Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

ТАЖИКСТАН МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ БАЙЛАНЫШТАРЫ


Мирзохалим Каримов, Бишкек шаары Тажикстандын ар кайсы райондорунда азыр 65 миңге жакын кыргыздар жашап жатышат. Алардын жашоо шарттары кийинки кезде бир аз оңолгону менен билим алуу жаатындагы муктаждыктары көптөн бери сөз болуп келатат. Иш жүзүндө бул маселеге Кыргызстан тараптан кандай чара көрүлүп жатканын билүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигиндеги жогорку билим башкармасынын башкы адиси Чубукова Тамара Павловнага бир нече суроо менен кайрылдык.

- Тамара Павловна, өзүңүзгө белгилүү, Советтер Союзу бар кезде Кыргызстандан тышкары чет өлкөлөрдө, мисалы Тажикстанда жашаган кыргыздардын билим берүү жагына Кыргызстан тараптан жардамдар берилип турган эле. Союз тарагандан кийинки абал бир топ начарлап кетти. Сиз ушул маселе боюнча эмнелерди айтып берет элеңиз?

- Тилекке каршы, кээ бирөөлөр мурдагы Советтер Союзу тарагандан кийин суверендүү мамлекеттер менен биздин билим берүү жаатындагы байланыштарыбыз солгундап кетти деген пикирде жүрүшөт. Бирок, мурдагы Советтер Союзунун курамындагы көз карандысыз жаңы мамлекеттер түзүлгөн учурдан баштап билим берүү жаатындагы байланыштарыбыз акырындык менен болсо да бара-бара чыңдалганын айтып коюуга милдеттүүмүн. Азыр билим берүү боюнча бирдиктүү мейкиндик түзүлгөн жана өзүнчө аракеттенген система бар. Кыргызстан, ошондой эле биздин боордош Тажикстан дагы анын тизмесинде турат.

Тажикстандын эл аралык маанидеги иш-чараларга, атап айтканда билим берүү жаатындагы иштерге активдүү катышып келатканын атайын белгилеп айткым келет. Маселен, 1998-жылдан башталган Бажы Биримдигинин учурунда «Билим берүү боюнча документтерди таануу», «Жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы тең укуктуулук жөнүндөгү» келишимдер болгон. Азыр Бажы Биримдиги ЕврАзЭС деп аталып калды. 2000-жылы Тажикстан аталган келишимдерге кошулду. Ошентип, Тажикстандын жарандары, анын ичинде биринчи кезекте белгилеп айта турган кыргыз улутундагылар азыр Кыргызстандын жарандары сыяктуу эле жогорку окуу жайларына кирип окуу жагынан тең укукка ээ. Азыр биздин мамлекеттин эрежелери боюнча алар бюджеттик да, контракттык да негизде кабыл алынышат. Кыскасы, Тажикстандын кыргыз улутундагы жарандары үчүн Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын эшиги ачык.

Дагы бир нерсени баса белгилеп айткым келет, мурдагы байланыштар жөнүндө. Мурдагы байланыштарыбыз азыр деле үзүлбөй, илгерки кандай болсо, ошо таризде сакталып келатат. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда кооперация системасы боюнча кабыл алуунун ушу күнгө дейре сакталышы буга бир мисал боло алат. 1992-жылдан бери мына ошол системанын негизинде 25 орунду жыл сайын алмашып келатабыз. Тактап айтканда, кадр даярдоо максатында Тажикстан бизге, биз аларга жогорку окуу жайларынан 25 орун беребиз. Бул орундар баарынан мурда педагог кадрларды даярдоо үчүн гана бөлүнөт.

Тажикстандын кыргыз улутундагы жарандары өздөрүнүн маданиятын, тилин сактап калышы керек. Алардын улан-кыздары өз эне тилдеринде окуп, таалим-тарбия алышы зарыл экенин биз жакшы түшүнөбүз. Ан үчүн астейдил кам көрүшүбүз абзел. Мына ушулардын баарын эске алып, биз негизинен педогогикалык багытта билим бериле турган орундарды бергенбиз. Жыл сайын кабыл алынуучу 25 орунга кыргыз тили жана адабияты, математика, география, тарых сабактары боюнча билим бере турган болочок мугалимдерди кабыл алабыз. Он жылдан бери өкүм сүрүп жаткан бул системаны Тажикстан натыйжалуу пайдаланып келатат. Бир жолу да бул орундар бош калып же пайдаланылбай калган учур болгон жок. Жыл сайын Тажикстандан келген кыргыз улутундагы 25 студент жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде кабыл алынууда. Биз аларга материалдык эле эмес, кала берсе окуу куралдарын пайдалануу, кошумча адабияттар менен камсыз кылуу жагынан да колдон келишинче жардам берип турабыз.

- Өзүңүз жакшы билесиз, кадрларды даярдоо - бир маселе. Кадрлар жыл сайын кайра даярдалып туруш керек, мисалы, квалификациясын жогорулатуу жагынан мурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда келишимдер болгон. Кыргыз улутундагы мугалимдерди чакырып, кайра даярдап, квалификациясын жогорулатып турчу. Азыр ушул маселе кандай?

- Мен бул суроого толук жооп бере алам, бирок ал чындыгында татаал маселе. Педогогикалык ишмердүүлүктө билимин жогорулатуу иши илгери сөзсүз түрдө боло турган маанилүү элемент болчу. Беш жылда бир жолу ар бир педогог өзүнүн билимин жогорулатып турууга милдеттүү эле. Билимин жогорулатуу иши түрдүү тартипте жүргүзүлчү. Маселен, эң эле аз дегенде эки жумалык, бир же эки айлык семинарлар, курстар боло турган. Ал эми тарых жана башка айрым предметтер боюнча беш айлык семинарлар менен курстар өткөрүлүп, мугалимдердин билими жогорулатылчу.

Тилекке каршы, экономикалык кыйынчылыктар бул жагдайга да өзүнүн тескери таасирин тийгизди. Ушуга байланыштуу жогорку окуу жайлары адис мугалимдерди жогоруда айтылган семинарлар менен курстарга жана мектептерге жөнөтүүгө, аларга акы төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү жок болуп калды. Билимин жогорулатуу иши азыр ыктыярдуу таризге айланды. Ушуга байланыштуу акыркы 3-4 жылдан бери жумуруяттын Билим, илим жана маданият министрлиги мугалимдердин билимин жогорулатуу ишин жандандырыш үчүн тынымсыз иш жүргүзүп келатат. Буга жогорку окуу жайлар да, Азиялык Өнүктүрүү Банкы да жардам беришүүдө. Ошентип, азыр Улуттук университетте, Славян университетинде, Педогогикалык университетте, Оштогу педогогикалык университетте мугалимдердин билимин жогорулатуу боюнча атайын курстар уюштурулган. Бирок, аларга акы төлөнүшү керек. Мындай шарт азыркы кыйын учурда тажикстандык мугалимдер үчүн жеңил эмес, албетте. Ошондой болсо да, тажикстандык мугалимдердин билимин жогорулатуу маселеси жакын арада чечилиши керек. Бул олуттуу маселе. Азыр аны жүзөгө ашыруунун жолдору изилденип жатат. Мүмкүн спонсорлор жардам беришээр. Бул иштин жөнгө салынышына мүмкүнчүлүк табылат деген ойдомун.

- Аңгемеңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG