2002-жылдын 17-мартындагы Аксыдагы кандуу окуядан кийин оппозициялык күчтөр элдик курултай өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгып, анын биринчисин өткөн жылы 17-апрелде Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде өткөргөн эле. Экинчи Элдик Курултай болсо 17-18-июлда Аксы районунда өткөрүлгөн. Эки курултайда тең өлкөдөгү саясий кырдаал, Аксы окуясы, Үзөңгү-Кууш маселеси талкууга алынган.
Андан кийин Үчүнчү Элдик Курултайды ноябрь айында өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, ушул айдын он бешинде “Аксы-Бишкек” жүрүшү борбордун четиндеги Ново-Павловка айлынан башталган. Бирок жүрүшкө чыккандардын борборго киришине мүмкүнчүлүк берилбеген сыяктуу эле, курултайды өткөрүүгө да мүмкүнчүлүк берилген эмес.
Ошентип, Үчүнчү Элдик Курултайды өткөрүү үзгүлтүккө учураган. Максаты оңунан чыкпай калган оппозициячыл күчтөр үчүнчү курултайды кандай болбосун 17-мартка чейин, Аксы окуясына бир жыл болгонго чейин өткөрүүнү белгилешкен эле.
Бирок, референдум алдында курултайдын өткөрүлө турган мөөнөтүн оппозиция өзгөртүп, аны 2-февралга чейин өткөрүүнү чечти. Мындай өзгөртүүгө эмне себеп болгонун курултайды уюштуруу тобунун башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров жума күнү айтып берди:
- Жакын арада Үчүнчү Элдик Курултай болот деген да туура эмес. Бул Үчүнчү Элдик Курултайдын биринчи бөлүгү болот. Экинчи этабы болсо 17-мартка чейин өткөрүлөт. Эмне үчүн биз биринчи бөлүгү деп жатабыз? Себеби 2-февралда элдик референдум болот. Биз ошол маселени элдик курултайда карап, талкуулабасак болбой калды. Ошон үчүн чала легалдык түрдө тез аранын ичинде Үчүнчү Элдик Курултайдын биринчи этабын өткөрүүнү чечтик.
Бекназаровдун айтымында, курултайда 2-февралга белгиленген референдум, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, Аксы окуясы талкууланып, бул маселелер боюнча калкка кайрылуу да кабыл алынмакчы.
«Үчүнчү курултайды өткөрүүгө даярдык эмне себептен жашыруун түрдө жүрүп жатат?» деген суроого, курултайды уюштуруучулардын бири, «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындайча жооп берди:
- Анткени көптөн бери курултайга карама-каршы аракеттер күч алгандан, азырынча демилгечи топ аны өткөрүү ордун жана убактысын ачык жарыялабай турат. Курултайда референдум алдында саясий партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар кандай аракеттениш керектиги тууралуу маселелер да талкууланат.
«Үчүнчү Элдик Курултайды өткөрүүгө бийлик тарабынан тоскоолдук жасалбайбы?» деген суроого президенттик администрациянын коопсуздук жана коргоо бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков өз пикирин айтты:
- Курултай өткөрүү - оппозициянын өз иши. Өткөрөм десе өзү билет. Имаратын өзү таап алат. Эми курултай деген эмне экенин өзүңүздөр билесиздер. Курултай дегенди адегенде элге жарыялаш керек. Эл ага өзүнүн өкүлдөрүн шайлап, бардык региондон делегаттар келиш керек. Анан эле 20-30 кишини, өздөрүнүн тууган-туушкандарын, партия мүчөлөрүн чогултуп алып, курултай дей берсе, ушул курултай болобу?
«Үчүнчү Элдик Курултайдын күч менен таратылышы мүмкүнбү, ага региондордордон делегаттар келеби?» деген суроого Азимбек Бекназаров мындай деп жооп кайырды:
- Бул бийликтен баарын күтсө болот. Бирок биз күч колдонууга мүмкүнчүлүк бербей турган жактарын карап жатабыз. Ошон үчүн жашыруун түрдө болуп жатат. Каерде экенин билбейт. Билдирбөөгө аракет кылып жатабыз. Ал эми жер-жерлерден келем дегендер абдан көп болчу. Бирок биз азыркы кырдаалды эске алдык. Ошондуктан жер-жерлерден бирден-экиден гана киши келет.
Бекназаров курултайдын өтөөр күнүн так айта албасын, бирок ал 2-февралга чейин өткөрүлөөрүн билдирди.