Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЗГА ЖУУК ЭЛ АРАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАСМА ҮЙҮ АЧЫЛАТ


Жаз айларында Бишкекте «Маалымат каражаттарын колдоо борбору» деп аталган көз карандысыз басма үйү ишин баштай турганы болжолдонууда. Америка Кошмо Штаттарынын «Фриидом Хаус» фондунун долбоорунун негизинде түзүлүп жаткан бул басма үйү 2002–жылдын 30-декабрында Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. «Азаттыктын» суроолоруна фонддун «Глобалдуу тренинг жана адам укугун колдоо» долбоорунун директору Майк Стоун жооп берет.

- Урматтуу Стоун мырза , көз карандысыз басма үйүн ачууга даярдык азыр кайсы чекке жетип калды?

- Басма үйүнө зарыл жабдуулар толук сатылып алынды. Алар Кыргызстанга жаз айларында жеткирилет. Жабдуулар ар кыл түстөгү жана каалаган форматтагы газета-журналдарды чыгарууга жөндөмдүү. Басма үйү мына ушундай жогорку сапаттагы басып чыгаруучу жабдуулар менен камсыздалат. Бул жагдайды эске алганда, кардарлардын кызыкчылыктары толук канааттандырылат деген үмүттөбүз. Ал эми басма продукцияларына заказдарды Кыргызстан эле эмес, Борбор Азия мамлекеттеринен да кабыл алууну болжолдоп жатабыз.

- Эл аралык көз карандысыз басма үйүн Кыргызстанда ачууга эмне түрткү берди?

- Кыргызстандын жарандык коом түзүү дымагы жалпыга маалым. Жарандык коом түзүү сөз эркиндиги жана басма сөз эркиндиги менен тыгыз байланышта эмеспи. Аталган долбоор Кыргызстанда көптөгөн адамдардын жогорку технологиядагы басма өндүрүшүнөн пайдаланышына, гезит нускаларынын көбөйүшүнө, жаңы гезиттердин ачылышына кеңири шарт түзөт. Кардарлардын басма продукцияларын чыгаруудагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңитет. Мындай шарт Борбордук Азиядан, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн кардарларды өзүнө тартат. Анын натыйжасында Кыргызстандын тышкы жана ички экономикасы колдоо табат.

- Басма үйүнө байланыштуу сиздер сунуштаган бул долбоор кыргыз өкмөтүн канчалык деңгээлде канааттандырды?

- Долбоорго президент Акаев өзү колдоо көрсөттү. Директорлор кеңешинин курамына президенттик администрациядан жана өкмөт курамынан бирден өкүлдөр киришти. Мына ушул жагдайдан караганда, кыргыз өкмөтү менен кызматташтык мындан ары да өз ара түшүнүшүү менен ишке ашат деген ойдобуз.

- Директорлор кеңешин ким башкарат?

- Кыргызстандан юридикалык тарап катары коммерциялык эмес коомдук фонд иштейт. Байкоочу кеңеш – ошол фонддун жогорку жетекчи органы, директорлор кеңеши деп да атап койсок болот. Курамына 15 киши кирген бул кеңеш түздөн-түз фондду башкаруу иштерин жүргүзөт.

- Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кандай критерийлердин негизинде тандалып алынган?

- Кеңештин алгачкы курамы фонддун уюштуруучулары тарабынан тандалып алынган. Учурда Кеңештин курамы негизинен түзүлдү. Кеңешке мүчөлөрдү топтоо мындан ары да улантылат. Алар мурдагы мүчөлөрдүн баамына жараша тандалат. Ишкердикти, журналистиканы мыкты билгендер келет деген ой бар. Натыйжада фонд акырындык менен кубаттуу, таасирдүү уюмга айланышы керек.

- Урматтуу Майк мырза, эл аралык басма үйүн ачуу тууралуу демилге талкуулана баштаган алгачкы мезгилде бул долбоорго Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун да катыша тургандыгы жөнүндө сөз болду эле. Бирок, АКШ элчиси Жон О Киф Бишкекте ушул аптада ЕККУ долбоорго катышпай тургандыгын билдирди. Бул эмне менен байланыштуу, сиздин оюңузча?

- Бул техникалык себепке гана байланыштуу. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун ички тартиби анын мүчөлөрүнүн директорлор кеңешине мүчө болушуна жол бербейт экен.

- Маегиңиз үчүн ырахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG