Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

КӨБӨК, КЕРБЕН ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ


Жекшемби күнү Кыргызстанда референдум өткөрүлөт. Президент Аскар Акаев бул окуяны өлкөдөгү эң ири саясий кампания деп баалады. Ал эми оппозициялык күчтөр, ошондой эле эл аралык бир катар уюмдар, Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти референдумга коюлуп жаткан конституциялык өзгөртүүлөр президенттин бийлигин күчөтөт, граждандык коомду алсыратат деп эсептешет.

Жекшембидеги референдумга, “Азаттыктын” эксперти Чарльз Карлсондун пикири боюнча, конституциялык олуттуу алымча-кошумчалар сунуш кылынып жатат. Атап айтканда, өлкөдө бир палаталуу парламент түзүлөт, партиялык тизме менен депутат шайлоо тарыйкасы жоюлат, президент жана анын үйбүлөсү кийин-соңу сот жоопкерчилигине тартылбас болот. Мындан тышкары мамлекеттик, коомдук-саясий түзүлүштүн башка да бир катар түйүндүү механизмдери алмаштырылат. Жалпысынан азыркы Конституциянын тең жарымына жакыны өзгөртүлөт. Андыктан булардын баары коомчулукта кеңири талаш-тартыштарды пайда кылды. Оппозициядагы партиялар конституциялык жаңы түзөтүүлөрдү негизинен президенттин бийлигин күчөтүү, ага дагы бир мөөнөткө мамлекет башында калганга жол ачуу аракети катары баалады. Айрым саясатчылар атүгүл бул ишти конституциялык төңкөрүш деп атап жатышат.

Кыргызстандагы референдум эл аралык абройлуу уюмдардын да колдоосун тапкан жок. АКШнын улуттук демократия институту, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму конституциялык реформаларды кыска мөөнөттө өткөргөнгө болбойт деп эскертти. Ошол себептен ОБСЕ референдумга байкоочуларын жөнөткөндөн баш тартты. Буга байланыштуу аталган уюмдун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун аткаруучу директору Стивен Вагенсел жалпы элдик добуш берүүнүн жүрүшүнө толук кемелде байкоо жүргүзүү үчүн кыргыз бийликтерин ОБСЕ референдумду 2-февралдан башка мөөнөткө которууну суранганын эске салды. Эки аптанын ичинде арыдан бери байкоочулар командасын түзө салуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары кыргыз бийликтери Еврокеңештин Венеция комиссиясынан ноябрда конституциялык жаңы редакциянын долбоорун эксперттик жактан таптиштеп берүүнү өтүнгөн. Комиссиянын сунуш-пикирлери декабрда Бишкекке жөнөтүлгөн, бирок алардын баары акыркы редакцияда эске алынган эмес.

Акырында Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти атайын билдирүү жасап, кыргыз конституциясынын жаңы редакциясындагы бир катар жоболор эларалык стандарттарга төп келбей тургандыгын белгилеп көрсөттү. Вашингтондо ошондой эле аталган түзөтүүлөр кыргыз президентине бийликтин баарын өз колуна топтогонго, жалпы эсепте граждандык коомду алсыратканга алып келет деп эсептейт.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ОБСЕ менен АКШнын мамлекеттик департаментинин мындай позицияларын четке какты. Министр Аскар Айтматов, тескерисинче, конституциялык түзөтүүлөр президенттик бийликти абсолютташтырбайт, алардын баары эл аралык стандарттарга толук ылайык келет деп ырастады. Министрдин пикирин мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да колдоду. Референдум, ырасмий бийлик өкүлдөрүнүн ишениминде, эгемендүү өлкөнүн ички иши.

Президент Акаев да оппозициянын пикирлерине караманча кошула албайт. Оппозиция былтыр жыл бою Акаевдин отставкасын талап кылып, калк арасынан кол топтоо менен алек болду. Эми бул маселе элге коюлганда оппозиция көз карашын өзгөртүп, референдумга каршы чыгууда, деп айтты Акаев Бишкектеги жолугушуулардын биринде. Акаев алдыдагы референдумду өлкөнүн тарыхындагы эң ири саясий кампания катары баалады. Жалпы элдик добушка коюлган маселеге, айрыкча президентке ишеним көрсөтүү жөнүндөгү соболго калк оң жооп берет деп Акаев азыртан эле бекем ишенет. Ал эми референдумга байланыштуу айтылып жаткан өгөй-татай кептерге токтолуп, ал россиялык “Независимая газетага” берген интервьюсунда “көбөк асыла берет, кербен агыла берет” деген күн чыгыш макалын эске салды.

Деген менен эл аралык уюмдардын да кыргыз бийликтерине айта турган сөздөрү табылат сыяктанат. Бери эле дегенде, ОБСЕнин өкүлү Вагенсел ырастаган маалыматтар боюнча, аталган уюм Кыргызстандагы референдум жөнүндө жакынкы апталарда өзүнүн жаңы отчетун даярдап, жарыялаганы жатат. Бейтарап байкоочулардын баамында, бу жолку референдум да кыргыз бийликтерине эл аралык аброй алып келе албай турганы айныксыз өңдөнөт.

XS
SM
MD
LG