Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

КООМЧУЛУКТУН ОЙ-ПИКИРИН КОЛДОО КОМИТЕТИ РЕФЕРЕНДУМГА БАЙЛАНЫШТУУ ЭЛГЕ МААЛЫМАТ ЖЕТКИРҮҮНҮ КӨЗДӨЙТ


Конституциялык реформага байланыштуу коомчулуктун ой-пикирлерин колдоо коомдук комитети күтүлүп жаткан референдумга жана анда коюлуп жаткан маселелелерге карата пикирлерди чогултуп, китепче чыгарып, жакынкы күндөрү элге таратат. Коомдук комиссиянын мындай аракети «Шайлоо системасы боюнча эл аралык фонд» тарабынан колдоого алынууда. Бул тууралуу коомдук комитет 22-февралда өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Конституциялык реформага байланыштуу коомчулуктун ой-пикирлерин колдоо коомдук комитети иштей баштаганына бир айдан ашык убакыт болду. Комитетке ар кыл көз караштагы саясат таануучулар, коомдук ишмерлер тартылган. Алардын катарында Марат Султанов, Николай Байло, Алишер Сабиров, Зайнидин Курманов өңдүү оппозициялык, чордончул жана азыркы бийликке ыктаган көз караштагы парламентарийлер да бар. Комитеттин ишинин негизги максатын маалымат жыйынында Шайлоо системалары боюнча эл аралык фонддун Кыргызстандагы директору Чедомир Флего мындайча түшүндүрдү:

- Өлкө жарандарына «Конституцияга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун айланасында акыйкат маалымат жеткирүү жана алардын күтүлүп жаткан референдумга маалымат менен толук камсыздалып барышына жардамдашуу - бул биздин уюм колдоп жаткан коомдук комитеттин башкы максаты. Бул батыш өлкөлөрүндө кадырэсе көрүнүш.

Ал эми аталган комитеттин жана Конституцияны иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топтун мүчөсү Гүлнара Искакованын пикиринче, коомдук комитет - көз карандысыз, эч кандай идеологияга берилбеген уюм. Анын жалгыз максаты – калкка маалымат берүү. Калк эмнеге добуш берип жатканын билиши керек.

Комитет мүчөлөрүнүн билдиргендерине караганда, социологиялык иликтөө тартиби менен ишке аша турган бул иш-чара эки учурду эске алат. Биринчиден, мониторинг жолу менен шайлоочулардын ар кыл топторунун көз караштарын аныктайт. Экинчиден, бул пикирлер «макул» жана «каршы» ыңгайында топтолуп, эл аралык ыкмалардын негизинде китепче болуп чыгат жана элге таратылат. Коомдук комитеттин башчысы Эднан Карабаевдин айтымында, пикирлер негизинен Конституциядагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн айланасында болуп жатат. Маселен, тынымсыз иштеп жаткан түз байланыш аркылуу келип жаткан пикирлердин арасында парламенттин кош палатасы, президенттин абсолюттук ветосу, партиялык тизме менен шайлоо өңдүү маселелерге кайчы пикирлер арбын. Мына ушундай пикирлерди топтогон китепче «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын, «Интербилим», «Каунтерпарт консорциум» өңдүү бейөкмөт уюмдардын регионалдык бөлүмдөрү, жер-жерлердеги жогорку окуу жайлар аркылуу элге жеткирилет.

Бул жерде белгилеп койчу жагы – Борбордук шайлоо комиссиясы коомдук уюмдун жүргүзүп жаткан ишине бейтарап мамиледе. Шайлоо системалары боюнча эл аралык фонддун Кыргызстандагы директору Чедомир Флегонун пикирине караганда, эл аралык коомчулукта Борбордук шайлоо комиссиясы адатта мындай маалыматтарды элге, өз шайлоочуларына жеткирүү боюнча милдеттенме алат. Бул адатта референдумга элдин маалымат менен камсыз болуп барышы үчүн жасалат. Кыргызстандын мыйзамдарында бул маселе киргизилген эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нина Мухинанын билдиришинче, аталган иликтөө долбоору башталаардан мурда Шайлоо системалары боюнча эл аралык фондго долбоорду ишке ашыруу боюнча БШК өз сунуштарын берген. Нина Мухина мыйзам боюнча эл аралык уюмдан колдоо алган коомдук уюм БШКнын сунуштарынын чегинде иш алып барышы керектигин белгиледи:

- Мыйзам боюнча эл аралык уюмдар референдумга байланыштуу үгүттөө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө акысы жок. Ошондуктан, алар социологиялык сурамжылоо багытында иш алып барышы керек.

Маалымат жыйынына катышкан комитет мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Алишер Сабиров, Николай Байло, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин проректору Эднан Карабаев жана Кыргыз-Америка Университетинин юридика факультетинин деканы Гүлнара Искакова комитет көз карандысыз, саясий кызыкчылыгы жок уюм экенин жана анын максаты калкты маалымат менен камсыздоо экенин белгилешти.

Ошол эле учурда алар өздөрүнүн жеке көз караштарын билдиришти. Маселен, Николай Байлонун пикиринде, күтүлүп жаткан референдум легитимсиз болот жана ага ЕККУ баштаган эл аралык байкоочулардын келбей калышына өкмөт күнөөлүү. Эднан Карабаев болсо референдумдун шашылыш өтүшүнө каршы жана «ага катышкан жарандарга эч кандай эл аралык байкоочулардын кереги жок, добуш берүү - көзөмөлчүгө эмес, жарандардын жеке көз караштарына жараша чечилчү маселе» деп эсептейт.

Ал эми оппозициялык саясатчылардын референдумга бойкот кылуу чакырыктарына байланыштуу берилген суроого жооп берген Чедомир Флегонун пикири боюнча, бул жагдайда жоопко тартуу Кыргызстандын мыйзамдарында каралган эмес, жарандар добуш берүүгө милдеттүү түрдө эмес, каалоолоруна ылайык барышат.

Мына ушундай пикирлерди сап кармаган комитет мүчөлөрүнүн жана эл аралык уюмдун өкүлүнүн билдиришинче, элге маалымат берүү максатында чыга турган сурамжылоо китепчеси референдумга жети күн калганда басылып чыгып, таратыла баштайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG