Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Түштүк Кореянын бийликтери Пхеньян менен кошумча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат.


Буга байланыштуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктен – МАГАТЭден Түндүк Кореянын атомдук программасы жөнүндөгү маселени 3-февралдагы жыйында талкуулабай кое турууну өтүндү.МАГАТЭнин жыйыны Бириккен Улуттар Уюмуна Пхеньянга каршы санкцияларды жарыяланганга жүйөө бериши ыктымал. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Түндүк Кореяга байланышкан жагдайды жөнгө салуу аракетинде айрым оң жылыштар байкалганын белгиледи,бирок кризис баштагыдай эле оор бойдон турат деп билдирди.Америкалык администрация Пхеньяндын проблемасы ООНдун коопсуздук кеңешинде каралууга тийиш деп эсептейт. Ушул эле күнү Түштүк Кореянын президенти Ким Дэ Чжун менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп,Пхеньяндын маселесин талкуулашты.

XS
SM
MD
LG