Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

ЖУСУПБЕК ШАРИПОВ: «ӨЗ КЕЛЕЧЕГИБИЗДИ ЧЕЧИП ЖАТАБЫЗ»


Ырысбай Абдраимов, Жалал-Абад Жалалабад областынын губернатору Жусупбек Шарипов менен маек.

- Урматтуу Жусупбек Шарипович, өзүңүз баш болуп, алыскы райондордогу ахывал менен таанышып калдыңыз. Референдум алдында областтагы абалга кандай баа бересиз?

- Областта абал жакшы десек болот. Азыр негизинен референдум негизги маселе болуп аткандан кийин, эл ошонун проблемалары менен жүрүп атат. Азыр кеңири түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө ар бир үй-бүлөдө Конституция бар. Мындай эч качан болгон эмес, бекер жеткирилди. Кээ бир жерлерде жетпей калган болсо, жеткирилип берилет.

- Аксы районундагы балдары өлгөн ата-энелер жана ошол окуя учурунда ички иштер органдары тарабынан токмоктолгон балдар, «референдум күнү биз акимияттын алдында нааразылык билдиребиз, себеби биздин талаптар толук аткарылбай калды» деген пикирлерин айтып атышат. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

- Ар нерсени ойлоп таап койсо болот. Булар саясатчы болуп кетти. Муну саясатка айландырып, тынчтандырбай, кайра-кайра жандандырып өрткө айландырайын деген күчтөр бар. Балдары өлгөн үй-бүлөлөрдүн баарысы ошентип ойлойт деп айта албайбыз. Мен жолугуп, сүйлөшүп чыктым. Жарадар болгондордун ичинде акыл-эстүүсү бар. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттин кийинки келечегине тынчтык, биримдик, стабилдүүлүк керек экен, көпчүлүк туура ойлогон адамдар бүгүнкү күндө түшүнөт. Ал жерге барып пикет кылам десе, эгерде мыйзам чегинде болсо, ар кимдин өз эрки.

- Конституциянын жаңы редакциясындагы бир палаталуу парламент, депутаттардын кол тийбестиги, экс-президентти үй-бүлөсү менен бирге мамлекеттик каржылоого алуу, өкмөткө салык маселесин чечүү жагын берилишине сиз кандай пикирдесиз?

- Кээ бир партиялар үй-бүлөлүк партия болуп калды. Ал жерде партия өнүкпөй атат. Партияны «приватизация» кылып алган 5-10 киши бар, ошолордун аты менен барып, орун алып, шайланып жүргөндөр бар. Ошон үчүн партиялар өнбөй, өспөй жатат. Бүгүнкү күндө оппозициянын «партиялардын өнүгүшүнө жол тосулуп атат» дегени туура эмес. Депутаттар тартипке чакырган маселесине каршы болуп атат. Бул өздөрүнүн кароосуна берилип аткан нерсе. Депутаттардын тартиби жөнүндө айтсак, айлап-жылдап тополоң кылып сессияга катышпай жүрүштү. Эмне үчүн тартипке чакырсак, биз тартипте болбойбуз деп каршы болуш керек? Мен ушуга таң калам. Кол тийбестикти депутаттарга берүүгө гражданин катары мен каршымын. Салык боюнча да айтылып жатат. Экономиканы түшүнгөн, Кыргызстандын келечегин ойлогон, бүгүнкү рыноктук системаны түшүнгөн кишиге бул туура нерсе.

- Оппозиция буга кошуп атканы тариф, бааны дагы өкмөт өзү билет экен да.

- Андай ал жерде жок. Салык жөнүндө гана айтылган. Ошон үчүн эл өзү иликтеп, туура түшүнүп, 2-февраль күнү барып добуш беришин суранам. Өз келечегибизди чечип атабыз.

XS
SM
MD
LG