Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

МАГАТЭ БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНА ИРАК БОЮНЧА ОТЧЕТУН БЕРЕТ


27-январь, дүшөмбү күнү Бириккен Улуттар уюмунун ядролук агенттиги МАГАТЭ Коопсуздук Кеңешинин алдында Ирактагы эки айдан берки курал инспекциянын жыйынтыгын баяндайт. Бул отчет Кошмо Штаттардын Иракка кол салуу пландарына огожо болобу жокпу? Бүгүн бүткүл дүйнө ушул суроонун жообун санааркап күтүп жатканда,  МАГАТЭнин жетекчиси Мохамед Эл-Барадейи отчетто жаңы деле маалымат болбой тургандыгын айтты.

МАГАТЭнин баш директору БУУнун штаб-квартирасы жайгашкан Нью-Йоркко аттанып жатып, Вена калаасында кабарчыларга жолукту. "Коопсуздук Кеңешинде БУУнун башкы курал инспектору Ханс Бликс менен чогуу билдирүү жасайбыз. Биздин отчет эл аралык коомчулукка объективдүү маалымат бере алат дем ишенем",- деди Эл-Барадейи. "Отчетто күтүлбөгөн кабар болобу?" деген суроого ал "жок" деп терс жооп кайтарды.

Эл-Барадейи маалымат катчысы Марк Гвоздецкий жума күнү "МАГАТЭнин жетекчиси Ирактын инспекторлор менен кызматташтыгына "канааттандыраарлык" деген баа берет", - деген эле. Ошол эле убакта катчы ирактык окумуштуулардын инспекторлор менен көзмө-көз баарлашуудан баш тартканына өкүнүчүн билдирген.

Бликс менен Эл-Барадейинин отчету БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1441-резолюциясын Ирак кандай аткарып жаткандыгына баа берет. Аталган резолюция инспекторлорго Ирактын каалаган жеринен ядролук, химиялык жана биологиялык куралын издөөгө укук ыйгарган.

Бул отчет Вашингтондун Саддам Хусейндин бийлигине каршы согуш операциясын өткөрүү нийетин бекемдеп же тескерисине мындай операцияны кечеңдетүүгө огожо болот деп күтүлүүдө.

Ушул ишембиде Мамлекеттик Катчы Колин Пауэл Швейцарияда өтүп жаткан экономикалык форумда эл аралык коомчулукту Иракты куралсыздандыруудан баш тартпоого үндөдү:

- Ишибиз кыйындай түшсө эле, тарткынчыктап калганыбыз болбойт. Азыр баары Ирактын колунда, Ирак эл аралык талапка баш ийиши керек.

Пауэл кайрадан БУУга тапшырган отчетунда Ирак биологиялык жана химиялык куралдары тууралуу толук маалымат берген жок деп ырастады. Мамкатчы ошондой эле "Вашингтон БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясы жок, согуш баштаса, кеминде 12 өлкөнүн колдоосун ала алат",- деди.

Арийне, Иракка каршы согуш пландарына нааразылык дүйнө жүзүндө күн санап күч алууда. Орусия, Франция, Германия АКШнын сабырсыздыгына каршылык көрсөтүп, курал инспекторлоруна Иракта ишин аягына чыгууга мүмкүндүк берүүнү талап кылышууда. 25-январда Давосто Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер мындай деди:

- Ирак куралсызданышы керек, ошондуктан бул өлкөдө курал инспекторлору жүрүп атат. Биз БУУнун курал инспекциясынын башчысы Ханс Бликстин отчетун күтүп жатабыз.

Өткөн аптада АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфельд "байыркы европалыктар" деп сын таккандан кийин, европалык эң ири эки улут – немистер жана француздар менен Вашингтондун алакасы кескин начарлап кетти. АКШнын НАТО боюнча жакын өнөгү Түркия да Ирак операциясын колдоор-колдобоосун ачык айтпай, маалкатып туруп жатат.

Давосто ишемби күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы сөз сүйлөп жатканда, эки миңдей киши нааразылык акциясына чыкты. Ушул эле күнү Германияда 500дөй демонстрант Гайленкирхендеги НАТОнун аскери базасынын дарбазасын тосуп, "Мунай үчүн кан төгүлбөсүн!", "Согуш - бул кыргын!" деген ураандарды көтөрүп турушту.

Ал эми Малайзияда жекшемби күнү өткөн согушка каршы демонстрацияда премьер-министр Махаткир Мохамад "АКШ Иракты анын мунайына көз артып эле басып алганы жатат" деди. Түштүк-чыгыш азиялык мусулман өлкөсүнүн өкмөт башчысы ошону менен көпчүлүктүн көңүлүндөгүсүн бетке айтып салды.

XS
SM
MD
LG