куралсызданбаганы азыр айдан ачык болуп калды.

Бириккен улуттар уюмунун курал-жарак боюнча инспекторлору Ирактын аскерий арсеналы боюнча алгачкы отчетун Коопсуздук Кеңешине 27-январда тапшырышы керек. Ага аз калганда, шаршемби күнү Москвалык башкы дипломат Игорь Иванов АКШ менен Британия эскерткендей, Улуттар Уюмунун тийиштүү чечимин күтпөстөн, Багдадга каршы чабуул башталса, андай аракеттер чөлкөмдөгү кырдаалды гана кыйындатпастан, антитеррордук коалицияны алсыратаарын белгиледи. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Виллепин азырынча Иракка каршы согушту актай алчу себеп жок десе, анын Кытайлык кесиптеши Тан Цзясюань келээрки дүйшөмбүдө жарыялана турган инспекторлордун отчету иштин аягы боло албайт, тескерисинче, башталышы гана болушу мүмкүн деп эсептейт.

Ал учурда Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд ушул дем алыш күндөрү Перс булуңуна аскерий учак ташуучу дагы эки кеме жөнөтүүгө буйрук берди. Ушуну менен Иракка тушташ аймактарга жайгаштырылган деңиз үстүндөгү америкалык аэродромдордун саны бешке жетмекчи. Пентагондун өкүлдөрү келээрки айдын ортосунда Перс булуңундагы Америкалык аскерлердин саны 150 миңден ашаарын айтышат. Кошмо Штаттардын Иракка карата саясатындагы башкы союздашы – Британия да шаршембиде суу алдында сүзүүчү кемесин опурталдуу аймакка бурганын Лондондук "Сан" ("The Sun") басылмасы жазып чыкты.

Вашингтондун чечкиндүү позициясын бекемдей, Ирактагы инспекторлордун отчету угулаарына алты күн калганда, Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж Саддам Хусейн эч убакта өз ыктыяры менен куралсызданбайт деп билдирди:

- Жакында Иракта табылган 16 химиялык дүрмөт жана баллистикалык ракеталар тууралуу документ эл аралык инспекторлор ишин так аткарып жатканын, Саддамдын амалдуу оюндарына карабастан, алар колдон келген аракетин жасап жатканын далилдейт. Бирок, инспекторлор тапкан бош кутучалардагы калган 30 миңдей химиялык дүрмөт кайда жоголду? 98-жылы инспекторлор Багдаддан куулганга чейинки 26 миң литр күйдүргүнүн улпагы кана? Миңдеген тонна уулуу газдар кайда житип-жок болду?

Британиянын премьери Тони Блэр шаршембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө Ирактагы инспекторлор чогулткан маалымат кооптуу экенин, эл аралык коомчулук Багдад проблемасына чекит койбосо, Түндүк Корея өңдүү өлкөлөрдүн гана чырагына май тамаарын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG