Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:02

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФЕРЕНДУМГА КАРАТА ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР АЗЫРЫНЧА МАМИЛЕСИН БИЛДИРЕ ЭЛЕК


Ушул жылдын 2-февралына белгиленген конституциялык референдум кыргыз коомчулугунда кызуу талаш-тартыштарды жаратууда. Бирок республикадагы олуттуу саясий окуяга эларалык уюмдардын көбү азырынча мамилесин билдире элек.

2-февралга белгиленген конституциялык референдумга чет өлкөлөрдөн канча байкоочу катышаары, элдин пикирин билүү иши сырттан келген маалымдоо каражаттарында кандай чагылдырылып, кандай баасын алаары азырынча белгисиз. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан алынган соңку маалыматка караганда, референдумду байкоого алчулар тактала элек. Эл аралык уюмдардын конституциялык референдумга салкын мамиле жасашынын жөндүү себеби деп элдик пикирди билчү күндүн чукул белгиленишин, анан да кезектеги өзгөртүү, алымча-кошумчалардын тегерегинде бийлик менен оппозициянын саясий тирешүүсү күчөп кеткенин көрсөтсө жарашат. Ошондон, эл аралык уюмдардын көбү 5 айга жакын иштеген Конституциялык Кеңешме тарабынан макулдашылган тексттин олуттуу өзгөрүүгө учурап, Башмыйзамдын жаңы редакциясы түз эле референдумга чыгарылышын күтүшкөн эмес.

Башмыйзамдын Конституциялык Кеңешме жактырган өзгөртүү, толуктоолору тууралуу Бишкектеги Америкалык Эл аралык мамилелердин улуттук демократиялык институту ушул жылдын башында түшүндүрмөсүн жарыя кылды. Референдумга коюлган жаңы редакция тууралуу пикирин институт бир аз кечигибирээк ачыкка чыгармакчы. Конституциялык Кеңешме макул тапкан Башмыйзамдын өзгөртүүлөрү Эл аралык мамилелердин улуттук демократиялык институтунун (НДИ) ынанымында калк тарабынан сөзсүз жактырылышы керек. Институт тараткан түшүндүрмөдө жалпы элдик референдумду өткөрүүдө Европа Кеңеши Венецияда кабыл алган Жетектөөчү принциптерди сактоо зарылдыгы айтылат. Ага ылайык конституциялык референдумдун жыйынтыгы ырасталгандан кийин 2005-жылдын февралына чейин эле Жогорку Кеңеш депутаттары кайрадан шайланышы керек. Институт Конституцияга киргизилип аткан өзгөрүүлөрдүн баарын бир суроого батырууны, аткаруу бийлигине салык саясатын өткөрүп берүүнү, Жогорку Кеңештин отурумун башташ үчүн депутаттардын үчтөн экисинен көбүнүн катышуусун, кызматтан кеткен президентти мыйзамдан жогору коюуну, президентти кызматтан кетирүү машакатынын татаалдыгын, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин эл тарабынан шайланбай, президент тарабынан дайындалуусун демократиялык принциптерге ылайыктап өзгөртүү сунушун билдирген.

21-январда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинде биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов эл аралык бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен кезигип, конституциялык референдум тууралуу түшүндүрмө берди. Осмоновдун айтымында, президент Акаев Башмыйзамдын жаңы редакциясына республика жарандарынын Конституциялык Сотко кайрылуу укугун калыбына келтирүүгө, мамлекет башчысынын абсолюттук вето койуу укугун алып салуу демилгесин колдой тургандыгын билдирген. Жыйында Башмыйзамдын жаңы редакциясы жаңы Конституция эместиги, ушу тапта иштеп аткан президент ал боюнча кайра дагы эки мөөнөткө шайлана албастыгы, болгону 1993-жылкы Башмыйзам өзгөртүлүп, алымча-кошумчаланып атканы дагы бир ирет ырасталды.

Референдумду өткөрүүгө республикада 2080 добуш берүү жайы уюштурулган, ага шайлоого катышууга укуктуу 2,5 миллиондон ашуун калк катышмакчы. Кыргызстан элдик референдумду Европа Кеңешинин комиссиясы кабыл алган Жетектөөчү принциптердин талабына ылайык өткөрө алабы? Буга чейинки шайлоо, референдумдардын кандай өткөнүнөн жакшы кабардар «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Зубайра Исраилованын айтымында, референдумга байкоочуларды киргизбей, жыйынтыкты саноого катыштырбай коюу коркунучу бар.

Айрым байкоочулардын айтымында, конституциялык референдумга эл аралык уюмдардын мындай суз мамиле жасашы - аталган иш-чаранын чукул мөөнөткө белгиленгенинен, элдин алдына коюлган маселелердин көптүгүнөн жана олуттуулугунан улам чыгышы да мүмкүн. Анткен менен кыргыз бийлиги аталган иш-чарага өзгөчө маани берип, тышкы иштер министрлиги тарабынан республикадагы чет өлкө элчиликтерине, эл аралык уюмдарга чакыруулар жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG