Германия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери ушул аптада өз өлкөлөрүнүн Ирактагы согушка каршы позициясын олуттуу аргументтер менен бекемдөөгө аракеттеништи. Дүйшөмбүдө Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн Германиянын башкы дипломаты Йошка Фишер Багдаддагы уруш дүйнөдөгү мусулмандар арасында Батышка каршы маанайды күчөтүп, келечекте цивилизациялар ортосундагы кагылышууларга алып келиши мүмкүн деп эскертти:
- Биз аягы көрүнүп калган жолдон адашсак, террорчул уюмдардын чырагына май таамп, алар ого бетер күчтөнүп, жаңы чабуулдарга бел байлашат. Анткени алардын көздөгөнү – бизди цивилизациялар ортосундагы ири калайманга түртүү эмеспи. Ошондуктан, биз сабырдуулук, акылмандык кылып, бардык маселелерди көпчүлүк добуш менен чечип, антитеррордук коалициянын алкагында кабыл алышыбыз керек.
Ага удаа Фишердин Орусиялык кесиптеши Игорь Иванов Берлиндикине үндөш билдирүү жасап, Ирактагы согуш – саясаты жана маданияты ар башка мамлекеттерди бириктирген антитеррордук коалицияны алсыратаарына басым жасады.
Эки министрдин айткандары кош аргументке: биринчиден, Саддам Хусейнди бийликтен кетирүүгө караганда терроризмге каршы күрөш алда канча маанилүү экенине жана экинчиден, Ирактагы согуш антитеррордук кампанияны күчүнөн кетирээрине негизделген.
Вашингтон болсо, баштагыдай эле Иракка карата саясат – антитеррордук кампаниянын ажырагыс бөлүгү экенин кайталоодо. Азырынча Саддам Хусейн менен Ал-Каида уюмунун байланышы бар экенин бышыктаган бир да далил келтире албаса да, АКШ президенти Жорж Буш бул экөө - эл аралык коомчулук үчүн бирдей балакет экенин белгилеп келет:
- Саддам Хусейн террорчуларды жана массалык кыргын салчу куралдарды жаап-жашырууда, андыктан ага ишенич жок. Коркунучтуусу - андай куралдарды ал өзү пайдаланып, же террорчулардын колуна карматышы мүмкүн. Террорчул уюмдар жана кеңири кыруучу куралга умтулган бийликтер – балакеттин бирдей түрлөрү.
Британиялык Терроризм жана саясий зордукчулдукту изилдөө Борборунун эксперти Магнус Рансторп Ирактагы согушка каршы чыккандардын жана алардын айтканына муюбаган Вашингтондун позициясы – экөө бирдей элдин башын айландырган, такталбаган куру дооматтарга негизделгенине көңүл бурат. “Орусия менен Германиянын өкмөттөрү Ирактагы согушка кетчү каражат антитеррордук кампанияга каралган фонддон алынбаарын билишет. Ирактагы согуштук аракеттерге сарпталчу күч менен каражат башка булактардан алынат. Ал эми Вашингтон Саддам Хусейн менен Ал-Каиданын өз ара байланышы бар экенин кайталай берсе, эл ишенип калат деп ойлосо керек», - деген Лондондук изилдөөчү Рансторп сөзүн мындайча улантат:
- Вашингтон Иракка каршы согуш башташ үчүн массалык кыргын салчу курал менен терроризмди бири-бирине жабыштырууда. Экөөнүн байланышын тапкандан көрө, жок дегенде Ирак өкмөтүнүн кайсы бир мүчөлөрү Ал-Каидачылар менен алакалашканын далилдеп берсе жакшы болоор эле.
Айрым аналитиктер Вашингтон Ооганстанда канчалаган каражат-күч коротуп, башкы террорист – Осама бин Ладенди колго түшүрө албай, эми элдин алдында уят болбош үчүн Саддам Хусейнди ойлоп тапты деп да айтышууда. Кандай болсо да, 2004-жылкы президенттик шайлоодо тирүү-өлүүсү белгисиз бин Ладен президент Буштун саясий бейнесине бир топ көлөкө түшүрөт дешет алар. Британиялык эксперт Рансторп тамырын жайып-өсүп бараткан терроризмдин коркунучу менен Саддам Хусейнди салыштырып болбойт деп эсептейт. Сөзүнө мисал катары ал террорчулар Нью-Йоркто бир эле чакан атомдук бомба жардырса, Ирактагы согушка кетчү чыгымдан эки эсе көп зыян келтирилээрин эскертет.