Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

ИРАК СОГУШУ БОЮНЧА ТАЛАШ-ТАРТЫШТАР


Нарын АЙЫП, Прага Эл аралык инспекторлор Ирак маселеси боюнча Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине 27-январда отчет берет, жана Иракка каршы согуш баштоо маселеси ошондон кийин чечилүүгө тийиш. Бирок текшерүүчүлөр азырынча Иракта кеңири кыруучу куралдын изин таба элек, ошондуктан кээ бир мамлекеттер ага аскерий сокку урууга азыртан эле каршы чыгууда.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши өткөн жылдын 8-ноябрында кабыл алган чечим боюнча, эл аралык инспекторлор Ирактагы текшерүү иштери боюнча отчетту эки ай иштегенден кийин берүүгө тийиш. Иракка алар 27-ноябрда келген, ошондуктан, алардын башчысы Ханс Бликс Коопсуздук Кеңешине 27-январда маалымат берет. Кээ бир европалык өлкөлөрдүн айтымында, Иракка каршы согуш - Бириккен Улуттардын атайын чечими менен гана башталышы мүмкүн.

Коопсуздук Кеңешине 15 мамлекет мүчө болуп кирет, алардын бешөө - Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция - кеңештин туруктуу мүчөлөрү жана вето укугуна ээ. Кеңештин калган он мүчөсү эки жыл сайын алмашылып турат, бир жылда бешөө, кийинки жылы дагы бешөө алмашат. Болгария, Гвинея, Камерун, Мексика жана Сирия кеңешке үстүбүздөгү жылдын аягына чейин мүчө, Алмания, Ангола, Испания, Пакистан жана Чили кеңеште 2004-жылдын аягына чейин иштейт. Коопсуздук Кеңешиндеги төрагалык ай сайын алмашылып турат, азыр анын төрагасы Франция, 1-февралдан тартып, төрагалык Алманияга өтөт. Добуш берүүлөр ачык өткөрүлөт, туруктуу мүчөлөр кайсы бир чечимге каршы кол көтөрсө, ал вето болуп саналат. Бириккен Улуттардын тарыхында вето укугунан эң көп Орусия колдонгон - 120 жолу, АКШ - 76, Улуу Британия - 32, Франция - 18 жана Кытай - беш жолу. 20 январда Франция - Иракка каршы согуш баштоо чечимине, мүмкүн, вето салаары тууралуу жарыялады.

Анткен менен, Америка Кошмо Штаттары согушка жигердүү даярданууда, жана эгер Бириккен Улуттар ал тууралуу атайын чечим кабыл албаса да, Иракка каршы аскерий аракет көрө тургандай. Мурда америкалык өкмөттө эң жумшак деп эсептелинген мамлекеттик катчы Колин Пауэлл дагы акыркы мезгилде өз турумун катуулантты. 23-январда Вошингтон шаарында Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Строу менен жолукканда, Ирак жана Бириккен Улуттар тууралуу ал минтип айтты:

- Менин оюмча, Иракка каршы күч колдонууну биз жалгыз баштагандан коркпош керекпиз. Менин пикиримде, проблема айкын. Окуялар өнүгүшүндө маселе тынчтык жолу менен чечилбесе, жана Бириккен Улуттар ал тууралуу чечим кабыл ала албай калса, бирок мен ишенем, андай болбош керек, анда, менин оюмча, Америка Кошмо Штаттары өз кызыкчылыктарын тийиштүү чара менен коргоого укуктуу.

Бирок АКШнын мындай турумуна азыр Алмания менен Франция каршы чыгууда. Эки өлкө ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин 40 жылдык мааракесин 22-январда Парижде жана 23-январда Берлинде белгилегенде, алар - маселени тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү бар болгончо, согуш аракеттерине өтпөш керек деп билдирди. АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд ага дароо каршы чыгып, Франция менен Алмания бүткүл Европанын атынан сүйлөгөн жок, алар эски Европа дегенден кийин, маселе ого бетер курчуду, жана Алмания менен Франциянын бир топ саясатчылары Рамсфелдди катуу сынга ала баштады.

Ошондуктан, Коопсуздук Кеңешинин 27-январга белгиленген жыйынында бир топ талаш-тартыш боло тургандай. Кеңештин туруктуу мүчөсү Орусиянын пикиринде дагы, Ирак маселеси дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салынууга тийиш. Кытайдын оюнда болсо, инспекторлорго кошумча убакыт берилиш керек. АКШнын катуу турумуна, бирок, Улуу Британия толук колдоо көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG