Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:33

ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВ ЖУМА КҮНҮ БАТКЕН ОБЛАСТЫНДА БОЛДУ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен 24-январда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Баткен областында иш сапары менен болду.

Аба ырайына байланыштуу белгиленген убакыттан бир топ кечигип келген өлкө башчысы түштөн кийин областтык актив менен жолугушуп, кеңири сөз сүйлөдү. Ошондой эле алдыдагы референдумга коюлуп жаткан Конституциянын жаңы долбоорунун артыкчылыктарына кенен-кесир токтолуп, сөзүнүн акырында Эксперттик топ иштеп чыккан бул долбоор айрым оппозиционерлерге жакпай калганын жана алар элди тескери үгүттөп жатканын айтып, элди ага ишенбөөгө үндөдү:

- Азыр Бишкекте оппозициячы бир топ депутаттар «Акаев отставкага кетсин» деген штаб түзүп, иштеп жатышат. Референдум жарыяланганда, алар референдумга каршы штаб уюштуруп, «референдумдун кереги жок» деп чыгышты. Сиздерди ага ишенбөөгө чакырам.

Өлкө башчысынан кийин сөзгө чыккан Баткен районундагы «Атаяр» фермердик чарбасынын башчысы Пирмамат Төлөмүшов Баткен эли референдумга коюлган маселелерди колдоп, кубаттай турганын билдирди:

- Сиздерге президенттин кыргыз эли үчүн жасаган баатырлыгына токтоп кетейин. Биринчи баатырлыгы - агрардык реформаны коркпой баштады. Экинчи баатырлыгы - Баткен областын түздү. Жаңы киргизилген мыйзамдарды, референдумду эл толук колдоп берет деп ишенем.

Жыйын соңунда областтын губернатору Мамат Айбалаев да чогулгандарды референдумда коюлган маселелерди колдоого чакырды:

- Президенттин келишине, экономиканын көтөрүлүшүнө, тынчтыкка жана улуттук бакубат жол ачууга чакыруусун Баткен областынын эли толук колдойт деп ишенем.

Өлкө башчысы кечигип келгендигине байланыштуу, бүгүнкү иш сапарына белгиленгендей Баткен районундагы Карабак айыл өкмөтүнүн жазгы талаа иштерине даярдыгы жана Алай-Баткен электр линиясы үчүн курулуп жаткан подстанциялардын курулушу менен тааныша алган жок. Өлкө башчысы ушул эле күнү Бишкекке кайра кайтып кетти.

Президенттин Баткен областына жасаган иш-сапары тууралуу Баткен шаарынын тургуну Абдрасул Токоев мындайча пикирин айтты:

- Бүгүн президентибиз кечигип келип кетти. Кечээ жакында эле келип кеткен эле. Эл ыраазыбы, ыраазы эмеспи, макулбу, макул эмеспи, эл түшүнбөгөн референдумду өткөрө берсе боло берет экен. Бүгүн келди Баткенге. Көчөгө чыксак бардык жол таптаза. Демек, жолду оңдоп койсо болот экен. Буга аз акча кеткен жок. Кайра-кайра келбестен, ошого кеткен акчага биздин областты оңдоп койсо болот эле. Референдумду өткөргөнү туура эмес.

XS
SM
MD
LG